Үйлөнүү той, классташтардын жолугушуусу, туулган күн, тушоо той, юбилей, кыскасы, кандай маараке болбосун “Кара жорго” бийин бийлемейинче майрамдын шаңы көрккө келбей калды. Быйылкы жылдын өзгөчө модасына айланган “Кара жорго” ырын да созолонтуп, бийин да келиштире бийлеген Асел Касмакунова менен маектештик.
– Кеңсебизге кош келдиң, Асел. Мээ кайнаткан аптапта эмне иш менен алексиң?
– Саламатсыздарбы? Күндүн ысыктыгына карабай “Кара жорго” тобу менен 2-ырыбызды жаздырып, ага ылайык этнобий даярдап жүргөн учурубуз.
– “Кара жорго” бийи сырттан караган адамга оңой көрүнгөнү менен бийлей келсең ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кандайча “Кара жоргону” ырдап, бийлеп калдың?
– 1924-жылы немис окумуштуулары илимий экспедиция менен Кыргызстанга келип, Каркыра жайлоосунда болгон жарманкеде кыргыз бийин киноплёнкага тартып алышыптыр. Ал киноплёнка кийин 70-80-жылдары Кыргызстанга алынып келинген экен. Ошол тасманы, андан сырткары кытайлык кыргыздардын бул бийди аккордеондун коштоосунда бийлегендерин көрүп мен да кызыгып бийлеп көрсөм окшошконсуду, анан бийлеп калдым. Кубаныч агайга (ред. Эсенбаев) ырдасамбы десем, “мейли, ырдап көр” деди, “бийлейм дагы” десем биринчи күлдү, анткени менин бийлегенимди көрө элек болчу. Биринчи сиңдим экөөбүз ырдап-бийлеп жүрдүк, анан Эльмурат аттуу таланттуу балага жолугуп, аны да “Кара жорго” тобуна кошуп алдык. Бирок сиңдим Түркияга кетип, Эльмурат экөөбүз калдык.
– Сахнада ырдоо, чыгармачыл адам болуу сенин жаштайыңдан берки кыялыңбы?
– Бала кезде кандай талантым болгону эсте жок. Эс тартканы ыр, бийге болгон кызыгуум арта баштады. Кафелерде ырдап жүрдүм. Анан чыгармачылык дүйнөсү өзүнө тартып кетти окшойт. Өзүм КУУнун журналистика факультетин бүтүргөм. Окуп жүргөндө эле КТРге барып, "Сыр сандык" берүүсүн алып барган Кубаныч агайдын жардамчысы болуп ишке орношком. Кубаныч агай көп нерсени үйрөттү, чыгармачылыкка аралашышыма түрткү болду. Азыр ырчылык менен кошо өз кесибим менен да эмгектенип, “Сөздүн көркү” деген көрсөтүүнү даярдап, өзүм алып барам.
– Эмнеге азыркы жаш ырчыларга окшоп заманбап эстрадалык эмес, элдик ырга басым жасадың?
– Өзүм башынан эле улуу муундун ырчыларынын ырларын угуп, аккордеондун коштоосундагы кайрыктарга жакынмын. Ошондуктан да тандоом ушу элдик ырга түшкөндүр. Ырдын сөзүнө, обонуна, аранжировкасына чейин аябай маани берем. Эстрада жаатында, балким, кийин ырдап калармын.
– Азыр каякка барба “Кара жорго” ыры жаңырып, буту баскан баладан таяк таянган карыга чейин бийлеп жүрүшөт. Демек, той-топурга чакыруулар көп эле болууда?..
– Кудайга шүгүр, чакыруулар жакшы эле. Күнүнө 6-7 чакыруу түшүп жетишпей калган учурлар болот. Азыр Орозо болгонуна байланыштуу чакырыктар бир аз азайып калды. Андан тышкары маданий иш-чараларга чакыруулар көп болуп, буту-бутубузга тийбей чуркап эле жүрөбүз.
– Бир күндө ошончо тойго барсаңар, кирешени каякка коротуп жатасың?
– Бизде баары ачык-айкын, түшкөн акчаны ортого коюп, ырга, клипке, формага жана башка керектөөлөрүбүзгө жумшап, калганын тең бөлүп алабыз.
– Анча-мынча болсо да эл көзүнө көрүнүп калдың, анан көчөдөн сени тааныгандар чыгып жатабы?
– Формачан чыксам Асел атым өчүп “Кара жорго баратат, келе жатат” болуп калам. Ал эми форманы чечкенде таанышпайт деле.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?
– Атамдын аты Саткын, апамдыкы Бактыгүл. Беш бир тууганбыз. Эжем, мен, сиңдим, анан 2 иним бар. Үй-бүлөбүз менен Бишкекте турабыз. Үйдөгүлөрдүн баары менин чыгармачылыгымды ар тараптан колдоп, “биздин кыз” деп сыймыктанып турушат.
– Сендей сулуу кызды кандай жигиттер жандап жүрүшү керек, кандай сапатка ээ болушу зарыл?
– Эң негизгиси мен аны эмес, мени сүйрөп кете турган тың жигит керек. Жашоодо андай адам менен ишенимдүү өмүр сүрөсүң, аял катары алсыз болуп турсаң жакшы го, эркектин да, аялдын да жумушуна чуркабай. Келбетине келсек, бою менден узун, арыкчырай болсо, анан билими да чоң роль ойнойт.
– Спортко кандай көз караштасың?
– Спорт менен “досмун”. Бий дагы спорттун бир түрү эмеспи. Футбол, баскетбол ойногум келет, бирок топ тепкенди билбейм. Билгендерге күйөрмандык кылам.
– Футбол демекчи, азыр футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондук болуп жатат. Кайсы команданын күйөрманысың?
– Убактым тар болгонуна байланыштуу бардык оюндарды көрө алган жокмун. Бирок башынан АКШнын командасына күйөрмандык кылып жаткам, “командаң утулуп калды” деп айтышты.
– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Касмакунова Асел Саткыновна Орусиянын Тюмень облусундагы Нефтеюганск шаарында туулган. 3 жашка чыккандан кийин ата-энесинин киндик каны тамган Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коңур-Өлөң айылына көчүп келишкен. Асел келечекте кинолордо роль жараткысы келет, ошондой эле балетке да кызыгат. Алдыга койгон максаты – “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамын алуу.
Асыл Орозбекова
star@super.kg