2014-жылга карата Кыргызстандын тышкы карызы 3,2 миллиард долларды түздү. Мындан улам «Карызы жок өлкө барбы?» деген суроо туулат экен. Бирөөлөр «андай өлкөлөр жок болсо керек» дешсе, айрымдар өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Швейцарияны аташы мүмкүн. Бирок кубаттуу өлкөлөрдүн карызы аларды кекиртектеп турганын көбү аңдабайт. Алсак, АКШнын карызы 17 триллион доллардан ашса, Улуу Британияныкы 2 триллионго жакын. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк картада 195 көз карандысыз өлкө орун алган. Алардын 193ү аталган уюмга мүчө болсо, экөө байкоочу өлкө катары саналат. Ал эми булардан сырткары экономикалык саясатын өз алдынча жүргүзүү боюнча өзгөчө макамга ээ бир катар аймактар бар. Дүйнөдө карызга малынбаган, элинин курсагы ток, кайгысы жок 3 өлкө жана өзгөчө макамы бар 2 аймак гана бар. Алардын ар бирине токтолуп, кайсы тармактары аркылуу экономикасын бекемдеп алууга жетишкенине назар салалы.
БРУНЕЙ
Расмий аталышы – Бруней-
Даруссалам султандыгы
Борбору – Бандар-Сери-Бегаван
Жайгашкан орду – Азиянын түштүк-чыгышы
Аянты – 5,75 миң чарчы чакырым
Элинин саны – 401 890 киши (2011-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Абсолюттук монархия
Өлкө 1888-жылдан 1984-жылга чейин Улуу Британиянын кол алдында болуп келген. 1984-жылы өзүн эгемендүү мамлекет катары жарыялап, учурда бай өлкөгө айланган.
Аймагынын 75 пайызын токойлор ээлеген бул өлкө пайдалуу кендерге бай жана ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 90 пайызын камсыздаган нефти (жылына 10 миллион тонна) менен газ (12 миллиард куб) өндүрүлөт. Мындан сырткары кагаз, минералдык жер семирткич, курулуш материалдарын чыгаруу оң жолго коюлган. Ал эми айыл чарбасы начар өнүккөндүктөн, 80 пайыз азык-түлүктү сырттан сатып алышат. ИДӨсүн элинин санына бөлгөндө ар бир брунейликке жылына 49 791 доллардан тиет. Бруней ислам жолу менен жашаган өлкө болгондуктан, ал жактагы мыйзамдар өтө катуу. Мамлекеттик казынага байланышкан маселелерди чечүүдө да ислам принциптери колдонулат. Анын жыйынтыгында өлкө карызы жок жашайт.
ПАЛАУ
Расмий аталышы – Палау Республикасы
Борбору – Нгерулмуд
Жайгашкан орду – Тынч океандагы майда аралдарда. Филиппиндин чыгышынан 800 чакырым алыстыкта
Аянты – 458 чарчы чакырым
Элинин саны – 20 900 киши (2010-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Президенттик
Палау – 1984-жылы Улуу Британиянын кол алдынан бошонуп, эгемендик алуу менен 300дөй майда аралды өзүнө каратып, карызы жок жашаган өлкөлөрдүн бири. Палаулуктардын айыл чарбасы өз курсактарын өзү тойгузууга гана ылайыкталган. Экономикасынын негизги тармагы – балык уулоо жана туризм. Мында тропиктик балыктардын 1500 түрү, акуланын 130га жакын түрү байырлайт. Палау айлана-чөйрөнү коргоочулар тарабынан «Суу астындагы керемет» деген атка ээ болгон. Мындан улам Палауну көрүүгө ашыккан туристтердин саны жыл сайын арбып барат. Өлкөнүн экономикасы анчалык өнүккөн эмес жана ИДӨнү бөлсөк, киши башына 8,1 миң доллардан гана тиет. Бирок ага карабай Палау доочусу жок өлкө.
1862-жылы Португалиянын колониясы болуп саналган Макао 1999-жылы Кытай Элдик Республикасына өткөн. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги жарым-жартылай кытай бийлигине көз каранды. Бирок кумар оюндарынын мекенине айланып, Лас-Вегасты артка калтырган Макао өзүн-өзү каржылап, экономикалык иштерин толугу менен өз алдынча жүргүзөт. Өткөн жылы аталган аймак казынасынын 70 пайызын, акчалай алганда 45 миллиард долларды кумар оюндарынан түшкөн салык менен толтурган. Буга улай Макао түнкү клубдары, ат майдандары жана порттору менен дүйнөгө таанылган. Ошондой эле текстиль, балык уулоо жана тамеки өндүрүү тармагы экономиканын негизин түзөт. Жылдык ИДӨсүн бөлсөк, ар бир макаолукка 36 357 доллардан тиет.
БРИТАНДЫК ВИРГИН АРАЛДАРЫ
Расмий аталышы – Британдык Виргин аралдары
Борбору – Род-Таун
Жайгашкан орду – Кариб деңизиндеги аралдарда
Аянты – 153 чарчы чакырым
Элинин саны – 24 939 киши (2010-жылга карата)
Өлкөнү башкаруу формасы – Көз каранды аймак
Британдык Виргин аралдары Улуу Британиянын колунан толугу менен бошонбосо дагы, 1967-жылдан тарта мыйзам чыгаруу жана экономикасын өз алдынча башкарууга укук алган. Өз алдынча оокат кылууга өткөн өлкөнүн карызсыз жашоосуна мүмкүнчүлүк берген туризм жана каржы тармагы. Жылына аймакка
800 миңден ашуун турист келет жана алардан түшкөн акча өлкөнүн жалпы кирешесинин 45 пайызын камсыздайт. Бул аймак офшордук аймак катары таанылгандыктан, дүйнөдөгү мындай компаниялардын дээрлик 40 пайызы же 650 миңден ашык компания мына ушул аймакта катталган. Ал эми өндүрүштөрүнүн тизмесин курулуш, жеңил өнөр жайы жана ром өндүрүү түзөт. ИДӨсү ар бир жаранына 43 336 доллардан туура келет.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg