ЖАЙКЫ КАНИКУЛДА БАЛАҢЫЗДЫ ЗЕРИКТИРБЕҢИЗ!

Жай келип, мектеп окуучулары, бала бакчанын тарбиялануучулары эс алууга чыккан убак. Бул мезгилде шаардагы ата-энелер балдарын кантип алаксытууну, кантип эс алдырууну ойлонушат. Айрымдары “Союз убагында жайкысын бекер лагерге барчу элек. Азыр ал лагерлердин көбү талкаланып, жеке менчик болуп кетти. Калган-катканына профсоюзда иштегендердин тааныш-билиштеринин балдары барып эс алып келишет” деп нааразычылыктарын айтып келишет.

“ЛАГЕРЛЕРГЕ ЖЫЛЫНА КАЗЫНАДАН 5 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНӨТ”
Азыр мамлекетке тиешелүү лагерлер барбы? Болсо ал жакта кимдер эс алат? Бул суроолорубузга Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева жооп берди:
– 1990-жылдардан тарта лагерлердин бардыгы жеке менчик болуп кеткен. Арадан көп жыл өткөн соң 2006-жылы бир топ лагерлер өкмөткө кайтарылган.
Азыркы тапта Кыргызстандагы Профсоюздар федерациясына караштуу 14 лагерь бар. Ал лагерлерге балдарды эс алдыруу максатында жыл сайын мамлекеттин казынасынан 5 миллион сом бизге бөлүнөт. Биз ал акчаны профсоюзга беребиз. Алар аймактардагы профсоюздарга таратып беришет. Бул бөлүнгөн каражатка жылына 3339 бала 3кө бөлүнүп 10 күндөн лагерлерге барып, бекер эс алышат. Негизинен, ата-энесинин жашоо шарты начар, кароосуз калган, жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана мектепте жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон балдар бекер эс алууга жолдомо алышат. Андан тышкары сатыкка коюлган жолдомолор да бар.
Билим берүү министрлиги “лагерлерди Профсоюздар федерациясы көзөмөлгө алат” дешти.
А профсоюздагылар “Биз бир гана Ысык-Көлдөгү "Улан" лагерин көзөмөлдөйбүз. Башка мамлекеттик да, жеке да лагерлер бизге баш ийбейт ” деп жооп кайтарышты. Кыскасы, биздин суроону топтой кылып бири-бирине узатып кутулушту. Балким, лагерлерди каттоого алган Юстиция министрлиги канча мамлекеттик жана жеке лагерь бар, аларды ким көзөмөлдөөрүн билет чыгар деп аларга телефон чалсак, ар кимиси бири-бирине шылтап башка номер беришип, акырында жооп берүүгө киши жок болуп чыкты. Ушундай “футбол заманда” жашап жатабыз, окурман.

КАНИКУЛДА БАЛАНЫ КАНТИП АЛАКСЫТУУ КЕРЕК?

Балдары каникулга чыгып, бирок аларды эс алдырууга бошобой калган ата-энелер да четтен табылат. Өзгөчө шаар ичинде. Биз андай ата-энелерге кыскача кеңеш бере кетүүнү туура көрдүк.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкө боюнча 450 мектеп ичиндеги лагерлер иш алып барууда. Быйылкы жылы биринчи агымда
12 миңден ашуун бала бекер эс алды. Ал жерде балдар кечке чейин болушат. Балдарга үч маал тамак берилет. Мындан сырткары аларды театрга, циркке, концертке, бассейнге жана башка ушул сыяктуу эс алуучу жайларга алып барып эс алдырышат.
Баланы алаксытуунун дагы бир ыңгайлуу жолу – атайын курстарга берүү. Азыр, өзүңүздөр билгендей, ар кандай тил үйрөтүү, өнөрүн өркүндөтүү курстары көп. Ошол жакка балдарыңызды окутуп койсоңуз, биринчиден, бала алаксыйт, экинчиден, анын шыгына шык кошкон болосуз.
Эгер сиз шаарда жашасаңыз, жумуштан колуңуз бошобой калса, балдарыңызды айылда жашаган жакын, ишеничтүү адамдарга жиберсеңиз болот. Таза аба, жайлоо балдарды алаксытуу үчүн эң жакшы тандоо. Анын үстүнө балдар тууган-туушкандары менен да жакындан таанышып кайтат.


Бурул Мамбетова:
– Айылдын турмуш шартын көрүшсүн деп жыл сайын жайында балдарымды бир айга Ысык-Ата районунун Асыл-Таш айылына туугандардыкына жөнөтөм. Андан кийин 1-2 жумага Ысык-Көлгө барып, эс алып келишет.





Замир Сыдыков:

– Балдарым жакында эле жайлоодон келишти. Азыр улуу балам чоң атасынын үйүндө. Келинчегим экөөбүз тең иштегендиктен, кызым үй жумуштарына каралашып үйдө. Буюрса, кайра жайлоого кетишет.




 

 
Базаркан Ташматова:
– Балдарды негизи жайкы каникулда бир нерсе менен алек кылыш керек. Мисалы, мен балдарымды жайлоого алып барам, таза абадан дем алышат, экинчиден, оокат кылганды жакшы үйрөнүп алышат.





Нурлан Шакиров:
– Балдарым жайкы каникулдун көпчүлүк бөлүгүн үйдө эле өткөрүшөт. Дем алыш күндөрү сейил бактарга барабыз. Бирок ар жума сайын эмес. Аларды ойнотконго да акча керек экен. Кээде айылдагы чоң ата-чоң апасына жөнөтүп коёбуз.





Мээрим Касымова:
– Буюрса, улуу баламды Ысык-Көлгө лагерге жөнөтөйүн деп жатам. Ал жактан келгенден кийин үйдө эле болот го. Кичинекейим болсо дайыма жанымда. Кээде сейил бактарга барып, көңүлүн көтөрүп келебиз.





Тургунбай Алдакулов:
– Азыр мурдагыдай лагерлер иштебей калган. Шартына карап лагерлерге жөнөтүп, балдардын мыкты эс алуусуна шарт түзүп берип жатабыз. Анан албетте, айылга чоң аталарына, өзүбүз менен бирге жайлоолорго барып турушат.





Гүлзара Абдимиталипова:

– Азыр балдарга убал эле болду, мамлекеттик лагерлер жетишпей. Өткөндө бир лагерде болдук, шартын көрүп алып зээн кейиди. Андай жакка балдарды жибергиң да келбейт экен. Балдарым айылдагы туугандардыкына барышат.



Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aksy-13
2014-07-15 01:02:11
буйруса кызым чонойсо ар кайсы жерде эс алдырам деп ниет кылам себеби ошого карап баланын кругазору да чоноёт ошол кундорго Аллахым жеткирсин!
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан