«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

«Даңазалуу кылымды» Кыргызстанда көрүп башташкандан бери Мерьем Узерлинин аткаруусундагы Хүрремди төбөсүнө коюп кумир туткан, ошол эле кезде Хүрремдин ар бир кыймылын жек көрүүдөн мына азыр кекиртегинен муунткусу келген күйөрмандар пайда болду. «Даңазалуу кылымды» Кыргызстанда көрүп башташкандан бери чоң асыл таштуу асем буюмдарга кызыгуу жаралып, жок дегенде сериалда көрсөтүлгөн жасалганын бир үлгүсүн сатып алууга ашыккан айымдар көбөйдү. «Даңазалуу кылымды» Кыргызстанда көрүп башташкандан бери Сүмбүлдүн сүйлөгөнүн, элден өзгөчө басыгын, сөөмөйүн кезеп эскертүү бергенин туураган жаш балдар чыкты.

ЭКИНЧИ СЕЗОН

40-45-сериялар:
ХҮРРЕМ ЭМИ КҮҢ ЭМЕС!
Жүрүштөн келген султанга Хүррем күң болгону үчүн кайрымдуулук менен алектене албай жатканын айтып арызданат. Суранычы жерде калбаган Хүррем Сулеймандан гаремдин негиздерине ылайык келбесе да, эркиндик алат. Ботконун баары ошондо башталат. Сулейман Хүрремди бөлмөсүнө чакырганда ал «мен эми эркинмин, сага тиешелүү күң эмесмин, бөлмөңө баруу үчүн нике кыйдыруу керек, антпесе күнөө болот» деп султанды жолго салат.
Мындайды күтпөгөн Сулейман Хүрремди гаремден аңчылык үйгө айдап жиберет. Ушуну эле күтүп турган валиде Айше Хафса султан Ибрагим менен тымызын сүйлөшүп алып, Хүрремдин көзүн тазалоо үчүн тузак уюштурушат. Хүррем мындан куландан соо кутулуп чыгары менен Ибрагим пашага жан кыйгыч жалдайт.
Ал-бул болгуча ханзаадалар Мустафа менен Мехмеддин сүннөт тою келип, бул салтанатта Сулейман менен Хүрремдин никеси да кыйылат. Муну уккан валиде Айше Хафса султан уулуна «сен көр болуп калдың, эмне кылып жатканыңды да көрбөй калдың» дейт. Никенин жар салынышы менен Дайе хатун жана Сүмбүл ага Хүррем тарапка оой баштайт. Майрамда болчу өзү уюштурган кол салууну Хүррем орто жолдон токтотот. Бирок Ибрагимдин башка душмандары ага учу ууланган октуу жаа атышат. Ибрагимдин абалы улам начарлай берет, матракчы Насух эфендинин кеңеши менен пашаны дарылык касиети бар булакка алып барып, айыктырып келишет.
Нигар калфанын Ибрагимге болгон сүйүүсү билинип калып, аны тез арада матракчы Насух эфенди менен үйлөнтмөк болушат. Калфаны узатууда Хүррем бийик, адеми жана баалуу таштар менен кооздолгон таажы кийип келет. Бирок Хүрремдин кубанычына ортоктош болчу адам гаремде жок эле. Ал султанга «мени жез кемпир деп жатышат, мен сени дубалатып алган имишмин» деп арызданат. Сулейман Хүрремге «мейли, сени бирөө да жактырбасын, мен сени жалгыз сүйөм» деп жоошутат. Кийин апасы валиде Айше Хафса султанды, Гүлфем менен Махидевранды чакырып Сулейман: «Хүрремге урмат менен мамиле жасагыла. Хүрремди сыйлабасаңар, мен аны өзүмө карата акарат деп кабыл алам»,- деп айтат. Аялдык абийири тебеленгенине ыза болгон, сабыры түгөнө тагдырына баш ийгиси келбеген Махидевран ый эмес, кан жутат. Артын ойлобой, акылын башкара албай калган Махидевран Сулейманга барып: «Хүрремге кандай эркиндик тартууласаңыз мага да эркиндик бериңиз»,- деп суранат. Бирок ал өтүнүчү аткарылбайт. Махидеврандын ыйлап отурганын көрүп жаны кашайган Мустафа атасынан «апам экөөбүз Эдирнеге кетели, мындан ары гаремде жалгыз эле менин апамдын ыйлап отурганына чыдай албайм» деп уруксат алат.
Бул аралыкта тилин тишине катып, ичинен сызган Нигар калфа нике түнүн күтүп отурганда Ибрагим паша кирип келет. Экөө түн өткөрүп жатканда Хатиже султан эгиз – Хурижихан аттуу кыздуу, Осмон аттуу уулдуу болот.

ТАРЫХТАГЫ СУЛЕЙМАН МЕНЕН ХҮРРЕМДИН ТУКУМУНАН АЗЫР БИРӨӨ БАРБЫ?
Ооба. Болгондо да ал Сулейман менен Хүрремдин такка отурган уулу Селимдин тукуму Роксан Кунтер. Кыздын атын чоң энесинин урматына Роксан деп коюшкан. Хүррем өз доорунда Европада Роксолана деп атыккан болчу. Учурда 30 жаштагы Роксан спорт берүүлөрүнүн алып баруучусу катары таанымал. 1 метр 78 сантиметр бойлуу ак сөөк алып баруучу түрк телевидениесинин эң сулуу айымдарынын бири болуп саналат.
Кичинемден «сенин эч кимден айырмаң жок, «мен султанмын» деп жар салууң уят» деп тарбия беришти. Тарых сабактарында осмон султандары тууралуу айтылып баштаганда ордумдан туруп «алар менин ата-бабаларым болот» деп айта алчу эмесмин. Чоң атамдын «бизди эч качан сөзгө калтырбагыла, жүзүбүз жер карап калбасын» деп турганы азыр да кулагымдан кетпейт.
«Даңазалуу кылым» тартылат дегенде анын продюсери Тимур Савжы менен көрүшкөнмүн. Ошондон улам "Хүрремдин ролуна сунуш болуптур" деген сөздөр чыккан. Тасмадагы дебют үчүн ал мага өтө чоң роль болмок. Мерьем Узерли бул ролду ийгиликтүү аткарып берди. Келечекте актрисалык карьера баштайын деген пландарым бар. Чоң энем Хүрремге келсек, айрыкча Анталияга барып калганымда мени орус модели деп ойлошот,- деп Р.Кунтер «Medyafaresi» түрк кабарлар порталына маек куруп берген.

Роксан Кунтер

ХҮРРЕМ ЭМНЕ ҮЧҮН СЫЯ ТҮСТҮ ЖАКТЫРГАН?
Хүрремдин гаремге келгенге чейинки жашоосу жөнүндө маалымат тарых барактарында, адабий чыгармалар менен уламыштарда түрдүү айтылат. Эң башкысы, сырткы сулуулугунан кеп баштасак, Хүррем Махидевранга караганда түрктөр баалаган сулуулук эталонунан кыйла эле артта болгон деп жазылат. Хүрремди көргөн венециялык төрөлөр «элден өзгөчө сулуулугу деле жок экен, бирок узун бойлуу жана кыймылынын көрктүүлүгү келбетине жарашып турат» деп жазып калтырышкан. Хүррем акылдуулугу жана билимге умтулуусу менен Махидеврандан бир топ алдыда болгон. Башы китепканадан чыкпаган Хүррем өз заманынын эң билимдүү айымдарынын бирине айланып, фарс, араб, түрк тилдерин үйрөнгөн. Кези келип, султандан кийинки экинчи таасирдүү адам болуп чыкканда европалык элчилерди кабыл алып, чет жердик падышалардын катына жооп берип турган.
Хүррем Осмон империясында бир, эки, үч да эмес, төрт мураскер төрөп, бирок борбордук хан сарайда султандын жанында калган алгачкы аял болгон. Ага чейин осмон сарайынын эрежесине ылайык, күңдөргө бирден ашык уул төрөгөнгө уруксат берилген эмес. Хүррем – Осмон империясында султандын никелешкен жубайына айланган биринчи күң. Тойдон кийин хан сарайдагы гарем менен Стамбул шаарындагы кул базар жоюлган. Хүррем Осмон империясында эң көп мечит, мончо, мектеп, оорукана, фонтан, ашкана жана медреселерди тургузган султандын жалгыз жубайы болгон.
Сериалга келсек, Хүрремдин сыя түстүү көйнөктөрдү көп кийгени көзгө урунат. «Тарыхтан Хүрремдин сыя түстү өтө жактырганын окуп билдик. Айрыкча, бийликти колуна ала баштагандан тартып, нике окулгандан кийин сыя түстү эң көп тандай турган болгон. Византиялык императорлордун тушунда сыя түстөн тигилген кийимди бир гана император менен анын ханышасы кие алган. Ал мезгилде башка адамдардын акчасы болгон күндө да сыя өңдүү кездемени сатып алуу мүмкүн эмес болгон. Базарда жок эле. Сыя түстөгү боёкту моллюскалардын кабыгынан жасалган күкүмдү көптөгөн ингредиенттерге аралаштырып отуруп, чоң түйшүк менен алышкан. Ошол үчүн да сыя түс императорлорго гана таандык болчу. Сыя өңдүү кийимдин саналуу гана персонаждарга берилишине маани бердик»,- дейт костюм дизайны боюнча жооптуу кызматкер.
Хүрремдин таажылары өзүнчө сөз кылууга арзыйт. «Хүррем султан – мен сүйгөн персонаж. Анын канчалык күчтүү экендигин душманга көрсөтүү үчүн Хүрремге атайын башкалардыкынан чоңураак, баалуу таштары көбүрөөк жалтыр-жултур болгон таажыларды жасап жаттык. Оппоненти Хүрремди көргөндө «у-ух» дей тургандай болушу керек эле»,- дейт асем жасалгалар боюнча жооптуу кызматкер.

Хүррем султандын күмбөзү Стамбул шаарынын Сулеймание мечит комплексинде жайгашкан. Селде коюлган табыт Хүрремге таандык


Кызыктын баары али алдыда. Андыктан сериалдын урунттуу окуялары менен кадр артындагы көңүл бурдурган учурлар баяндамасын үзбөй окуңуздар.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zirek.kyz
2014-07-14 19:34:36
Кыргызстандан коруп аткам,еми бул жакка келип твк.дан кутуп коруп атам:)
0
rozka
2014-07-14 23:04:09
Мен суйгон сериал акыркы уч сериясы калды
0
Aiday0514
2014-07-15 16:45:06
корей сериалдары бутуп ,эми турктордуку эле калды эле
0
ayakosya
2014-07-15 22:41:17
Турктор абат ой ойлой беле. Бизге оз каада салтын маданиятын тануулап жатат
0
Oceana
2014-07-19 15:29:38
Tvdan kalgany ka4an bolot eken. Kim bilet aityp koigula4y surany4.
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан