Көптөн бери көрүнбөй кеткен “Ата Журт” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев НТС телеканалына маек берди. Кызуу талкуу жараткан баарлашууну айрым кыскартуулар менен берүүнү туура көрдүк.
– Саламатсызбы? Сиз азыр саясаттасызбы же акыркы чечимдерден кийин андан обочолоп калдыңызбы? Эмне менен алектенип жатасыз?
– Көп жылдардан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келгенден кийин азыр да “Ата Журт” мекенчил партиясынын төрагасы катары саясаттан алыстоого эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок. Элдин арасындагы ар түрдүү көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылып жатам. Спорт залдарды куруу, мектептерге жардам берүү, кыйналып жашаган адамдардын маселесин чечип берүүгө көмөк көрсөтүү дегендей... Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүндө 5 миң гектарга жакын сугарылбаган, бирок тегиз талаа бар. Мына ошол жерге суу чыгарып берүүгө аракет көрүп жүрөм.
– Чарба иштеринен тышкары саясий жаатта эмне болуп жатат?
– Фракция менен байланыштар жакшы. Азыр фракцияны Жылдызкан Жолдошова жетектейт. Негизги саясий чечимдер фракцияда жана парламентте кабыл алынып жатат.
Фракциянын чечимдери ошол партиядан шайланып келгенден кийин ар бир депутат партиянын саясатын жүргүзүп, анын көрсөтмөлөрү, иш пландары, идеологиясы менен кабыл алганга милдеттүү. Бирок Баш мыйзамда кетирилген чоң катачылыктардан улам бүгүнкү парламенттеги депутаттар партиядан шайланып келгенине карабай, ал партия менен байланышын толугу менен үзүп койсо болот. Алар шайланып келген соң партияны эстебей, идеологиясын жана багытын колдобой эле, өз алдынча каалаган саясатын жүргүзүүгө мыйзам жол берип койгон.
– Силердин фракциядагы тартип кандай?
– Кудайга шүгүр. Фракция жетекчилери жок калды. Партияны жеңишке алып келген лидерлердин баары азыр депутат эмес. Ошого карабай фракцияда ынтымак бар. Азырынча үч гана адам өздөрүнчө депутаттык топко бөлүнүп чыгып кеткен.
– Мына азыр Рамазан айы. Орозо кармайсызбы?
– Ооба. Орозо кармайм.
– Орозо маалында мурда-кийин пикир келишпестиктер болсо, бири-бирин кечиришет дейт...
– Туура. Рамазан айы – Алла Тааланын бизге берген ыйык айы. Куранда түшүрүлгөндөй, пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. айткандай, Рамазан айы ынтымактын, биригүүнүн, бири-бирин кечирүүнүн, мамиле түздөөнүн жана мусулмандардын катыштыгын чыңдоонун касиеттүү айы деп эсептелинет. Ушул Рамазан айында көптөгөн адамдарга кайрылып кетким келет.
Акыркы эки жылда менин башымдан көптөгөн окуялар, адамдар менен жакшы-жаман айтышып калган, ийгиликтүү, ошол эле учурда ийгиликсиз күндөрүм да көп болду. Түрмөгө да отуруп чыктым. Туура эмес кылган иштерим болсо, кимдир бирөөнү капа кылып койсом, чын ыкласымдан мени кечирип коюңуздар деп айтам.
– Келишпестиктер ар башка деңгээлде болсо керек... Бийликтегилер менен мамилеңиз кандай?
– 2011-жылы президенттик шайлоодон кийин мен оппозицияда калып, оппозициялык партияны жетектеп келе жатам. Жогорудагы кечирим сурап кайрылганым жөнөкөй турмуштагы адамдарга эле эмес, бардыгына, анын ичинде бийликтегилерге да тиешелүү. Бийликтегилер менен да туура-туура эмес сөздөр айтылып кеткен.
– Азыркы премьер-министр, президент менен сот иши болгондон кийин жолугушуулар болдубу?
– Кайсы бир бийликтеги адамдар менен жолугушуп, мамиле түзөйүн деген чоң аракетим болгон жок. Андай аракет деле кылган жокмун. Ошол эле учурда мен азыркы бийликтеги адамдарды да түшүнөм. “Көп адамды жеңе билген адам күчтүү эмес, өзүнүн ачуусун жеңген адам күчтүү” деп Мухаммад пайгамбарыбыз осуят калтырып кеткен. Ошонун сыңарындай, биз өзүбүздүн ачуубузду, туура эмес кулк-мүнөзүбүздү жеңип, эл-журтка, мамлекетке кызмат кылуу үчүн бийлик менен да, калк менен да мамиле түзүп иштөөгө милдеттүүбүз.
Президентке деле азыр оор. Геосаясий, геоэкономикалык маселелер курч бойдон. Ошолордун биздин мамлекетке тийгизген таасири күчөп кетиши мүмкүн. Же мамлекетибиздин көз карандысыздыгына карата кайсы бир сөздөр айтылып калышы ыктымал. Бүгүнкү күндө бүткүл бийликтин, оппозициянын кыргыз мамлекетинин жана коомчулугунун кызыкчылыгынын тегерегинде биригүүсү – негизги шарт болуп турат.
– Өлкөнү өнүктүрүү боюнча кандай сунуштарды айта аласыз?
– Буга чейин эле бийликке көп сунуштарды айтып келгенбиз. Бийлик анын кайсы бирин уккан, кайсы бирин укпаган мезгил болду. Бүгүнкү күндө эң негизги маселе – бардык бийлик бутактары менен кошо оппозиция өкүлдөрү, бардыгы элдин кызыкчылыгына байланышкан иштерди аткарышы керек. Эгерде элдин кызыкчылыгына, көз карандысыздыгына доо кете турган кайсы бир маселелер болсо, биз аны эч качан жеке кызыкчылык менен айырбаштабашыбыз керек.
– Силердин партия 2010-жылдагы шайлоону жеңип чыгып, алдыңкы орунда болчу. Ошол кездегидей эмес, азыркы айткандай, “бириксек, бир нукта өнүксөк” деп саясат жүргүзсөңөр, балким, бүгүнкүдөй абал болбойт эле?.. 2012-жылдын октябрындагы “Кумтөр” боюнча митингден кийин короого чыгып, андан секирип түшкөн аракеттер болбосо, азыркы абал башкача болор беле?
– Ошол 3-октябрдагы “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгын чечүү үчүн болгон аракеттерибиз эле. Саясий маселелерди чечүүдө митинг болушу мүмкүн, аларда кайсы бир сүйлөшүүлөр болушу ыктымал. Кашаадан аттап өткөндүгүбүз мамлекеттик ишмер катары, депутат катары туура эмес болгонун биз моюнга алышыбыз керек. Бул ачуу чындык болсо да, бул өтө оор болсо да, биз моюнга алганга милдеттүүбүз. Ошол эле мезгилде биз аны өзүбүздүн маселебизди чечип алалы, бийликти басып алалы деген ниетте кылган эмеспиз. Ал эл-журтубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн болгон “Кумтөр” маселесин чечүүдөгү аракетибиз эле.
Биз “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандан кийин ошол маалда парламенттик комиссия түзүлүп, аны “Ата Журт” фракциясынан чыккан депутат жетектеген. Андан соң 3-октябрдагы окуялар болду. Мындан ары “Кумтөр” маселеси мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү. Ошонун негизинде бийликтегилер да, президент да, парламент да, өкмөт да буларды туура деп табышып, “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгышып, бир нече айлап-жылдап талкуулап отуруп, акырында үлүш 33 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлдү.
– Митинг резолюция кабыл алуу менен бүтсө болмок беле, короодон ары секирбей эле?
– Биз ошол кашаадан аттап өткөнүбүздүн туура эместигин моюнга алабыз. Ал үчүн мыйзамдын чегинде жазабызды тарттык. Түрмөдө отуруп чыктык. Мандатыбызды алдырттык.
– Абактагы мезгилге келсек, соттун чечими адилеттүү болду деп эсептейсизби?
– Тогуз ай абакта отурдук. Анда бизге бийлик тарабынан эч кандай саясий басым же болбосо физикалык басым көрсөтүлгөн жок. Муну баары билиши керек. Баары мыйзамдын чегинде эле болду.
Бирок соттун чечимине макул эмеспиз. Себеби анда так жана даана жазылып турат “ошол кашаадан куралдуу аттап өтүп, бийликти басып алууга аракет жасады” деп. Бирок кашаадан аттап өткөнгө чейин жана андан кийин биздин жаныбызда эч кандай курал же жок дегенде таш болбогонун бүт дүйнө көрүп турат. Ошол жерде окуяны тарткан ондогон камералар бар. Сотто да далилденди. Ага карабай Жогорку Сот өз чечиминде “булар кашаадан аттап өткөн маалда жанында курал болгон” деп жазып койгон.
Куралы жок, аракет болуп жаткан маалда бизге 295-берене коюлбай, бейбаштык боюнча жоопко тартылышыбыз зарыл эле. Өкүм акыры барып отуруп бейбаштык беренесинен да төмөн болуп калды. Бул кайсы бир деңгээлде бийлик ээлеринин бизге карата жасаган, мүмкүн, жумшак мамилеси болду. Эгерде Жогорку Сот жазгандай, жаныбызда курал менен аттап өтсөк, андан ок чыгара турган болсок, албетте, анда 10-15 жылдан жаза тартышыбыз керек эле.
Жалпысынан алганда, бизге оор берене коюлду, бирок жазага тартуу өтө жеңил болуп калды. Андай кылбай эле бейбаштыкка тартып, ошонун негизинде бизге мындан да оор жаза берсе болот эле.
– Эмдиги жылы күзүндө шайлоо өтөт. Даярдык кандай, катышасыңарбы?
– “Ата Журт” партиясы сөзсүз түрдө шайлоого карата даярдыктарын жүргүзүп келе жатат. Ага карата жаңы партия түзө калып, шайлоону жеңип алалы деген максат эмес, биз шайлоого дайыма даярбыз.
– Өзүңүздүн шайлоого катышууга укугуңуз барбы?
– Азыркы күндө юридикалык жактан укугубуз жок болсо да, шайлоого чейин ушул маселелер чечилип калышы керек деп ойлойм.
– Ал үчүн эмне кылуу кажет?
– Ал үчүн сот чечими болушу кажет. Соттуулук жоюлушу керек. Жакында сотторго бул маселе боюнча кайрылабыз, алар адилеттүү чечим кабыл алып берер деген үмүттөбүз.
Жалпы партиялык саясатка келсек, мамлекетибизге биримдүүлүк керек. Партия-партияларга бөлүнүп алып, парламенттен 5-10 орун алышыбыз зарыл деп чапкылай турган болсок, мамлекетибиз ыдырай берет. Биз ынтымактуулук, биримдүүлүк алып келишибиз кажет. “Башчысы бирөө, баатыры миң калк эч качан жеңилбейт” деп коюшат, ошол сыяктуу мамлекетибизде бир башчы болуп жана ал иштеп, эртеңки мамлекеттин келечегин аныкташыбыз керек деп эсептейм.
– Башка партиялар менен мамилеңиз кандай?
– Жогоруда айткандай, биз биригүү процессине, Кыргызстандын келечегин аныктай турган сүйлөшүүлөр аркылуу башка партиялар менен биригүүгө барышыбыз керек. Ушул принципти кармануу менен ушуга окшош сүйлөшүүлөр бизде да жүрүп жатат.
– Бийлик менен “чын эле кызматташалы” деген байланыштар барбы?
– Шайлоодон бери үч өкмөт башчынын ичинен Өмүрбек Бабанов менен гана иштешип калдым. Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп турганда мен түрмөдө элем. Ал эми Жоомарт Оторбаевде мен депутат болбой калдым. Өмүрбек Токтогулович премьер болуп турганда анын өкмөтүн эң көп сындаган мен болгом. Убакыттын өтүшү менен карап, ошол үч өкмөттү салыштырсак, эң түзүк иштеген Бабановдун өкмөтү болуптур.
– Тышкы саясат боюнча партиянын туруму кандай?
– Дүйнөдө азыр өтө чоң геосаясий жана геоэкономикалык өзгөрүүлөр тез жүрүп жатат. Мына, Украина, эл ынтымактуу болбогондуктан бири-бирине каршы туруп, мамлекет катары бөлүнүп-таланып бара жатат. Ушундай чоң коркунучтардын биздин өлкөгө келишинен алдын алуу үчүн мамлекеттеги биримдүүлүктү сакташыбыз кажет. Анын негизинде түрдүү саясий күчтөр кайсы бир деңгээлде биримдикти сактап, Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн аракет кылышыбыз зарыл.
– Экономиканы кантип көтөрүү керек, Кыргызстандын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
– Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү деген демилгеси эң туура. Ушуну бүт мамлекет, андагы ар бир жаран, жөн эле мамлекеттик кызматкерлер эмес, жөнөкөй жарандар да колдошубуз керек. Демилгенин жыйынтыгын чыгарууга аракет жасашыбыз зарыл. Коррупциянын кекиртегин буугандан кийин гана кайсы бир деңгээлде мамлекетибизде өзгөрүүлөр пайда боло баштайт. Темирдей тартипти орнотушубуз абзел. Ошол гана мамлекетти алдыга алып чыга алат.
Экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору көп, тоо-кен тармагы, ички экономикалык ресурстарды колдонуу, ошонун баарын колдонушубуз шарт.
– Коррупционер деп бирөө-жарымды кармаса эле митингдер уюштурулуп, жолдор буулуп жатат. Мындай көрүнүш деле экономикалык көрсөткүчтөрдү түшүрөт. Буга кандай баа бере аласыз?
– Сиз ачык эле атын айта албай жатасыз. Бул жерде Келдибеков жөнүндө сөз кетип жатат. Ахматбек Келдибековичтин күнөөсү бар болсо, ал сөзсүз жазасын тартышы керек. Коррупцияга аралашкан, коррупцияны жүргүзгөн же болбосо, мамлекетке чындап зыян келтирген болсо, ал адам сөзсүз жазасын тартышы зарыл. Бирок коррупцияга аралашканын тактай албасачы?..
Алай элинин бир талабы болгон “биздин уулубуз ооруп жатат, үй камагына чыгарып алып соттой бергиле” деген. “Эгерде күнөөсү такталса, камай бергиле” деп жатышат. Коомубузда коррупция өтө көп. Ага каршы темирдей тартип менен гана күрөшүү кажет. Башка күрөшө турган ыкмалар жок.
– Андай тартипти мамлекет кантип орнотот? Жөн жүрсө таза, абакка отурары менен оорукчан боло калып жатышпайбы...
– Муну абакка отурган адам гана билет. Кудай сактасын, бирок соо жүргөн адамды абакка алып барып камап койсоң, ал ооруп калат. Адам болгондон кийин анын ар түрдүү дарттары болот, алар айрыкча адам стресс болгондо күчөйт. Коомчулук муну туура түшүнүшү зарыл.
Ооба, коррупцияга аралашкан, мамлекеттик байлыкка кол салган адамдарды эч качан саясатка жакын жолотпоо керек.
– Саясатка кандай адамдар келиши керек?
– Чын-чынына келгенде, бизде анык партиялык тизме менен биринчи жолу шайлоо болду. Тажрыйбасыз болгонубуздан, партиянын жетекчиси катары ошол жоопкерчиликти да өзүмө алышым абзел. Партияга биз туура эмес адамдарды киргизип алганыбызды моюнга алышыбыз керек. Мындан аркы шайлоодо ар бир депутат болом деген адамды башынан аягына чейин окуп чыгып туруп, анан тизмеге киргизүүгө аракет жасашыбыз шарт.