"АГАМДЫ САГЫНДЫМ"
– Алайлык агам Арстанбек Эрматовду издеп келем. Ал 1969-жылы туулган. 2007-2008-жылдары Ноокатта прокурордун жардамчысы болуп иштеген. Азыр Бишкекте турушат. Чолпон аттуу келинчеги, Мээримай, Амантур деген уул-кызы бар болчу. Силерди сагындым, окуп калсаңар байланышып койгулачы, мен Москвадамын.
Иниңиз Бекболот,
тел.: +7926 07-07-827
"ӨЗБЕК ДОСУМ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАЯКЕЛЕРИН ИЗДЕП ЖАТАТ"
– Мен интернет аркылуу бир жигит менен таанышып калдым. Ал менин жердигим Нарын экенин билип, нарындыктарды издеп жүргөнүн айтты. Көрсө, анын апасы кыргыз экен. Таанышым Айбек Маминов тайлары Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Хутор Ак-Талаа (мурунку Конезавод) айылында жашаарын, таятасынын аты Төрөбай, таенесиники Суусар, Дүйшөнбек, Шейшенбек, Жеңишбек, Эркинбек аттуу таякелери жана Айнагүл аттуу таежеси бар экенин айтат. Айбектин апасынын аты Гүлсүн Бекбоева. Учурда алар Өзбекстанда турушат. Кабарлашсам катташып турат элем деген тилеги бар. Эгер жээниңерди таанысаңар, мага байланышып койгула.
Асанбек кызы Анара,
тел.: 0700 16-28-97
“КУРБУМ ТОЛГОНАЙДЫ ИЗДЕЙМ”
– 1994-96-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №9-орто мектепте 10-11-класста бирге окуган жакын курбум Орозова Толгонай Жалаловнаны издейм. Ал өзү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Бел айылынан болот. 1996-жылы Жалал-Абад шаарынан Ош шаарына көчүп кетишкен. Ошол боюнча көрүшө элекпиз. Толгонай, эгер окуп калсаң кабарлаш.
Курбуң Назира Султанова,
тел.: 0773 14-57-23
“АПАМДЫ ООРУКАНАДА БАККАН ФЕРИДЕНИ ИЗДЕЙМ”
– Мен, Гүлзат Орунбаева, Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынан болом. Бир нече жылдан бери Токтосунова Фериде Сапаралиевна аттуу эжени издеп келем. 6 жыл мурда ушул Фериде аттуу эже менин апам ооруп жатканда карап, дары-дармектерин алып берип жүргөн экен. Апам ошол жылы каза болуп калган. Ал кезде жаштыгымдан эч нерсени түшүнбөптүрмүн. Азыр эми ыраазылыгымды айтайын деп аны таппай жүрөм. Фериде эже Оштун Жапалак шаарчасынан болот деп уккам. Издеп барып, таппай келдим. Таанып-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.
Гүлзат, тел.: +7929 52-27-856
guli.munka@gmail.com
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
(0312) 47-43-43
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg