“Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан жүк ташуучу транзиттик борборунун ижаралык мөөнөтү соңуна чыгып, Кыргызстандан чыгып кетер алдында “АКШ тарап калтырып кетмек болгон баш-аягы 30 миллион долларлык буюм-тайымдар жергиликтүү интернет-форумдар аркылуу сатылып жатат” деген маалымат тарады.
Жарнаманы илген сатуучу “Манас” америкалык базасынын жаңы чатыры 600 доллар турат. Көп алам дечүлөргө, албетте, арзандатуулар болот. Сатып алам десеңер, каалаган жерге жеткирип бере алам, өзүңөр түшүнсөңөр керек, бул дүкөн эмес да. Каалоочулар үчүн коштомо кагаз да (накладная) жазып берем. Азыркы тапта партиялап, 20 даанадан алып кетип жатышат” деп жазган. Айта кетчү жагдай, “Манас” жүк ташуучу транзиттик борбордон калган майданды кароо милдети Улуттук гвардияга жүктөлгөн. Бул мекеменин басма сөз катчысы Таалай Мырзабаев болсо мындай дейт: “Бул сатылып жаткан чатырлар биздин аскер кызматы көзөмөлдөп жатканда чыгып кетти деп айтыш оор. Ал буюмдарды америкалыктар бар кезде эле чыгарып кетишкендир? Азыр “Манас” жүк ташуучу борбору тыкыр көзөмөлдө, андан бир да ийне же жип уурдалып чыкпайт”.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg