Өлкө ичинде ЖОЖдорго кабыл алуу кампаниясынын биринчи туру 7-июлда башталып, ал 12-июлга чейин созулат. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, юриспруденция жана эл аралык мамилелер багыттары боюнча абитуриенттер ортосунда ажиотаж жок. “Көпчүлүгү техникалык кесип тандоого оой башташканы кызык болууда. Айрыкча бишкектик студент болчулардын арасында экономикалык багыттагы адистиктерге караганда маалыматтык технология боюнча окууга тапшырчулардын тизмеси узун болуп жатат. Абитуриенттер эмгек рыногунда суроо-талабы жогору кесип ээлеринин айлыгы да көбүрөөк экенин түшүнүп башташыптыр”,- деди К.Садыков.
Министр 2014-2015-окуу жылдарында ЖОЖдорго тапшыруу үчүн орнотулган босого баллы 20 миңден ашуун абитуриенттерге сынакка катышууга жол ачарын айтты. Кабыл алуу кампаниясынын экинчи туру 14-19-июль күндөрү өтөт.
Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg