ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-июлдан 20-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында жол жүрүүдө абайлаңыз. Жылдыздар сизге коомдук унаада жүрүүнү сунушташат. Шаршембиде катачылык кетирбейин десеңиз, өзүңүзгө тың болуңуз. Бейшембиде жумуштарыңыз чачтан көп болот. Бирок баарын бүтүрөм деп шымаланбаңыз, ден соолугуңузга кедергиси тийип калышы мүмкүн. Дем алыш күндөрүн достордун арасында өткөрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башы жаңы таанышуулар менен башталмакчы. Шейшембиде мурун берген аласаңызды алып, капчыгыңыз кампаят. Шаршемби жана бейшемби күндөрү чоң иш баштоого шашылбаңыз. Аны кийинки жумага калтыра турганыңыз оң. Себеби жыйынтыгы сиз күткөндөй болбойт. Ишембиде материалдык нерседен улам чыр жаралышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө эгиздерге жумушта гана эмес, үйдө да бир топ жумуштарды бүткөрүүгө туура келет. Шаршембиде бир кезде чогуу иштешкен кесиптешиңизге жолугуп, чер жазышасыз. Бейшембиде энергияңыз ашып-ташып, активдүүлүгүңүздү көрсөтөсүз. Жума – жаңы иш долбоорлорун, оңдоп-түзөө иштерин баштоого ылайыктуу күн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада ийгилик жаратам десеңиз, башкалардын кебине кулак салбай, чечимдерди өзүңүз кабыл алыңыз. Шейшембиде чыкчу сапарыңызды кийинки аптага жылдырганыңыз оң. Кыйынчылыктар күтүп турат дешет жылдыздар. Жума күнү сабырдуу болсоңуз, чоң чырдын алдын алган болосуз. Апта аягында чарба иштери менен алектенүүгө туура келет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Туура эмес айтылган кеп өз башыңызга муш болорун эске алып, аптада тегеректеги адамдарга этият мамиле жасаңыз. Шаршембиде үй-бүлөдө каржы маселеси жаралып, досторуңузга кайрыласыз. Жума күнү айтылган накыл кепке арданбай, моюн сунганыңыз оң. Жекшембиде түшүңүзгө байма-бай кирип жүргөн адамга жолугасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада мээнеткеч болуп чыга келесиз. Ошого жараша көп иштерди бүтүрүп алууга үлгүрүңүз. Шейшембиде акчаңызды үнөмдөп, туура колдоно албасаңыз, апта аягында акчага муктаж болуп каласыз. Бейшембиде кандайдыр бир себептерден улам жүрөгүңүздө кызганыч сезими алоолонот. Жекшембиде бирөөлөрдүн ишине жана жеке жашоосуна кийлигишпегениңиз туура.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбүдө тамаша сөздөн улам чыр чыгып кетиши мүмкүн. Андыктан ашыкча сөз сүйлөөдөн этият болуу керек. Шейшембиде мамлекеттик мекемеге иш боюнча баш багасыз. Бейшембиде жакын адамыңыз саткынчылык кылышы мүмкүн. Ага көз жумуп койгонуңуз туура болот. Апта соңунда көптөн күткөн тилегиңиз орундалып, кубанычка бөлөнөсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын алгачкы күндөрү ден соолугуңуз кескин начарлап кетүүсү мүмкүн. Андыктан физикалык жактан көп жумуш кылууда этият болуп, өзүңүзгө кам көрүңүз. Шаршемби – бойдоктор үчүн жагымдуу күн. Жаңы таанышуу орун алмакчы. Айрымдар баш кошууга да кадам ташташат. Дем алыш күндөрү конок тосуп же конокко барууңуз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдамчылардын тузагына түшпөйүн десеңиз, дүйшөмбүдө өзүңүзгө сак болуңуз. Шейшемби – кыймылсыз мүлк сатып алууга ылайыктуу күн. Шаршембиде орчундуу чечим кабыл алууга ашыкпай, эртеңкиге жылдыра туруңуз. Ишембиде тамактанууда абайлаңыз, уулануу коркунучу бар. Жекшембини сүйүктүүңүз менен чогуу өткөрөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күндө керектелүүчү тиричилик техникасын сатып алууга ыңгайлуу апта. Чыгармачылык жаатындагы адамдардын иши алдыга жылат. Тууганыңызга жасаган жакшылыгыңыздын акыбети шейшембиде кайтат. Жума күнү жан дүйнөңүздүн тынчтыгын көздөп, баарына кайдигер болуп чыга келесиз. Жекшембиде жүрөгүңүзгө жакын адам менен бирге болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада иш баштоодон мурун акыл калчап ойлонуп көрүп, анан чечим кабыл алыңыз. Болбосо чечим туура эмес жыйынтык берип, зыянын тартып калууңуз мүмкүн. Бойдоктор үчүн сүйүүсүн билдирүүгө же баш кошуу сунушун киргизүүгө ылайыктуу апта. Апта соңунда эс алууга убакыт бөлөм деп маанилүү иштен куру калбаңыз. Андыктан бардык нерсени алдын ала пландап алыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башында үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бир топ чыгымга учурайсыз. Шейшембиде үй тиричилик буюмдарын колдонууда абайлаңыз, кырсыктап калышыңыз мүмкүн. Жуманын экинчи жарымында такталбаган маалыматка ишенип, жакын адамыңыз менен таарынышып кетүү коркунучу күтүп турат. Ишембиде узак сапарга чыгууңуз күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан