Эл арасында Тата Уландын жүзүн көрүүгө кызыккандардын саны көп. Ошол кызыгууну жок кылгысы келбеген этноакын дагы деле бет капчан. “Эл ырымды гана таанысын” деген Улан бүгүн бизге келинчегин үйгө келген эркектин баарынан кызганарын, өзү кандай ата экенин, жашоого болгон көз карашын айтып берди.
– Акыркы учурда жаңы ырларыңа күбө болбой келебиз, эмне, чыгармачылык жактан кризистесиңби?
– Эстесеңер, “Карындаш”, “Баары бир” деген ырларым биринчи төңкөрүштөн кийин чыккан. Ошол маалда эл толкуп, кадимки тынч жашоодон алыстап, дүрбөлөңгө түшүп калышкан. Андайда массалык маалымат каражаттары аркылуу элди патриоттуулукка чакырган бирөө керек болуп калат окшойт. Байкасам, досум Аалы Туткучевди, курсташым Жеңишбек Жумакадырды жана мени ошол убакта теле, радиолор байма-бай мейманга чакырчу. Бийлик күчүнө кирип, калыбына келгенде биз кайрадан четке сүрүлүп калабыз. Анткени чындыкты баса белгилеген биздин ырларыбыз төңкөрүшкө чакырык таштагандай болот окшойт. Анда азыркыдай интернет булактары өнүгө элек эле да. Ырчылар теле, радиодон гана чыкчубуз.
Экинчи төңкөрүштөн кийин да уктуруу, көрсөтүүлөргө көп бардым. Эл тынчып калганда “Байрак”, “Барстан” деген эки ыр жазып, радиолорго алып барсам бири дагы эфирден кетирген жок. Учурда ыр жазып эле жатам, бирок бир дагы радиого берген жокмун. Барсам “не формат” дегенди угуп каламбы деп кооптоном. Чынында, бул эмне сөз экенин өздөрү деле түшүнүшпөсө керек. Менин баамымда, каалабаган ырды койбоо үчүн гана колдонулуучу кеп.
– “Карышкыр” ("Волк") деген ырың тууралуу жакшы пикир уккам, ал ырың эмнеге элге тарабайт?
– 2003-жылга чейин орусча ойлонуп, орусча жашачумун, ал ыр ошондо пайда болгон. Аталган ыр гитара менен ырдалган. Аны элге жайылтыш үчүн кайрадан иштеп чыгыш керек. Алматыда өткөн гитаранын коштоосунда аткарылчу автордук ырлардын сынагына ушул жана башка ырларым менен катышып, 1-орунду алгам. Акыркы учурда “иштесең мыкты, бардык жагынан сапаттуу чыгарма жарат же болбосо кыйналба” деген позиция менен жашап калдым.
– Бул ырда эмне камтылган, эмнеге аталышы “Карышкыр”?
– "Бөрү баласы ит болбойт" дегендей эле, мен Казакстандын жараны болуп, ал жакта жашаганым менен, казак болуп кетпедим. Ал эми кыргыздарга келсем, алар да мени казак деп бөлүштү. Ошол себептүү өзүмдү карышкырга салыштыргам.
Алматыда мектепти аяктап, Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга өтүп, азыркы “Учур” театрынын актёрлору менен окуп калдым. Ошондо кыргыздардын таластык, нарындык, оштук болуп бөлүнөрүн билдим. Ага чейин кыргыз деген бир улут бар, мен кыргызмын дечүмүн.
– Алматыдан биротоло келдиң беле же ата-энең ошол жактабы?
– Мен биякта таятамдын колунда жети жашка чейин жүрүп, анан ата-энеме Алматыга баргам. Онго чыкканда ата-энем ажырашып кетишти. Атам башка аял алган, ал никесинен кызы бар. Атам бизден кеткен соң байланыш таптакыр үзүлгөн. Азыр эми дин жолунда жүрбөйбүзбү, ошондуктан атамды өзүм таап, Кудайдан анын каталарын кечиришин сурадым. Азыр ал киши Таласта жашайт. Апам болсо менин колумда, Бишкекте.
– Кыргызстанга келгениңде курсташтарың дагы деле бөлүштүбү?
– Менден кутула албастарына көздөрү жетти окшойт, кошконго аргасыз болушту.
“Дипломду мекениңерден беребиз, баарыңар үйлүү болосуңар” деп бизди мамлекет кийлигишип алып келген эле. Акаев өзү диплом тапшырды, бирок үй бербей койду. Айрым кесиптештерим азыркыга чейин үйү жок жүрөт.
– Сен үйлүү болдуңбу?
– Ооба, менде бир аз шарт болду. Алматыдагы үйдү сатып, Бишкектен үй алганбыз. Азыр Казакстандын жарандыгын ала албай жүргөн мекендештерибиз көп. А мен үйдү саткан соң дароо жарандыкты тапшырып келе бергем. Мен кыргызмынбы кыргыз бойдон өлөм. Кыйналып, өлүп баратсам да башка өлкөнүн
жарандыгын албайм.
– Кээ бирлердин “Тата Улан ырларында өзүнүн оюн элге таңуулай берет” дегендерин угам...
– Таңуулай берет деген адамга менин ырларымдагы сөздөр катуу тиет, ошондуктан жаман көрүп “бул эмне эле таңуулап жатат?” дейт. Ал адам өзүнүн кемчилигин менин ырымдан сезет, бирок моюнуна алгысы келбейт. Бул пендечилик. Мен болгону ырларымда көзүм менен көргөнүмдү айтып, эскертип жатам.
– “Мен айттымбы, меники туура” деген аталардай көрүнөсүң...
– Ошондой эле болуп калат го. Мен атасыз өскөм. Атамдын катасын кайталабайын, биринчи никемдеги балам менен байланышты үзбөйүн десем, энеси катыштырбай койду. Уулум Бек 11 жашта. Колумдан келген жардамымды берип, инилери менен тааныштырайын деген оюм бар эле. Менден мурун чоң энеси чыйпылыктап “биздин тукум, биздин бала” деп жатып, мектепке барып атайын жолуктук. Балам телефон чала коюптур, апасы келе калды. Апасынын айтуусу боюнча, улуу балам 18 жашка чыккыча жолукпайм. Кийин балам мени менен катышабы, жокпу, өзү чечмей болду. Экинчи уулум Аман экиге чыкты. Үчүнчүсү Али төрт айга толду. Буюрса, ыймандуу, намаз окуган балдардан болушат.
– Келинчегиң бала менен үйдө экен да?
– Аялым иштегенде эмне пайда, балдарым менен үйдө. Өзүм
багып алганга чамам жетет.
Азыркы кыздардын бири менен да жашай алмак эмесмин. "Мен мындай машина айдайм, мындай кийинем, биякка барып эс алам" дешет го. Менин аялым хиджаб кийген, ыйман жолундагы, жөнөкөй, барга топук кылган адам. Анын үй-бүлөсү да динден түшүнүгү бар адамдар.
– Азыркы кыздардын баары асманды сүйлөшөт деп жатасың, баары менен сүйлөшүп чыккан жоксуң да?
– Көчөдөн, маршруттук таксилерден угуп каласың да. Бири жигитин сүйлөп жатса, экинчиси дагы бирөөнүн дүнүйөсүн, үчүнчүсү бир фирманын косметикасын мактайт, кыскасы, ушундай.
– Саясатка аралашышың мүмкүнбү?
– Азыркы саясаттын акыбалына киргим келбейт. Андан көрө үйдө отуруп алып ыр жаза бергеним оң. Азыр мен трибунага чыксам “ары жакка турчу, бул кайдагы маскачан неме?” деп жөн эле түртүп коюшат.
– Маскаңды чечериңе канча жыл калды?
– Аны Кудай билет.
– Эркекке тиешелүү кайсы иштин майын чыгарасың?
– Мактангандай болбоюн, көп кабаттуу үйдөгү батиримди баштан-аяк жарым жыл өзүм оңдоп-түзөдүм. Кырып, обои чаптап, билбеген жеримди билгендерден сурап алып жаттым. Кыздар тамак жасаганды кандай өздөштүрсө, биз, эркектер деле ошондой болушубуз керек.
– Кызганчааксыңбы?
– “Сен муну карадың, эмнеге күлдүң?” деген жиндилерден эмесмин. Бирок кызганчаакмын, эркек кызганыш керек. Аялым динден түшүнүгү болгондуктан үйгө эркек келсе өзү эле башка бөлмөгө кирип кетет. Чынында, мен өзүм башкага көргөзгөндөн кызганып кетем. Келген конокту дасторконго чакырыш керек болсо, өзүм чай куя берем, анын уяты жок.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg