ЫСЫКТАН САКТАНУУНУН ЖОЛДОРУ

Абанын температурасы адамдын денесинин температурасынан жогору болгон учурда организмдеги терморегуляция процесси өзгөрөт. Бул жүрөк-кан тамыр системинин иштешине күч келтирет. Андыктан ден соолукту сактоо үчүн ысыктан алдын алуу чараларын көрүү керек.

ЫСЫКТА ЭМНЕЛЕРДЕН БАШ ТАРТЫП, КАНДАЙ НЕРСЕЛЕРДИ АТКАРУУ КЕРЕК?
Ачык түстөгү табигый кездемелерден тигилген, денеге чапташпаган кийимдерди кийгениңиз оң. Булардын ичинен зыгыр (лён) жана пахтадан токулган кездемелер сунушталат.




Күнгө чыкканда баш кийимсиз жүрбөңүз.




Кур менен галстукту тагынбай эле койгонуңуз туура.



Күн кайнап турган маалда, өзгөчө эртең мененки саат 11ден кечки 5ке чейинки убакыт аралыгында күнгө көпкө чыкпаңыз.




Күн катуу ысыган маалда коомдук транспортко түшүү да сунушталбайт.




Кондиционердеги температураны 23-25 градуста иштетүү зарыл.




Оор жумуштарды азайтуу кажет.




Алкоголдук ичимдиктерди ичпеңиз.




Тамекиден баш тартыңыз.




Эрте жатып, эрте туруңуз.




Суусунду кандыруу...

Күн сайын жок дегенде 2-3 литр суюктук ичүү зарыл.




Көк чай, квас, максым, чалап, компот жана суу ичиңиз.




Өтө муздак жана газдалган таттуу суусундуктардан баш тартыңыз. Булар, тескерисинче, адамды чаңкатат.




Туура тамактануу эрежеси
Өтө тоюп албай, аз-аздан, бирок бат-бат тамактанып туруңуз. Эртең менен, түштө жана кечинде негизги тамактарды жеп, булардын ортосунда жеңил тамактардан шам-шум эткениңиз туура болот.
Бир күндүк рациондун өлчөмү төмөнкүдөй болушу зарыл.


Көмүртек: жер-жемиш, мөмө-жемиш – 74%
Май: буурчак өсүмдүктөрү, эт – 11%
Белок: канаттуунун эти, балык, сүт азыктары, уй эти – 15%


Жуунуу
Күн өтө ысыкта күнүгө 2 ирет мелүүн сууга чайканып туруу сунушталат. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, колуңузду суулап денеңизди сүртүп турсаңыз болот. Бирок өтө муздак сууга чайканууга болбойт.



Сунушталат
Муздак шорпо,балык, кара кесек эт, жер-жемиш жана мөмө-жемиштер.




Сунушталбайт
Куурулган, ышталган, туздалган, таттуу, майлуу жана тез сиңбей турган тамак-аштар;
Тез бузулуучу кошулмалары бар азыктар (мисалы, креми бар пирожное);
Балмуздакты көп жебеш керек;
Козу карын (жегенге мүмкүн болгон түрү да күн ысыкта уулуу заттарды өзүнө чогулта баштайт).

Түз тийген күн нуруна чыгууга кимдерге болбойт?

  • Инфаркт же инсультту башынан өткөргөндөргө;
  • Гипертония, стенокардиядан жабыркагандарга;
  • Онкологиялык ооруларга чалдыккандарга;
  • Денесин май баскандар жана калкан бези ооругандарга.

Күндүн ысыгы өтүп кеткен адамга биринчи жардам көрсөтүү
Жабыркаган адамды көлөкөгө же салкын жайга алып келиңиз.




Чалкасынан жаткырып, башын бир аз өйдө көтөрүңүз.




Кийимин чечип, курун бошотуңуз.




Денесин муздак суу менен жууңуз.




Башына муздак компресс басыңыз.




Муздак суу ичириңиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ayperi94
2014-07-14 11:08:53
Аябай пайдалуу кене штер экен сиздерге раазычылык Супер- Инфо жамааты. Сиздерден дагы коптогон пайдалуу кенештерди кутобуз..
-2
kanat4ik
2014-07-15 00:01:00
Рахмат!
-1
tasnim
2014-07-15 18:06:51
кара кесек деген кандай?супер инфо
-1
Мэри
2014-07-16 14:56:53
Кара кесек - майы жок эт...
-1
Argen.Sabyrov
2014-07-17 21:15:27
Rahmat!
0
step-ap
2014-07-18 19:54:46
Мунун баары боло турган нерсе да.. и так деле ушундай кылышса керек баары еле
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан