Сабира – байлыгына чиренген үй-бүлөнүн кызматчысы. Үй жыйноо, кожоюндардын кылыгына чыдоо, жадакалса кожоюндун көз кысып, кылжыңдаганын көтөрүү да анын кызматы.
Клара Алибекова учурда тартылып жаткан "Байлар да ыйлашат" аттуу тасмада дал ушундай образды жаратты. Ырчы айымдын айласын кетирип, көз кыскан кожоюндун ролун Бопуш деген ат менен таанымал актёр Марат Жанталиев аткарган. Алгачкы ирет тасмага тартылып жаткан Кларанын эмгегине жакынкы күндөрү күбө боло аласыздар.