КЫРГЫЗСТАНДА МОНГОЛИЯНЫН КОНСУЛДУГУ АЧЫЛАТ

8-июль күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаев иш сапары менен Монголияда болуп келди. Биринчи расмий жолугушуу бул өлкөнүн президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен болду. Анда эки мамлекеттин мамилесин мындан ары да өнүктүрүү керектиги айтылып, кыргыз өкмөт башчысы өз сөзүндө: «Учурда Кыргызстанда калктын бирдиктүү каттоосун түзүү жана анын негизинде биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен дайыма жаңыртылып туруучу шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Бизге заманбап шайлоо технологияларын колдонуу менен шайлоо уюштуруу жана өткөрүүдөгү Монголиянын тажрыйбасы абдан кызыктуу»,- деп билдирди.
Жоомарт Оторбаев Монголиянын премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен да көрүштү. Жыйынтыгында Бишкекте Монголиянын башкы консулдугун ачуу тууралуу сөз болду. Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосунда сооданын өнүгүүсүнө жетишүү максатында тараптар ортосунда айыл чарба, мал чарбачылыгы, соода жана инвестиция, ишкердүүлүк, өнөр жай, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, курулуш, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият жана илим жаатында келишимдерге кол коюлду.



Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ayakosya
2014-07-15 22:26:09
Монголия грант берсе суйлошкуло болбосо жон койгула
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан