СУГАТ СУУНУН ТАРТЫШТЫГЫНЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

“Тоо мөңгүлөрүнүн эрибей жаткандыгы сугат суунун жетишпегендигинин негизги себеби болууда”,- деди 10-июлда Суу чарба департаментинин башчысынын орун басары Тилек Исабеков.
Анын айтымында, 2014-жылы жалпы Кыргызстанда суу тартыш болуп жатат. “Мөңгүлөр абанын температурасы +25, +27 градус болгондо эрий баштайт. Тилекке каршы, акыркы мезгилде тоолордо жамгыр жаап, аба +18 градуска чейин гана көтөрүлүүдө”,- деп түшүндүрдү Т.Исабеков.
Чүй облусу боюнча суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткуловдун билдиришинче, аймакта суунун жетишпегендигинен улам Орто-Токой суу сактагычындагы суу сугатка пайдаланылууда. “Негизинен, сугат суу облустагы жүгөрү, кант кызылчасы жана башка жашылчаларды сугарууга иштетилет. Ал эми дан эгиндери 2 аптадан бери сугарылбай турат”,- деди ал.

 


 

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан