СОГОНЧОККО КАМ КӨРҮҮ

Ай-ий, согончогум! Жарылып, баскан сайын кыйнап жатат... Ооба, жайкысын мындай жагымсыз көрүнүшкө көпчүлүк дуушар болот. Жагымсыз оорутуунун алдын алууга болобу? Болсо кантип? Адистердин кеңешине көңүл буралы.

СОГОНЧОК ЭМНЕГЕ ЖАРЫЛАТ?

  • Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.
  • Бөйрөк, калкан без оорулары менен ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.
  • Таман тери оорусуна дуушар болсо.
  • Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат
  • Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.
  • Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.

ҮЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛОО

Согончоктун жарылуусун үй шартында оңой эле дарылап алууга болот. Ал үчүн күнүгө сиздин 10-15 мүнөттүк убактыңыз, күнүмдүк жашообузда колдонуп жүргөн каражаттар жана жашылчалар талап кылынат.

  • Күнүгө көбүргөн самындуу ысык сууга бутту салып, 10 мүнөт кармаңыз. Андан соң пемза ташы менен жышып, таза чайкаңыз. Мындан кийин кремден же болбосо зайтун майынан сүртүп, байпак кийип алыңыз.
  • Ат кулак жана ромашканы кайнак сууга салып, бир аз муздагандан кийин ага атайын ванна даярдайсыз, бутуңузду 10-15 мүнөт саласыз.
    Чийки картошканы же пиязды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүп, целлофандын бетине шыбайсыз. Аны таза жуулган согончогуңузга жаап, сыртынан бинт менен ороп, байлап коюңуз. Аз дегенде 2 сааттан кийин гана чечүү керек.
  • Согончоктун жарылуусуна чалкан да жардам бере алат. Ал үчүн 1 литр кайнак сууга 2 аш кашык кургатылган чалканды салып, атайын ванна камдап аласыз. Ага 10-15 мүнөт бутуңузду саласыз. Ваннадан соң бутуңузду кургатып, азыктандыруучу кремден сүйкөп коюңуз.
  • Жатарда капустанын жалбырагын жанчып, жумшартып алган соң согончокко жаап, сыртынан байпак кийип жатыңыз.
  • 1 стакан сулу акшагын сууга ботко кылып бышырып, ага 2 аш кашык зайтун же жүгөрү майын аралаштырасыз да, аны целлофандын бетине сүйкөп, согончогуңузга жабасыз.
  • Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабизге теңме-тең өлчөмдө бал аралаштырып, жарылган жерге жаап коюу кажет. Бул аралашма жатарда колдонулуп, эртең мененкиге чейин калтырылат.
    Жарылган жерди айыктырууда помидордун ширеси да эң мыкты каражат болуп саналат.
  • Алманы сүргүчтөн өткөрүп, аны бир аз сүткө кайнатып аласыз. Даяр болгон боткону согончогуңузга жаап, үстүнөн целлофан баштык менен ороп коюңуз. Бул боткону 30 мүнөт кармоо туура.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
admin_superstan
2014-07-14 12:35:57
tornado, Саламатсызбы!
Ката түзөтүлдү. Рахмат!
0
kadam
2014-07-14 13:30:15
Эң оңою, глицерин сыйлал туруу.
0
shazi
2014-07-14 14:47:38
сонун кенештер экен, рахмат.
0
elish87
2014-07-15 15:07:43
Ысык сууга сода салып 10 мин ванна кылса жакшы анан жарылган жерге эчкинин майин кыздырып басса да жардам берет
0
zara-919
2014-07-15 20:42:26
Супер инфо
купероз жонундо жазгылачы сураныч...
0
admin_superstan
2014-07-16 10:37:54
zara-919, Саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
GULAAA
2014-07-17 11:40:31
аллергия беттеги, буттагы грибок жонундо жазгылачы?
+2
veneraaalieva
2014-08-06 17:18:04
Менин мойнумда Попилома кобойуп кетти кантип кетирсе болот ошол жонундо кенеш бергилечи?
Алдын ала рахмат!
0
admin_portal
2014-08-06 17:24:37
veneraaalieva, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Ayka1994
2014-11-30 10:34:49
тамандын астында жарылгандан алган издерди кантип кетирууг болот ошол жонундо да маалымат берип коюнударчы
0
admin_media
2014-12-01 16:13:22
Ayka1994,
Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Ernis_91
2014-11-30 17:45:05
Вазелин шыбаса да жакшы натыйжа берет
+1
askhattalgat
2014-12-05 14:39:35
Супер инфо баштагы шишикке уу коргошун пайдалуу ж-а толугу мн айыктырат бк коркунучтуу дешет. Бишкекте Кенже табып деген бар экен ошол эжеде да бар экен,газеталардан окуп калдым.Врачтардан да сурап Канчалык денгээлде таасир этет ж-а кандай адамдар ичуу кк тактап толугураак жазыныздарчы?
0
admin_media
2014-12-05 14:54:13
askhattalgat,
Саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз. http://www.super.kg/article/?article=27013
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан