Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

"Сынган кылычтагы" окуялар кайталанууда. Улам жыйылып, бир түндүккө бириге албай эки жүздүүлөрдүн, жеке керт башынын гана кызыкчылыгын көздөгөндөрдүн айынан кайра чачырап, өз багытын, өз жолун издеген маалыбыз дагы кайталанып жаткандай.
Ар бир кыргыздын китеп текчесиндеги сыйлуу орунда турушу зарыл болгон Төлөгөн Касымбековдун бул романын жаш муун окуп чыккан, билет деп ишеним менен айтуу кыйын. Андыктан кыргыздын тарыхынын бир бүктөмүн ачып берген романдагы урунттуу учурларга токтолуп, кыскача баяндап берүүнү чечтик.

АЛЫМКУЛ АТАЛЫКТЫН ӨЛҮМҮ
19-кылымдын экинчи жарымында Орус империясы Орто Азия аймагын жердеген урууларды, хандыктарды акырындап жылып басып алып, өз аймагын кеңейтип жаткан маал эле. Айтылуу тарыхый роман ошол кезди сүрөттөйт.
1865-жылы Ташкент шаарына жакын боз талаада генерал Черняевдин аскерлери менен Алымкул аталык баштап келген Кокондун аскерлери бет келишип, кыл чайнашкан кыргын болот. Кылычын күнгө чагылыштыра айгай салып, окко көкүрөгүн тосуп келе берчү жергиликтүү жоокерлерден генерал кооптонмок эмес. «Ийри кылыччандар...» «Жапайылар...» «Жылаңачтанып октун алдына чабышат, ала чапандарынан ок өтпөй тургансып...» Жергиликтүү калкты ал ошондой кабыл алчу. Жөөсү жөө, атчаны атчан жер түтөтүп келе жаткан кокондуктардын колуна каршы бат атар мылтык менен куралданган, ошо заманга ылайык мыкты артиллериясы бар аскердик күчү ага дем берип турган. Ошондуктан да ал кооптондура турган абалды көрбөй, көңүлү тынч эле.
Черняев менен согушканы кылычын сүйрөп келгендердин башында Кокондун дымактуу аскер башчысы Алымкул аталык турган. Орус аскер башчысы каршылаштарын жакын бастырып келип кылычташууга жеткирбей, жоокерлеринин огу жете турган абалда кармап, чилдей атып, суй жыкмакчы эле. Кокондун аскер башчысы ал ойду түшүнүп, акырын гана «толгомо» деп буйрук берди. Орус жоокерлерин замбирекчилеринен бөлүп салып, капыстан эки капталынан чыгып камоого алмакчы эле. Согуштарда колдонулуп жүргөн мындай ыкма бул күнү да жемишин бермек. Октун мөндүрүндө калганына карабай кокондуктар көптүгүнө салып, бир жарым миң аскери бар генерал Черняевди талкалап салмак беле?
Генерал Черняевдин жүзүнөн текебер жылмаюу кете баштады. Ок канчага жетер экен? Жапан атчандар канчага чыдаар экен?.. Анын жүрөгүн дүкүлдөтүп жапан атчандар оролуп бара жатты... Кан, тер жыттанган ал күндөгү согуш талаасы дал ушинтип сүрөттөлөт.
Бирок аттиң, баягы эле көрө албастык, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакка келе албастык, мансап, бийлик үчүн бирин-бири чаап түшүрүү аракети Кокондун колунун демин суутту. Кутумдардан тапшырма алган удайчы (азыркы тил менен айтканда жан сакчы) Алымкул аталыкты көздөгөнүнө жеткирбей, далысына ок мелжеп, жер кучактатты. Алымкул аталыктын көзүнүн кареги менен тең айланып, ар бир айтылган буйругун, тапшырмасын илип алып аткарып жүргөн бектер, паңсаттар, жан-жөкөрлөрү бирин-бири алдыртан шектүү тиктешип, аталыкты капыстан келген ок өлтүрбөгөнүн, анын киши колдуу болгонун байкап, ар бири өз кара жанын сактоону ойлоно башташты.
Абдымомун бек Алымкул аталыктын киши колдуу өлүмүнө чын дилден кайгырып, өксүп барып токтоду. Кол башчысыз калган кошуун бараткан багытынан адашып, дем берген, шаң берген, башкарган кишиси жок удургуй түшүшүп, шашылыш ар кимиси өз тобун таап, аман калганы жанын сактай согуш талаасын таштап кете беришти. Аталык атагын алып, Кокон хандыгын алаканында мыкчып турган Алымкул киши колдуу болгон соң ордодо кайрадан так талаш, бак талаш башталды.
Бухара эмирлиги, Хива хандыгы, казактар... Кокон хандыгынын орустардан башка деле кырылыша турган душмандары көп эле. Андан да жаманы, ич ара так талашуу хандыкты алсыратып, улам жүрүш чыккан сайын элдин арасынан кошуун жыюу, нанын, данын, этин, атын, алтын-күмүшүн жыюу, ордого баш ийген букаралардын көңүлүнө көк таштай тийип бараткан.
Ташкентке жакын талаада Алымкул аталык эле капыстан каза таап, арманда калган жок. Ал жердеги кагылышта далай жаш жигит кырчындай кезинде каза таап, жакындарына түн түшүп, таман астынан жер көчтү.
Жашоонун кызыгына тойбой, жаштыгы денесине сыйбай толуп-ташып турган маалында үзүлгөн жигиттердин бири Аксынын Көк өзөнүн жердеген, жаңыдан гана үйлөнүп, жаштыгы, мастыгы тарай элек Темир эле.
Романда өз тагдырын өзү чечип, кудалап койгон жерин чанып, Темирди жактырып, аны менен качып келе берген жаш келин Айзаданын тагдыры абдан таасирдүү баяндалат. Окурманды суктандырат, кооптондурат, ыйлатат.

БЕКНАЗАР МЕНЕН АБИЛ БИЙДИН ТИРЕШИ
Бул романдын окурмандарга айныксыз жага турган, жан күйдүрө турган дагы бир каарманы бар. Ал бирөөгө жагынууну билбеген, намыс үчүн өлүп берер, оттон-суудан кайра тартпаган көк жал баатыр Бекназар.
Бекназарда карапайым калкына зыянынан башка көк тыйынчалык пайдасы жок ордого карата нааразычылык күчтүү эле. Анын ордо менен элдин ортосуна түшүп, бийликке, мансапка жутунган Абил бий менен тирешүүсү дал ушул согуштан кайтып келе жаткан учурда башталат.
Аксыны жердеген сарууларды башкарган Абил бий Кокондун берген даражасы боюнча паңсат эле (беш жүз жигиттен турган аскердин башчысы). Согуштан кайтып келе жатканда ал Бекназарды чакырып алып аталык өлтүрүлгөн соң ордодон ырк кетип, кайрадан бийлик талашуу башталарын, ошондой кооптуу заманда ордодон же орустардан келип элди чаап кетишпесин деген кооптонуусун айтып, «жигиттер менен байланышты үзбөй, кабарлашып тур. Кокус бир чуу чыкса, аттанып чыгууга даяр болгула, мындай учурда өзүңдөн өтөрү жок, саруу уругунун колуна өзүң баш бол» деп тапшырды.
Бекназар «Эгер ушундай чалкеш заманда сары таман атыңардын күчүн, башыңардын баасын мага ишенип, мени ээрчип, мага жол койгуңар келсе, анда аскер ишиндеги мен ойлогон ойго, мен баштаган, мен бүтүргөн бүтүмгө, ким гана болбосун, киши киришпесин!
Менин сөзүм эки кылынбасын! Сөзүмдү эч ким жыра тартпасын! Алдыма жулкунуп эч ким ат бастырбасын!» деген шарт койду. Бул шарт түз эле өзүнүн дарегине айтылып жатканын кантип түшүнбөй калсын? Абил бий Бекназардын кашкөйлүгүнө, кайратына тан берип, жигиттердин арасында аброю, таасири артып баратканына ичи тарып, бирок ачык каршы чыга албай мостойду. Ал мындай сөздү кечирмек эмес. Азырынча көк жал баатыр менен кайрашпай, ыңгайлуу учурду күтмөй болду. Ордо жак тынч болбой турган маалда өзүнөн жоопкерчиликти алыстатып, Бекназарды пайдаланмай болду...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
pretty2014
2014-07-14 15:52:33
Аябай кызыктуу жазылган чыгарма окуган сон тушуносун илгерки бийлер азыркы депутаттар
+1
unikalnyi.paren
2014-07-14 20:40:58
даа жакшы чыгарма.накта кыргыздын тарыхы.окуп алып жаман абалда калгам.кыргыздардын ынтымаксыздыгына,бийлердин текебердигине.карап корсом дале кыргыз ошол тарыхтагыдай еч озгорбопуз.
0
admin_superstan
2014-07-15 09:39:19
restreppo, рахмат! Ката түзөтүлдү.
Desmond, темадан алыстабаңыз. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Begim8678
2014-07-15 14:12:26
Романды кыскача баяндабай эле, китепти толугу менен баштан-аяк берсенер абдан таасирдуу болмок.
+1
erlan-saidovich
2014-07-16 11:58:19
Аябай жакшы тандалып алынып жатыптыр китептен узундулор жана мазмундар. Эгер китепти толугу менен жазса аябай кобойуп кетмек.Эми китепке кзыгуу артып калган учурда, китепти таап окусан болот. Негизи эле Кел-кел, Сынган кылыч - тарыхый романдар аябай кызыктуу жазылган, эгерде электрондук варианты болсо ушул китептердин, даректерин жазып койсонуздар аябай ыраазы болмокмун.
0
jeenkulov91
2014-07-19 22:16:10
оо аксы биздин район коп жеринде бар окшойтко.
0
Aygul
2014-07-21 15:31:03
Абил бий азыркы Текебаев
0
kipchak
2014-07-22 10:57:50
Кыскартып жазыптырсыздар.
0
Sheva
2014-07-29 21:59:15
Жакшы идея алып чыгыпсынар. Эми копчулук жаштар "Сынган кылыч" менен, дегеле Кыргыздын таарыхы менен жакындан таанышат деп эсептейм.
0
jasi
2014-08-25 12:40:59
Мен да окуганлем, эсимден чыгып кетиптир, кайрадан окуп койсом зыяны тийбестир )
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан