Таңдай катырган аптапта көпчүлүк салкын жай издеп качышары белгилүү. Жайдын аптабында жылдыздар кантип эс алышкан жана учурда кайсы жакка барып эс алып жүрүшөт, өздөрүнөн сурап көрөлү.
Асема: “ЖУМУШ УЧУРУНДА ЭС АЛЫП АЛАБЫЗ”
– Эки жылдан бери атайын убакыт бөлүп эс ала элекмин. Мен үчүн эс алуу – бул балдарымды кучактап, жанында болуу. Бизде, чыгармачыл адамдарда ушундай, жумуш менен айкалыштырып тартуу аянтында эле эс алып алабыз. Мисалы, кино тартканы чет мамлекетке чыгабыз, ошонун шары менен эле көңүл ачып алабыз. Кызыктуу, күлкүлүү, унутулгус көз ирмемдер ошондой күндөрдө өтөт. Бир жолу Тоң районунда кино тартып жүргөнбүз, биз жашаган мейманканада чачымды жууп жатсам жарык өчүп, суу токтоп калган. Анан шампундалган чачым менен дүкөнгө кирип, минералдык суу сатып алып башымды жуугам.
Жакында эле кино тартып Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна барып келдик. Ал районго өмүрүмдө биринчи жолу бардым, мага аябай жакты. Тасмага үйрөтүлгөн карышкырды тарткан элек, “бөрү баласы ит болбойт” деген чын экен, өзүнө тамак берген кишиге асылып, андан соң мага асылып, бут кийимимди тиштегилеп айлабызды кетирди.
Эркин Рыскулбеков: “ЖУМУШУМДУН ӨЗҮ ЭЛЕ ЭС АЛУУ”
– Менин жумушумдун өзү эле эс алуу. Иш сапары менен чет өлкөгө барып жүрүп эле эс алып алам. Быйылкы эс алуум өзгөчө өтүүдө. Июндун башында Түштүк Кореянын Сеул шаарына журналисттердин дүйнөлүк конференциясына чакырышкан. Барып жомоктогудай эс алып келдим. Уюштуруучулар тик учак менен аралдарды көрсөтүп, эс алуучу, тарыхый жайларына алып барышты. Чет өлкөгө көп чыккан адамдын көз карашы өзгөрөт эмеспи, менин көз карашымды Сеул шаары толугу менен өзгөрттү. Баратканда эле уюштуруучуларга“мен мусулманмын, халал тамак жейм” деп айткам, ошондуктан мага халал гана тамак берип жатышты.
Сеулдан келип эле Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык маданият фестивалына Гүлнур Сатылганова, Кыргызбай Осмонов менен чогуу барып келдик. Ашхабад шаары жылтырайт тимеле, түркмөндөрдүн тазалыгына баа бердим. Меймандостугун айтпай эле коёюн, биз учактан түшкөндөн баштап кайра кайткычакты мыкты тейлөө көрсөтүштү. Жакында Беларуска, “Чыгыш базары” фестивалына кетип жатам. Буюрса, ал жактан да мыкты эс алып кайтам деген ойдомун.
Дайыр Исмадияров: “ТООГО ЧЫГЫП КОЖОЖАШТЫН АБАЛЫН ТҮШҮНДҮМ”
– Досторум менен 3 күнгө Ала-Арчага барып эс алып кайттык. Эсте калган кызыктар өтө көп болду. Эгер чатыр тигип 3 күн жашабай, жөн эле мейманканалардын биринде жашасак, мүмкүн, мынчалык кызыктуу болмок эмес. Биринчи күнү тоого чыгып чатыр тигип, ошол жакта түнөгөн элек. Түндө жамгыр жаап, үшүгөнүбүздү айтпа. Алган азык-түлүгүбүз, кийимдерибиз бүт суу болгон. Негизи мен “Тирүү калуу” (“Остаться в живых”) сериалын, “Акыркы баатыр” (“Последний герой”) долбоорун көрүп аябай кызыкчу элем, “мен ушундай шартта жашай аламбы” деп.
Чынын айтайын, мен үчүн жарык жок, сыналгы, интернет жок шартта жашаганга мүмкүн эмес экен. Тоодо өскөн козу карындарды бышырып жедик, отун жардык, тоо теке көрдүк. Тоо теке азгырат дегенге эми ишендим, биз кызыгып артынан чуркап кете бериптирбиз, Кожожашка окшоп азгырылып. Карасак эле тоонун чокусунда жүрөбүз, кантип алданганыбызды билбей калдык. Кожожаштын абалын ошондо түшүндүм. Анан тоодон түшүшүбүз аябай тозок болду, түшкөндө сүйүнгөнүнөн кыздар ыйлап жиберишти. Тоодон суук тийип калганбы, айтор, шаарга келип сыркоолоп калып, азыр үйдө дарыланып жатам.
Лунара Бекиева
star@super.kg