Чыгармачыл үйбүлө
Филипп Киркоров артисттердин үйбүлөсүндө, тагыраак айтсак, болгар ырчысы Бедроса Киркоров менен орус кызы Викториянын чоң сүйүүсүнөн жаралган. Филипптин чыгармачылык жолу 18 жашынан башталган. Антсе да сахнага чыгып ырдап, артист болууну ырчы 5 жашынан кыялданып келген. Анткени, Филипп ата-энеси менен көп жерлерге гастролдорго барып, артисттик турмушка аралашып чоңойгон. Ырчынын артисттик шыгы мектепте окуп жүргөн кезде эле байкалган. Филипп мектепти алтын медаль менен бүткөн соң, театралдык институтка тапшырат. Бирок, тилекке каршы, «сенден дагы таланттуу артисттер иши жок жүрүшөт» деп институтка аны кабыл албай коюшат. Кийинки жылы мамлекеттик музыкалык окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктайт. Биринчи жолу Филипп ырчы катары «Шире круг» аттуу телепрограммага чакырылып, ырдайт. Алгачкы эмгек жолун 1987-жылы Ленинграддык мюзик-холлдон баштайт. Көп узабай чет өлкөлүк турнеге, Германиянын Берлин шаарына аттанат. Мюзик-холлдун солисти болуп жүрүп Филипп профессионалдуу сахна менен таанышып, чыгармачылык тажрыйба топтоого жетишет. Бирок, келечектен көптү үмүттөнгөн боз улан ал жерден популярдуулукка жете албасын сезет да, мюзик-холлдон чыгып кетет. Андан көп өтпөй ийгилик жылоолоп, болочок жылдыз Илья Резник аттуу акынга жолугат. Ошондон тартып ырчынын чыгармачылык жолу ачылат.
Филипп жана популярдуулук
1988-жылы Илья Резниктин маараке тоюнда Алла менен Филипп биринчи жолу жолугушат. Бул жолугушуу жаш ырчынын турмушунда чоң роль ойнойт. Биринчи жолугушуудан жарым жыл өткөндөн кийин Филипп Алладан «Рождество» кечесине чакыруу алат. Ал кезде Филипп чыгармачылыкта бир топ ийгиликтерге, айта кетсек, Ялтадагы конкурска катышууга, «Кармен» аттуу ырына клип тарттырууга, Монголиянын аскер бөлүгүнө бекер концерт берүүгө үлгүргөн. Алланын чакыруусун Филипп чоң кубануу менен кабыл алат. Примадоннанын өткөргөн кечесинен Филипп шоу-дүйнөсүнө кадам таштайт. Анткени, болочок жылдыз ал жерден эң алгачкы хит ырларынын автору Леонид Дербенев аттуу адам менен таанышкан эле. 1989-жыл Киркоровдун чыгармачылык жолундагы жемиштүү жылдардын бири болуп калат. Ал ошол жылы Алла менен бирге Австралия, Германия өңдүү өлкөлөргө гастролго барып, чет өлкөдөн күйөрмандарын чогултууга жетишет. Ошол эле жылдын аягында Алладан бөлүнүп кетет. Бирок, кетип жатып: «Бул жакка Алланын колун сураганы кайтып келем» деп өзүнө сөз берет. 1990-жылы анын жеке чыгармачылык жолу башталат. «Небо и Земля» аттуу ыры хитке айланып, «Шлягер-90» конкурсунан жеңип чыгат. Ошондон кийин ырлары биринин артынан бири хитке айланып, популярдуулукка жетишет. «Антлантида» ырынын клиби 1992-жылы эң мыкты деп табылат. 1993-жылы ырчы «Жылдын мыкты ырчысы» наамын алат. Жылдызы жанып турган кезде Петербургдун 4 миң кишилик концерттик залында 20 жолу аншлаг менен концерт өткөрөт. АКШ, Канада, Германия, Израиль өлкөлөрүнө жеке турнеге чыгат. Үзүрлүү эмгегинин аркасында бир топ наамдарга ээ болот. 1994-жылы өзү сөз бергендей жүрөгүнүн ээси, популярдуу ырчы Алланын колун сурайт.
Табышмактуу дал келүү
Филипптин өзүнөн бир топ жаш улуу ырчы айымга үйлөнөөрүн Ванга айткан. 1975-жылы 8 жаштагы болочок ырчы катуу ооруп калат. Өзүнө келе албай жаткан баласын ырчынын ата-энеси ошол кездеги популярдуу көзү ачык Вангага алпарышат. Баланын абалын көргөн Ванга «Уулуңар тез эле сакайып кетет. Анан дагы балаңарды мен бийик тоонун чокусунда колуна металлдан жасалган таяк кармап турганын көрүп жатам» деген экен. Ошондо бийик тоо бул популярдуулук, ал эми металл таяк микрофон экенин эч бир жан билген эмес. Ал эми кандай жанга үйлөнөт деген Филипптин апасынын суроосуна «үйүңөргө алпарганыңарда көзүн ачканда биринчи кайсы аялды көрсө, ошого үйлөнөт» деп жооп берген экен. Ата-энеси баласын үйүнө алып келишип, көзүн ачканда кимди көрөт болду экен деп чыдамсыздык менен күтүшөт. Филипп көзүн ачканда эле телевизордон «Золотой Орфей» берүүсүнөн Алла Пугачёваны көрөт. Ошентип, Ванганын айтканы туура чыгып, 1994-жылы эки жылдыз баш кошушат. «Менин популярдуу ырчы болушума Аллага болгон сүйүүм себепкер. Алла менен акыры бирге болом деген үмүт мага чындап дем берчү. Анткени, мен Алланын деңгээлиндей артист болууга болгон күчүмдү жумшап отуруп ушул деңгээлге жеттим» деген ырчы. Филипптин сүйүүсүнө арзыган Алла «Алгач мен Филипптен абдан каччумун, анткени, Филиппти көргөндө менде да толкундануубу, айтор, башкача сезимдер пайда болчу. Бул сезимдерди башкаларга билдирбеш үчүн ал болгон жерден кетип калууга аракеттенчүмүн. Бирок, Филипп артымдан калбай ээрчип, бир келгенде 325 даана роза тартуулаганы эсимде» дейт Пугачёва. Эки жылдыз үйлөнүү тоюнан кийин Американын «Тадж-Махал» казиносунда өздөрүнүн чоң программадагы концертин беришет.
Ажырашуу
Экөөнүн бактылуу турмушу 11 жылга созулат. Алла менен Филипп мыйзамдуу түрдө 2005-жылдын март айында ажырашышат. Бул факт алардын документтери катталган ЗАГСта жашыруун сакталып келген. Экөөнүн ажырашуусу финансылык ызы-чуулардан улам болгон дешет. Учурда эки жылдыз эки башка жашашат. Ошентсе да бири-бирине телефон чалышып, акыбалдарын сурашып, жаңылыктарын айтышып байланышып турушат. Филипп «Алладан башка эч кимге үйлөнбөйм. Анткени, менин турмушумда бир эле Алла деген аял жашайт» деп өзүнүн берген интервьюларында айтып кеткен.
Филипптин биринчи аялы
Киркоровдун Пугачёвага чейин аялы болгону көпчүлүккө белгилүү болбосо керек. Филипптин биринчи жубайы Мария Шатланова болгон. Филипп Марияны бир концерттен көрүп, жактырып калган. Ошондо Мария 17 жашта болгон. Бирок, Мария менен Филипп 10 жыл мыйзамдуу же граждандык никеде жашашкандыгы азыркыга чейин сыр болуп келет. Узун буттуу, келишимдүү Мария Филипптин «Небо и земля», «Ты, ты, ты» аттуу алгачкы хит ырларынын клиптеринде тартылган. Филипп Примадоннага үйлөнгөндөн кийин Мария сахнадан кетүүнү чечкен. Мария кичинесинен бийге катышып келсе да учурда йогадан сабак берет. Үйбүлөлүү, сүйүктүү жубайы бар жана бир кыздын энеси. «Мен Филипптин талантын сыйлайм. Мындай деңгээлге ал өзүнүн күчү менен жетти дейт элем. Чынын айтсам, Алла Филипптин кумири болуп келген. Ошондой эле менин сахнадан кетүүмө дагы Алланын таасири тийген. Анткени, ал мени абдан жек көрчү. Анын үстүнө мен Алладан бир топ алсыз жанмын. Бирок, Филипп экөөбүздүн ортодогу мамилебиз жакшы. Филиппке жолуктурган тагдырыма ыраазымын» дейт Мария.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева