СҮЙҮҮСҮ ДА, ӨЛҮМҮ ДА ТАБЫШМАКТУУ ТААЛАЙБЕК БЕКТУРГАНОВ

Ташкындаган таланты, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ашыктык ырлары менен эсте калган ырчы Таалайбек Бектургановдун өлүмүнүн да, сүйүүсүнүн да сыры ачылбай келет. Анын басып өткөн жолун жакындарынан угалы деп, бала кезинде чаң ызгытып чуркап чоңойгон Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына бардык. Ырчы дүйнөдөн өткөндөн кийин ата-энеси күйүткө чыдабай биринин артынан бири дүйнө салыптыр. Жакындарынын айтымында, жалган жалаа менен камалып чыккан агасы бүгүнкү күнгө чейин жалгыз бой жашаарын угуп, бирок айылдан таппай, аны менен маектешебиз деген тилегибиз ишке ашкан жок. Легендарлуу ырчыны жакындары эскерип, эл билбеген сырларын айтып беришти.

Ажар Бектурганова, эжеси:

«АГАМДЫ АБАКТАН ЧЫГАРАМ ДЕП КЕТИП, ӨЛҮП КЕЛДИ»
-Биз 10 бир тууганбыз, Таалай бир туугандардын сегизинчиси эле. Үй-бүлөдө атам чыгармачылыкка жакын болчу. Комузда кол ойнотуп, сөздү чебер сүйлөгөндүктөн уккан адам муюп калчу. Атама таасирленип Таалай да комузду эрте үйрөнүп, мектепте болгон шаң-кечелерде ырдай баштады. Туугандар чогулганда комуз менен ырдап, кинодогу каратисттерди кайталап куудулдана берчү.
Биз Таалайды чоңойгондо куудул болот дегенбиз. Кийин спортко болгон кызыгуусу күчөп, волейбол, сууда сүзүүнү мыкты өздөштүрүп, ал өнөрү менен районго аты чыккан. Студент кезинен тарта чыгармачылыкка ыктап, ырларды жарата баштады. 1992-жылы биринчи жолу «Эмне мынча сүйөм сени?» деген ырын укканда жакын адамы катары толкунданып, кубангам. Таалайдын 1995-жылы биринчи жана акыркы болуп калган Бишкектеги филармонияда берген концертине бара албай калганыма дагы деле өкүнөм. Концертте апам эл алдына чыгып сүйлөгөндө алып баруучу Таалайга «апаң тоолук болгону менен кыйын аял экен, жакшы сүйлөйт турбайбы» деп тамашалаптыр.
Инимдин «Назира» деген ырына байланыштуу көп кеп-сөздөр болгон. Чынында, Таалай менен Назира жаш кезинде сүйлөшүп жүрүшчү. Баш кошобуз дешкенде кыздын ата-энеси каршы чыгып, тилектери ишке ашпай калды.
1995-жылы май айында айылга ырчылар менен концерт коюп келгенде Жылдыз деген кыз менен тааныштырып кеткен. Ал ортодо милиция кызматкерлери өзүлөрү өлтүргөн адамды Чолпон аттуу инимди өлтүрдү кылып, жалган жалаа менен камап салышкан. Таалай менен Жылдыз баш кошобуз деп турган учур эле. "Агам камакта жатса менин үйлөнгөнүм туура болбой калат. Орусияга барып иштеп, ноябрда келип үйлөнүп, агамды абактан чыгарып, чындык үчүн күрөшөм" деген эле. Тилекке каршы, адилеттик үчүн күрөшөм деген инимдин Орусиядан жансыз денеси келди.

Токон Алыева, класс жетекчиси:
«АПАСЫ БАЛАСЫ БОЛСО БАГЫП АЛАМ ДЕГЕН»
-Таалайдын билими орто, бирок музыкага болгон шыгы күчтүү болчу. Аны "Таалай кара" деп эркелетип койчумун. Мектепте карагаттай көзүн жайнатып комузду күүлөп отура берчү. Музыка сабагы болбосо деле "Таалай, ырдап койчу" десем ырдап, күүлөрдү чертип берчү. Бир жолу ачык саат өтүп, Таалайга "Манас айтасың, жаттап кел" деп тапшырма бердим эле, Манасты чоң манасчылардай берилип айтып мугалимдерди таң калтырган.
Шаарда окуп жүргөндө «Назира» деген ыры чыгып, айылга концерт берип келди (ред. Т.Бектургановдун "Назира" деген ырынын текстин 21-беттен табасыз). Мени менен учурашканы келген экен, тамашалап «сүйгөн кызың Назира окшойт» десем күлүп койду. Ийгиликти бат багындырганы менен, акыбетин көрбөй, чыгармачылыгынын акырына жетпей калды.
Каза болгондо Жылдыз деген сүйлөшкөн кызы кошо келди. Апасы менден «кош бойлуу бекен сурап берчи, баласын өзүм эле багып алам» деп суранган эле. Жылдызга апасынын суранычын айтсам, кош бойлуу эместигин айткан. Мындай таланттуу кишинин артында туяк калса жакшы болмок.

Атантай Акбаров, айылдаш агасы, акын:
«ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН КЕТСЕ КӨП ЖАШАЙТ БЕЛЕ?..»
-Таалай жаш кезинен эле музыкага жакын, зээндүү бала эле. Атасы Камчыбек аба комуз чертчү. Кезинде ал Улуу Ата Мекендик согушка аттанарда комуз күүлөрүн чертип, калың элди ыйлаткан экен. Таалай сууда мыкты сүзчү. Чаткал дарыясы чамынып кирип турган мезгилде деле сууга бой уруп, сүзүп өтүп кеткен учурлары болгон. Кыскасы, ар кандай учурларда тобокелге бел байлап, коркчу эмес. 1994-1995-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун чопо чоор бөлүмүнөн билим алган. Ошол кездерде ушу-саньда менен да машыгып, республикада байгелүү орундарды ээлеген.
Студент кезинде менин үйүмө көп келип, гитара ойноп, ырдап берип кетчү. Балдарыбыз да аны жакшы көрчү. «Атантай аке, чыгармачылык кечеңизди өткөрүңүз, музыка жагын биз коштоп берели» деп бир ирет демилге көтөрүп калды. Ал учурда Таалай менин «Жүрөгүм күл калтырбай күйүп жатат...» деген ырыма обон чыгарып, гитаранын коштоосунда ырдап жүрчү. Ошондо чыгармачылык кече өткөргөнүмдө Нурлан Тилебаев, Дамира Ниязбекова сыяктуу досторун ээрчите келип, кечени музыка менен коштоп беришти. Өзү болсо бир эле жолу чыгармачылык кече өткөрүп калды. Балким, ошол чыгармачылык жол менен бара берсе, көбүрөөк жашайт беле деген да пендечилик ой келет. Бирок ал тезирээк үй салып, бутуна туруп, башка бир туугандарына да жардам берүүнү каалап, Орусияга соода кылганы жөнөп кетти.
Ошентип, 1995-жылы күлгүн 27 гана жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты, кайран жигит. Аны эстесем, азыр да каңырыгым түтөп кетет. Таалай өзүнүн кыска өмүрүндө музыка жанрында өзүнчө чыйыр салып, башкалардын чыгармаларынан кескин айырмаланган ондогон жаңы обондорду жаратып кетти.

Дүйшөн Райымбеков, классташы:
«ТААЛАЙ ӨЖӨР ЭЛЕ»
-Таалай экөөбүз бир айылда көчөнү чаңыта чуркап, Чаткал дарыясында балыктай ары-бери сүзүп чоңойдук. Эшигинин алдында чоң түп алма бар эле, аны "Камчыбектин алмасы" деп коюшчу. Алма бышканда үстүнөн түшпөй үзүп жечүбүз. Азыр ошол алманы көргөндө досумду көргөндөй боло берем.
Таалай өжөр, чечкиндүү, эч нерседен тайманбаган бала эле. Көчөдө, достор чогулуп калганда Сагынбек Момбековдун сатиралык ырларын аткарып көңүлүбүздү көтөрчү. Спортко болгон кызыгуусу 7-классынан башталган. Ошону менен шаардан улантып, Казакстанда өткөрүлгөн Эл аралык ушу-саньда боюнча мелдешке катышып, байгелүү орун менен келгенде кубанычын чогуу бөлүшкөм.



Рустам Батырбеков, айылдашы:

«АЙЫЛГА КЕЛГЕНДЕ ТЕГЕРЕКТЕП КАЛЧУ ЭЛЕК»
-Таалай аке ырдап чыкканда айылдагы балдар анын ырларын ырдап, кумир тутуп жүрчүбүз. Жайкы каникулда айылга келип, гитара чертип ырдаганда балдар аны тегеректеп калар элек. Балдарга гитара черткенди үйрөтүп, өзү дагы ырдап берчү. Чаткал дарыясына барганда Таалайбек акенин сууда сүзгөнүнө суктанып тизилип отуруп алат элек. Дарыянын берки өйүзүнөн аркы өйүзүнө өтүп, жээгинде ойлонуп отура берчү. Биз анын кайра сүзүп келишин кызыгып күтчүбүз. Аябай тамашакөй жан эле. Бир жолу арабызда бир бала шоктонуп жатты эле, дарыянын шар аккан жерине ыргытып жиберди. Агып бара жаткан жеринен сүзүп барып, кайра жээкке алып чыкканы эсимден кетпейт.



Тотомидин Жолдошов, «Таалай элеси» тобунун солисти, шакирти:
«ТААЛАЙ БАЙКЕНИН ГИТАРАСЫ МЕНДЕ КАЛДЫ»
-Биз чаткалдык болгондуктан ар жылы жайында Таалай байке айылына концерт коюп келгенде анын ырын сүйүп уккан 5-6 бала чогулуп барып гитара үйрөнчүбүз. Ал киши бала кыял эле, эринбей бизге ар бир аккордду үйрөтчү. Өлөрүнө аз калганда биздин Каныш-Кыя айылына келип калды. Гитарасын Бишкекке унутуп коюптур. Биз ага айылдан эки гитара таап келдик. Таалай байке достору менен чогулуп гитара чертип отуруп, берилип кетип кылын үзүп алды. Андан соң катуу ойногонунан экинчи гитаранын да кылы үзүлүп кеткен. Өткөндө бир тууган эжеси «Тотомидин, инимдин атын өчүрбөй жүрөсүң. Сенин эмгегиң бар, бул сага эстелик болсун» деп инисинин гитарасын мага берди. Мен аны алып, бир сыйра оңдотуп, кан чыгарып, тууган-туушкандарга түлөө өткөрүп, азыр чертип жүрөм.



Жыргал Кыдыров, досу:

«КҮЙӨӨСҮ БАРЫ ДЕЛЕ, ЖОГУ ДЕЛЕ ТААЛАЙГА ЖАБЫША БЕРИШЧҮ»
-Таалайдай адам чанда гана төрөлөт. Аны кыргыздын алтыны десем жарашат. Экөөбүз Нурлан Тилебаев аркылуу таанышканбыз. Ал кезде мен да ырдачумун. Таалай башында менин ырларымды аткарып жүрдү. Бир күнү ага «сен өзүңдүн ырларыңды эл алдына алып чыксаң аябай өтүмдүү болот» дедим. Менин радиодо иштеген тааныштарыма барып, «Эмне мынча сүйөм сени?» деген алгачкы ырын, андан соң дагы бир ырын жаздырганбыз. Ал кассетаны алып барып, базарда иштегендерге өз колум менен таратып чыккам. Ырлары бат эле эл оозуна алынып кетти.
Досум экөөбүз чөнтөгүбүздө 1 тыйын жок соода кылууну чогуу баштадык. Ал кезде "Ош базарында" көлөч сатчубуз. Бизди тааныгандар жаныбыздан биздин ырларыбызды кыңылдап ырдап өтүшүп, «көлөч алабыз» деп тийишип калышчу. Айла жок унчукчу эмеспиз. Соодадан тапкан акчабызга ырларыбызды жаздырып жүрө бердик. Бир жолу экөөбүз соода менен Казакстандын Чымкент шаарына барып калдык. Ал жакта казак балдар соода кылган кыргыз жигиттеринен салык алат экен. Алар бизге да келип калышты. Ошондо Таалай мага карап «Жыкы, сен бул жерде туруп тур. Мен булар менен азыр сүйлөшөм» деди. «Кой» десем болбой барып, ошол баланы жакалап туруп «Эркексиңби?! Анда мага жекеге чык! Азыр ушул жерден "бачагыңды чыгарып", түздөп салам. Сен эч качан рэкет болбой каласың. Бизге тийишпе!» деди. Тиги казактардын бири да даап эч нерсе кыла албай, унчукпай туруп калышты. Анан кыргыз балдар бизге келип «эмне үчүн силер рэкеттерге алардын үлүшүн бербейсиңер, андай-мындай» дешип бизге нааразы болушкан. Анан Ошко бардык. "Кара-Суу" базарында жүрүп, Таалай өзбек улутундагы 3 милиция кызматкерлери менен мушташа кетиптир. Мен баргыча үчөөнү тең кулата чааптыр. Аңгыча эле бирөө келди, рэкет экен. Ал менин да, Таалайдын да ырларын угуп жүрүптүр, «Силер артист турбайсыңарбы? Ушу силерден таяк жеп калыштыбы мобу «чмолор» деп аларды ал да бир сыйра сабады да, бизди алып барып аябай сыйлаган.
Таалайдын жүрөктүүлүгүнөн чочулап, «өз башына муш болбосо экен» деп коркуп турар элем. Өзү бирөөгө оңой менен тийишчү эмес, тийишкендердин катыгын берчү. Ушу-саньда боюнча Орто Азия чемпиондугу өтүп, ал жактан 3-орунду алган. Эгер калыстар калыс болгондо финалга деле чыкмак.
Бир жолу Таалай менен Жалал-Абадга барып калдык. Ал жактагы абакта Чолпон деген агасы жалган жалаа менен отурчу. Агасына жолугуп, «Бек Борбиев деген ырчыны уктуңуз беле?» деп сурасам «Ооба, жакшы чыгып жатат» деп уккам» деди. «Азыр сиздин иниңиз да Таалай Бектурганов деп катуу чыгып жатат» десем агасы ошол жерден кубанганынан ыйлап жиберген.
Таалай бир кызга аябай ашык болуп жүргөн. "Ошол кызыңа арнап ыр жазбайсыңбы" деп сунуштадым. Көп өтпөй эле сүйгөн кызына арнап жазган ырын алып келди. Ырдап көрсөк, кыздын аты ырдын ыргагына дал келбейт экен. Кыздын атын өзгөртөлү деп «Назира» деген атка токтолгонбуз.
Кара тору, келишимдүү жигит болгондуктан Таалайды кыздар көп сүйчү. Күлгөнү да жарашыктуу, тиштери да сонун болчу. Айткандай, тиштерин айылдан бир классташ баласы таш менен күбүп салыптыр. Анан кийин жасалма тиш салдырган экен. Күйөөсү бары деле, жогу деле ага жабышып калышчу. Ал кезде мен үйлөнсөм деле кыздардын Таалайга жабыша бергенин көрүп ичим күйүп кетчү.
Таалайдын өлүмүнө байланыштуу көп нерселерди уктум. Кетерде Жылдыз экөө чогуу кетишкен. Жылдызды таштап өзү товарга келе жатканда каргашалуу окуя болуп отурат да. Угушумча, Таалай рэкеттер менен уруша кетиптир. Жанындагы кыргыз балдар качып кетип, мушташта Таалай өзү жалгыз калып кеткен дешет. Негизи өлүмүн эч ким иликтеп, артынан түшкөн жок. Кылмыш иши ачылбай калды. Анын көзү өтүп кеткен соң обончу болсом да ага арнап ыр чыгарган жокмун, анын элесин сыйладым. Себеби менин чыгарган ырым ага татыксыз болуп калат деп ойлодум.

Нурлан Тилебаев, устаты:
«ТААЛАЙ ӨЛГӨН СОҢ «ДОСТОРУ» КӨБӨЙҮП КЕТТИ»
-Аскерден жаңы келгенде «Кыргызавтомаш» заводунда иштеп калдым. Таалай да ал жерде ширетүүчү болуп иштечү. Экөөбүздү чыгармачылык тааныштырды десем болот. Ал кезде менин «Эңсөө бийлеп» сыяктуу ырларым чыгып, эл алдына гитара менен ырдап чыгып жүргөм. Бир күнү Таалай келип «мен да гитарага кызыгам, үйрөтпөйсүңбү» деп калды. 1991-жылдан тарта гитараны ага үйрөтө баштадым. Өзү деле мурда ойноп жүрчү экен, бирок мындай эле болчу. Ошентип жүрүп экөөбүз жакшы болуп кеттик. Бир төшөктө жатып, бир нанды бөлө жеген дос болдук. Кийин Таалай, Борончу Кудайбергенов, Болот Алымкулов болуп «Ак тилек» деген топ түзүп, ар кандай мааракелерде, тойлордо ырдап, концерттерди коюп жүрдүк. 1992-жылдан баштап өзү дагы обон чыгара баштады. Мен мурда «Мыскыл жана тамашага» жылда чыгып ырдачу элем. Таалайды ошол жакка алып барып биринчи жолу чоң сахнага чыгардым. Эл жакшы кабыл алып, досум бат эле популярдуу болуп кетти. Кийин жеке концертин берип, андан соң «келгенде Жылдыз экөөбүз үйлөнөбүз» деп Орусияга кеткен. Ошол боюнча кайтпай калды. Азыр, угушумча, Жылдыз Аксыда тиш доктур болуп иштейт экен.
Таалайдын өлүмү боюнча элде ар кандай имиштер айтылып жүрөт. Кээ бирөөлөр «Таалайды ырчылар көрө албай өлтүртүп коюшкан» дешет. Билишимче, Таалайдын жанында жүргөн балдардын айтымында, бул окуяга кыргыздар аралашкан эмес. Таалай поезддин эки коштоочусу (проводник) менен мушташа кетип, алар аны атып, Орусиянын Новокузнецк шаарына жакын жерден терезеден ыргытып жиберишкен. Эртеси аны темир жол оңдогучтар таап алып, ооруканага алып келишиптир. Ошол маалда ал жакта иштеген дарыгерлер өлүп калса деле «дарыга акча керек, шашылыш салып жибергиле» дешкенинен биз бул жактан достору, туугандары акча топтоп эки жолу салып жибергенбиз. Көрсө, ал мурда эле өлүп калган экен. Дарыгерлер акчаны алыш үчүн бизди алдашыптыр. Анан анын сөөгүн поезд менен Алматыга, ал жактан Бишкекке салып жиберишти. Бул жактан биз тосуп алып Чаткалга алып кеттик.
Өкүнгөнүм, досум өлгөндөн кийин эки-үч ай тааныш болуп калгандар деле «мен кыйышпас досу элем» деп чыга келишти.

Рустам Аташов, сахналаш досу:
«ТААЛАЙДЫН КЛИБИН ТАРТПАЙ КАЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
-Таалайды мен жигиттин гүлү демекмин. Анткени ал келбеттүү мырза, гитара черткени, ырдаганы тим эле сонун болчу. Менин бир арманым, Таалайды видеоклипке тартпаганым болуп калды. Анткени өлөр алдында экөөбүз жолугуп, бир ырын айтып «ушуга клип тартып бербейсиңби» деген эле. Мен макул болуп, сценарийин жаза баштаганда ал «Орусияга барып, бир аз соода кылып келейин, анан тарталы» деди. Көрсө, ал акыркы жолугушуубуз экен.
Таалай бир гана жолу жеке концертин берди. 1995-жылы жаз айларында Бишкектеги филармонияга эки күн концерт коюп, эл аябай көп келип, аншлаг менен өткөн. Кийинки жаштар Таалайдын үнүн укканы менен, жүзүн тааныбай калышпасын деп ошол сөзү үчүн телеканалдан ырдаган съёмкасын таап, клип тартпасам да ал үзүндүнү клиптер жыйнагына кошкон элем.

Айылдан шаарга жаңы келген кези

Аскер кызматын өтөп жүргөн кези.

Таалайбек Бектургановдун ысымын алып жүргөн Чаткал районунун Жаңы-Базар айылдык Маданият үйү.

Ырчынын балалыгынын издери калган Жаңы-Базар айылы.


Султан Төрөбеков,
Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таалай Бектургановдун табышмактуу сүйүүсү жана өлүмү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
meka93
2014-07-15 11:50:21
эхх жашоо. Кулгун курак кезинде алып кетиптир. Жакындары эстеген сайын журоктору сыгылып кыйналып жатканын мен аявай тушунуп атам . Калгандарына АЛЛА ТААЛАМ омур берсин. Чыгармачылыгына таазим.
Сонун ырчы болчу,уну эч бир ырчыга окшобогон.
0
Chon-Alai-kg0101
2014-07-15 15:09:35
Ар кандай рекламасы жок эле популярдуу болсо болот. Ал учун маанилуу, уккулуктуу, журоктон чыккан чыгарма болсо жана Т.Бектургановдой чыныгы талант керек. Ошондо гана популярдуулук ар дайым эл арасында жашай берет.
0
man_kg92
2014-07-15 18:25:42
Сиздерге рахмат ушунча аракет кылып алыскы Чаткал районуна барып маркумдун элесине арнап атайн репортаж кылганыныздар учун. мен озум Бектургановдун жеринен болом ырларын суйуп угам.
0
happyflower
2014-07-15 23:05:46
торт тарабы топ келген чон таланттын ээси кайран Таалай Бектурганов. Тагдыр экен 27жашында оо дуйно салыптыр. Ылайым жайы жаннатта болсун. Кыска бирок орноктуу жашап откон Кыргыздын очпос Чолпон жылдызына Мин ирет таазим кылам ийилип!
0
Mononoke
2014-07-15 23:45:25
Бектургановду жакын саналаштары ыр дептерин уурдоо максатында да олтурушкон деп айтышат го,
+1
XAH
2014-07-18 11:25:41
Mononoke, чындык кырк жылдан кийин да чыгат дейт, балким созундо жан бар.
0
92nuraaly
2014-07-17 04:41:43
Таалайбек Бектургановдун талантына таазим. Чыгарган ырларын кары жашы дебей угушат. Аз жашап аз ыр жаратса дагы эл оозунда очпос болуп калып кетет.
Жакын кошуна болуп жашасам дагы мен кичине кезимде дуйно салган, жогоруда айткандай Т. Б коз жумган сон уйунон береке кетип ата-энеси биринин артынан бири коз жумган.
0
Mech.kg
2014-07-18 01:24:52
Аллах жаныбызды качан алат кайсы учурда озу билет.ошон учун Сооп иштерди кылыш керек .
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-07-18 04:44:21
Козумо жаш келди окуп жатып( аттин талантуу бала экен эле. Жаткан жери жаннатта болсун. Ырчыны суйуп эстегенине Таалай Бектургановтун калган омурун берсин
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-07-18 04:46:45
Супер Инфо сиздерге чоон рахмат!!! Эми Чубак Сатаевдин да откон кеткендерин билип берсенер убагында ал киши да аябай популярдуу болду эл. Даагы бир отунуч Кутман Жолдошевден интервью алып койсонор , рахмат алдын ала
0
tenteeeshka
2014-07-19 07:32:14
Озу олсо дагы,ырлары олбойт,аты очпойт,ар дайым биздин журогубуздо!!
0
Churok
2014-07-19 13:02:09
тируу болгодо дагы канча жакшы ырлар жаралмак. окунучтуу
0
fanatkakg
2014-07-19 14:00:31
супер анын баардык ырларын таап жуктонуздорчу мумкун болсо.
0
askar_myrza
2014-07-19 15:11:49
Саламатсыздарбы супер инфо сиздерден сураныч баардык ырларын жүктөп коюңуздарчы? Алдын ала рахмат
0
happyflower
2014-07-20 11:53:59
Саламатсыздарбы супер инфо. Т.Бектургановдон :суйуу оту жанбай калды,
балким анда жок кунообуз,
махабатта арман барбы,-деген ыр саптары бар ырын да жуктонуздорчу сураныч.Алдын ала рахмат.
0
happyflower
2014-07-20 11:54:54
деген саптары бар
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан