ТУРГУНДАРЫ КУРТТАГАН СУУ ИЧКЕН ТЕРС АЙЫЛЫ

Редакциябызга Аксы районунун Терс айылынын тургундары кайрылышып, айыл эли кечирип жаткан турмуш менен таанышып кетүүбүздү өтүнүшкөн. Элеттиктердин сөзүн эки кылбай айылга сапар алдык. Айылга баш бага бергенде эле тамчы суу көрбөй, күнгө күйүп саргарган талаалар, сел жууп кеткен эгин аянттары, суу жетпей соолуган коон-дарбыздар айылдыктардын кыйын жашоодо жашаарынан кабар айтып турду. Көздөрүнөн кимдир бирөө жардам кылар деген үмүттүн нуру жанган жергиликтүү жашоочулар учурашкан соң айылды жыл сайын сел каптап айласын курутуп жатканын айтышты.

СЕЛ – АЙЫЛДАГЫ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕ
Терс айылы Аксы районундагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө карап, Өзбекстандын Наманган облусу менен чектешет. Ошентсе да чек арага чектеш айыл деген статусту алган эмес. Райондун борборунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан бул айылдагы 150дөн ашуун түтүндө 1000ге жакын адам күн кечирет.
Айыл адырдын боюнда болгондуктан жаан жааганда жогорудан келген сел айылдын так ортосун каптап өтөт. Айыл өкмөтү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дамба куруп беребиз дегенине көп болгон, бирок дале убадасын аткарыша элек. Жардам күтүп отура бербей, демилгени өз колуна алган жергиликтүү тургундар сел агып келүүчү жерге атайын арык казышкан. Бирок 3 жолу жүргөн жаратылыш кырсыгынан ташыган суу ал жерди да бузуп, айылдыктардын короо-жайын каптап, эгин талааларын керектен чыгарууда. Бир жылдык түшүмүнөн кол жууган айрым дыйкандар эгин талааларын таштап, ар кайсы жактарга жумуш издеп кетишиптир.
Терске байланыштын толук кандуу жетпегени да айылдыктар үчүн бир топ тоскоолдуктарды жаратып келет. Бул тууралуу айыл тургуну Замира Нарматова “Байланышуу үчүн биз бир чакырымдай алыстыктагы чоң жолго чыгабыз. Баары ошол жактан телефон менен сүйлөшкөндүктөн, бүт айылдын үй-бүлөлүк маселеси бири-бирине угулуп турат, башка айла жок. Кыргызстанда жашаганыбыз эле болбосо өзүбүздүн телеканалдар тартпайт, аргасыздан өзбектердин каналдарын көрөбүз. Өзүбүздүн мекенибизде болуп жаткан маселелерди элден кийин угабыз” дейт.
Мындан тышкары айылда ичүүчү суу менен сугат суунун тартыштыгы күч. Каналдан тундурулган суу көпкө тургандыктан башкача даамданып калганы сырттан келген адамга дароо билинет.
1-июнда болгон сел суу чыгарган насосту каптап, кыймылдаткыч күйүп кетип, айыл эли бир айдан ашык убакыт суусу жок калышкан. Селден аман калган эгин талаалар саргарып күйүп, дыйкандар күздө саноочу жөжөдөн түңүлүшүп, баштарын мыкчып отурушкан кези.

“ӨЗ ЖЕРИБИЗДЕ ДА КОРКУП ЖАШАЙБЫЗ”
Абдыкерим Молошов:
– 2012-жылы чарбамды кеңейтейин деп банктан алган 250 миң сом насыяга 7 баш бодо мал сатып алдым эле. Сак-сактап багып жүргөн малымды март айында Өзбекстандын чек арачылары өзүбүздүн жерибизде суу ичип жаткан жеринен айдап кетишти. Аралык алыс болгондуктан жетип барып кайтарып кала албадык.
Ишенсеңер, өзүбүздүн жерибизде коркуп жүрүп жашайбыз. Жакын барсак ок чыгарышат, ыңгайы келсе алып кетүүдөн да баш тартышпайт. Жаш балдарыбызды уурдап кетип калабы деп коркобуз.
Өткөн жылы айылыбыздан бир жигитти чек арага жакын жерде суу буруп жүргөн жеринен алып кетип, 2 күн дегенде араң кайтарып беришкен.
Менин малымды кайтарып берүүсүн өтүнүп жергиликтүү бийликке, акимге, чек ара кызматкерлерине кайрылганымдан майнап чыкпаган соң президентибиз Алмазбек Атамбаевге да кайрылуу жөнөткөм. Ал кишиден да жооп келе элек. Деги биздин маселебизди чече турган адам барбы? Алган насыямды эми кантип кайтарып берем?..

“СУУБУЗ КУРТТАП КЕТЕТ”
Гүлмайрам Эргешова, ФАПтын кызматкери:
– Бизди Терс айылына 80-жылдары 5 миң рубль ссуда берип көчүрүп келишкен. Терс жашоо шарты оор айыл болсо да, бийлик тарабынан тиешелүү көңүл бөлүнбөй келет.
Бизде таза суу эң орчундуу көйгөй. Анткени сууну насос аркылуу каналдан сордуруп ичебиз. Каналдагы суунун таза эмес экенин билсек да “аккан сууда арам жок” деп ичүүгө аргасызбыз. Сууну сордуруп берген электр кыймылдаткычты сарамжалдуу колдонуп, бир ирет иштеткенибизде сууну идиштерге толтуруп алабыз. Көпкө турган суу идиште жыттанып, суу сактаган идиштер курттап кетет. Башка ичер суубуз жок болгон соң куртун алып салып иче беребиз. Натыйжада акыркы учурларда айылда кургак учук, ичеги-карын оорулары көп катталууда. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин таза сууга болгон муктаждыгыбызды тезинен чечип берүүнү чоңдордон өтүнөт элем.

“НАСЫЯДАН КАНТИП КУТУЛАБЫЗ?”
Алмагүл Төкөева:

– Быйыл чакан бизнести өнүктүрүү максатында банктан
50 миң сом насыя алып, кошумчалап короодогу малыбызды сатып 275 миң сомго күнөскана салдырган элем. Жаздын келиши менен күнү-түнү маңдай тер төгүп жашылча-жемиштерин эккем. Түшүмүн аларда сел каптап, баарынан кол жууп калдым. Эми насыядан кантип кутулам, билбейм...





Айылдыктар казган арыкты да суу жеп кетип, жолдорду бузууда.

Көзү азиз Анархан Досалиеванын үйүн минтип сел каптап, жараксыз абалга келип, өзү туугандарынын үйүндө күн кечирүүдө.


Айылдыктар тегереги бетондолгон ушул чуңкурга суу топтоп ичишет.


Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе,
koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sagidko88
2014-07-15 09:38:24
козум корбосо .... бору жесин деп отурушат да. Оштуктар газы жок кышка даярдык коро албай варенье кайната албай жудошту. Салат сезондо кантебиз эми?
0
admin_superstan
2014-07-15 14:46:24
Eliza83, этика нормаларынан алыстабаңыз.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
anara-anara
2014-07-15 20:20:54
Кыйын жашоо карап олтурсан бийликтегилер каякты карашат билбейсин бири биринин байлыгын териштиргенче ушундай жардамга муктаж айылдарга карашса дейм.
0
josholu
2014-07-15 22:10:11
Кыргызстанда суу кенири деп мактанышат ушул экен го акыбалыбыз.
0
wwwww
2014-07-20 01:58:08
Ээ журт башында турган как баштар элдин койгойун угуп жардам бере турганынар барба деги ?
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан