“АГАМА БИЛГИЗБЕЙ ЖЕҢЕМ МЕНЕН ЖАШАП ЖҮРДҮМ”

“Жеңем экөөбүз кетирген каталарды бизден кийинки жаштар кайталабасын. Ушундай ишке барганыма өкүнөм. Баары жеңемдин дубалаткан тамактарынын айынан болгонун эстесем, андан өч алгым келет” дейт тагдырын баяндап берген Мунар мырза (ред. каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү).

“АГАМДЫ УКТАТЫП КОЮП, МЕНИН ҮСТҮМӨ КИРЧҮ”
– Бул окуя 2012-жылы октябрь айында башталган. Менин бир уулум бар, бирок аялым менен ажырашып, 4 жарым жылдан бери жалгыз жашап жүрөм. Өзгөн шаарындагы бильярд клубдардын биринде иштечүмүн. Эки күндүн биринде эле бир узун бойлуу киши келип бильярд ойнойт да, акысын төлөбөй кете берчү. Ачуум келип бир күнү кыжылдаша кеттик. Ары жактан досум келип, “бул музыкант болот, акчасын албай эле кой” деп калды. Музыкага жакын элем, ал экөөбүз жакшы тааныш болуп, тойлорго бирге чыга баштадык. Туугандыгыбыз жок болсо да, жакын санаалаш ага-ини болуп кеттик. Мен аны бир тууган агамдай көрүп, “ага” деп алдым.
Бир жолу Кара-Кулжа районуна тойго барып, аябай кеч болуп кеткендиктен агам “биздин үйгө эле жатып кал” деп болбой туруп алды. Үйүнө кирип ашканасында отурдум. Агам аркы бөлмөгө кирип барып, “конок келди, төшөк сал” деп аялын араң тургузду. Ачууланган жеңемден уялып, жер караган боюнча кирип барып жаттым. Эртең менен туруп чыгып кеттим.
Кийинчерээк кафеге тамактанганы кирсем, официант аял мени карап, жылуу күлүп тейлеп жатты. “Эмне, көзүңө башкача көрүнүп жатамбы?” десем, “баягыда биздин үйгө түнөдүңүз го” деп калды. Көрсө, жеңем ошол кафеде официант болуп иштейт экен. Ошол жерден таанышып, сүйлөшүп калдык. “Жеңе, жакшынакай экенсиз” деп тийиштим. “Жолдошум бар, андай дебеңиз” деп койгон.
Ошол боюнча курулуш иштери менен кетип, 3 ай көрүшкөн жокпуз. Кийин келсем жеңем “эмнеге келбей койдуңуз?” деп өзү жакындай баштады. Бат-баттан телефон чалышып, СМС жазыша баштадык. Ортодо сүйүү жаралып, жеңем мени кызганчу болду. Түшкү тамакка да, кечки тамакка да чакырат. Кафенин тизмесиндеги тамактарды бербей, мен үчүн өзүнчө тамак даярдап чыгат. Бир күнү телефон чалып, “биздин үйгө келип жашаңыз, агаңызга батиринен чыгарып салыптыр деп айтып койдум” деди. Агам да чакырып алып, “жеңең аркылуу айттырбай, түз эле мага  айтпайсыңбы. Биздин бир бөлмө бош эле турат. Келип жашай бер” деди. Бир-эки кийимимди көтөрүп алып барып жашап калдым. Барган күндүн экинчи күнүнөн баштап жеңем менин бөлмөмө кире баштады. “Ойгонуп кетет” десем, “кыжалат болбоңуз, уктап жатат, димедрол берип койгом” дейт. Экөөнүн ортосунда 5 жашар кызы бар. Ошентип алардын үйүндө 2 ай жашадым. Агам эч нерседен кабарсыз. Күндө эртең менен кетет, кечинде мас болуп келет да, тамак ичери менен отурган жеринде уктап калат. Жеңемсиз мага да күн өтпөй калчудай боло баштады.
Бир күнү экөөбүз Ошко келип, мени сүйүп калганын, жолдошу аны сүйлөшпөй эле ала качканын, жолдошунун тапканы арактан ашпаганын, турмуш кургандан бери бир көйнөк алып кийгизе албаганын айтып ыйлады. “Ажырашып, сизге турмушка чыгам” деди. Мен каршы болдум, жакын санаалаш агамдын аялына үйлөнсөм, Кыргызстандан кетишим керек болот. Кантип чыдап жашайм? “Кызыңызды ойлоңуз, Орусияга кете турган болсок, ооруңуз күчөп кетет. Билимдүү жолдошуңуз турса, аны таштап кантип мага турмушка чыгасыз?” дедим. Жеңеме мүмкүнчүлүгүмдү айттым. “Жолдошуң көп ичет, ажыраш”  деп көп адамдар айтышчу эле. Рахмат сизге” деп кайра ойлонуп калды. Бирок мен андан баш тарта албай, агамдан кызгана турган болуп калдым.

“АПА, АГА, СИЛЕРДИ АТАМА АЙТАМ”
– Ошентип жүрүп жаткан жерибизден кызына кармалдык. Сүйүүбүз күчөп, аны көзгө илбей калдык. Ачык эле эркелеше берчүбүз, чегибизден ашып баратсак, кызы көзүн жаап отуруп калчу. Ишемби, жекшемби күндөрү жеңем иштебейт, экөөбүз жетелешип алып Ошко келебиз.
Бир күнү кызын ээрчитип алдык. Шаарга келгенде жеңемдин инилеринин үйүнө барчубуз, бир ирет мейманканага бардык. Администратор чоң эле эже экен. Ага “эже, кызымды карап туруңузчу” деди. Кызы “мен деле силер менен кире берейин, жаныңарда туруп турам” деп бизди ээрчип, ыйлап туруп алды. Эптеп сыртка калтырып кирип кеткенбиз, эшикти бекитпей калыптырбыз. Бир убакта кызы эшикти ачып, “апа, ага, үйгө барганыңарда силерди атама айтам” деди. Үйгө жеткенче кызын алдап, акча да бердик. Андан кийин жаткан жерибизден үстүбүзгө кирип калса, биз уялып кетсек ал бизди жоошутуп, “ой, уялып кеттиңерби, жата бергиле” деп кайра чыгып кетчү. Үчөөбүз бир үй-бүлөдөй болуп ээрчишип жүрө берчүбүз. Жеңем менен кызын көтөрүп,  үйгө кеч келчүбүз.
Бир күнү баарыбыз телевизор көрүп отурсак кызы Альбина “ага, баягыда апамды көтөрүп айланттыңыз го, мени дагы ошентип ойнотуңузчу” дей салды. Баарыбыз “тык” токтодук. Жеңемдин көзү алайып, менин жүрөгүм оозумдан чыгып кетейин деди. Альбина акырын ашканага чыгып кетти. Апасы артынан чыгып баратканда агам “отур, келсин өзү” деп чыгарбай койду. Кызы кайра киргенде атасы “кызым, эмне дедиң?” деп сурады. Жаш болгону менен көп нерсеге акылы жеткен, тетик кыз болчу. “Бая күнү жолдо келатсак Акыл агам  (ред. каарманга тиешеси жок өз агасы) жолугуп калып, мени айлантып ойнотту эле” деп сөз таап кетти. Жүрөгүбүз ордуна келе түштү. Жаш кыздын акылына таң калам, бирок биздин кумар оюндарыбызды ачык көргөн кызы кандай болуп бой жетет, билбейм. Апасы кызынын келечегин ойлоп да койбойт.

“ДУБА ИЧИП, СҮЙҮП ЖҮРҮПТҮРМҮН”
– Эмне жеп, эмне ичип жатканыма маани бербей, жеңемдин агама димедрол берип, мени менен жатканына кубанып жүрө бериптирмин. Дубаланган тамактарды жеп, башым айланып жүргөн экенмин.
Бир жолу мен Бишкекке барып иштеп келем десем жеңем болбой койду. "Өзүм жумуш таап берем" деп өзүнүн ата-энесинин үйүнө алып барды. Алардын сарайын куруп бердик. Биринчи турмушумдан бир балам бар, ал жанымда жүрсө да ага көңүл бурбай, тапкан акчама жеңем менен кызын ойнотуп, кийинтип жүрдүм. Шакек алып тагып да койдум. Тууган-урук дегенди такыр унуттум. Жеңемдин артынан ыйлап ээрчий турган болуп калдым. Жүрөгүм сыгылып, көргүм келе берет. Башым жарылайын деп ооруйт, эч нерсеге табитим тартпайт. Качан анын жанына барып, маңдайына отуруп сүйлөшкөндө гана баары токтойт. Сарайын куруп жатып да кыйнала бердим, жеңемдин апасы “сени жүк басып жатат окшойт” деп киренеледи.
Бир күнү апасынын кызына “Үмүт, баягыларыңды молдого окутуп койдум, келип алып кет, эми элдин баарын өзүңө каратып алба” деп жазган СМСин окуп калдым. Ошондо гана кандай чөйрөдө жүргөнүмдү билдим. Жеңемдин астына барып, “мени кандай кылып окутуп башымды айландырсаң, кайра дал ошондой кылып өзүмө келтирип кой” дедим. Жеңем чычалап, “мен андайга акча коротпойм, бир гана Аллага ишенем” дейт. Телефон чалсам жооп бербейт, ачууланып, кыйкырып урушат. А мени калтырак басып, жүрөгүм сыгылчу болуп калды. Акыркы күндөрү валерианка иче баштадым. Жеңем өзү мени менен жүрүп бирөөлөргө “буга аялды мен өзүм таап берем. Өкүл эне болом” деп айта берчү. “Менин жүрөгүмдөгү сүйүүм түгөнгөндө сизге өзүм кыз таап берем. Ошого үйлөнөсүз” деп айтчу. Мен анысына да макул болуп жүрдүм. Бир күнү агам чалып, “Мунар, ушундай кептерди угуп жатам го” дейт. “Баары туура, сиздин үйүңүзгө батирим жоктугунан эмес, аялыңызсенсиз уктай албай жатам, биздикине келип жаша” дегенинен баргам” дедим. Агам аябай сөгүнүп, “өкүл энең, жеңең менен жашап жүрдүңбү?” дейт. "Ошондой болду" дедим да, байланышты токтоттук.
Азыр көчөдөн кезигип калсак мен жеңемди, агам мени өлтүрүп коюшубуз мүмкүн. Учурда үчөөбүз дал ошондой абалда турабыз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (96)
depu
2014-07-17 16:25:58
Супер инфо мындай окуялар адамдарга сабак болбойт,тескерисинче болуп калбасын. Мындайларды чыгарбай койгонунар жакшы
0
Neizvestnaya
2014-07-18 00:42:01
Турмушта мындай нерсе коп болот анын себебчиси биргана арам ойлуу АЯЛ болорун унутпайлы аял озун тыйса эркек эч нерсе кылалбайт.
0
kama98
2014-07-18 00:47:32
Акмак аял экен
0
asil88
2014-07-18 01:37:09
ооййй бул жерде биринчи кунажын жибин узуп алган го 2 жака улгургон кыйын женеси бар екен
0
akzuura
2014-07-18 10:00:36
Ар кимге инсап берсин элдин сындоосунан алыс болгула айтаарым.
0
Kamila88
2014-07-18 13:46:06
Аял да берки бала да акмак экен. Окшошкондор табышып.
0
kuba.kq8705
2014-07-18 13:53:03
jenenin bir sany kaininiki degendei bolupturda
0
nurik..asem
2014-07-18 16:04:15
5 жашар кызынын келечеги кандай болот Эми апасынын башка эркек менен жатканын жашаганын коруп турса озун ойлогону менен турмушу солгундады эркектин конулу калганы жаман дейтко эртен кызы чонойсо да акыл айта албайт
0
Afina
2014-07-18 16:07:23
жашоо кайда эле баратат?
0
Jazgul85kg
2014-07-18 19:35:52
Ар бир адамга ыман ынсап берсин
0
vseklu4wemu
2014-07-19 11:10:29
Азыр мындай окуялар аябай коп зыналар ачык эле болуп жатат бул маалыматтардан кийин деле кайдыгер коз караш менен жашабайлы ар кимдим уй булосуно жакшы жараткан ыйман берсин
0
ruffo90
2014-07-19 21:01:36
Агасы десе бир тууганы окшойт депмин. Такыр тууганчылыгы жок экен.
0
АЙЫМАЙ
2014-07-19 22:12:15
smeshno
0
Seitbek.93
2014-07-20 00:39:30
Кызык жомок эмесби бул?
0
jk_altin01
2014-07-20 14:59:40
Э сен да адамсынбы ошол жененди куноологондон коро озундун куноонду моюнга алып дуба кылсан боло.
+1
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан