«БРАЗИЛИЯ-2014» ЖЕҢИШ ҮЧҮН ЖЕМИШТҮҮ СОККУ

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда чечүүчү оюндар башталгандан бери командалар чабуулга караганда коргонууну бекемдей баштады. Ооба, мындай учурда ар бир жөнөкөй ката чечүүчү голго айланып кетүүсү мүмкүн. Буга далил чейрек финалдык 3 оюнда тең бир гана гол оюндардын тагдырын чечип койду. Жемиштүү гол канчалаган күйөрмандарга кубаныч алып келсе, ал эми утулуп калган командалардын ызасында чек жок.

ӨЗ ҮЙҮҢДӨ ДУБАЛДАР ДА ЖАРДАМ БЕРЕТ
Дүйнө чемпиондугундагы жарым финалдык жолдомо үчүн үй ээлери менен Колумбия өлкөсүнүн курама командасы талаага чыгышты. Бул беттеш көпчүлүктүн купулуна толору күн мурунтан эле айтылып келген. Албетте, эки команда үчүн тең оюн оңой болгон жок. Майданда командалар тактикалык жактан мыкты жайгаштырылгандыктан, эки команда тең чабуулга багытталган оюн алып барды. Эки команда күйөрмандарга жогорку ылдамдыктагы оюнду тартуулай алышты.
Бул оюнда Бразилиянын коргоочулары чабуулчуларынан алда канча мыкты экени байкалды. Ооба, чабуулчу Фред коргоочулар Давид Луис менен Тиаго Силванын көлөкөсүндө эле калды. Бразилиянын капитаны Силва оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Неймардын бурчтан чыгарып берген тобун голго айлантты. Ал эми экинчи бөлүктө Давид Луистин айып соккудан узатылган тобу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Намыстанышкан «кафетерос» чабуулга өтүп, Хамес Родригес пенальтиден гол киргизе алды. Бирок эсепти теңөөгө аларда ал да, шай да калбай калды. Бразилия жарым финалда! Үй ээлеринин дагы бир кызыксыз оюну алардын жеңиши менен аяктады. Бул оюнда Неймар катуу жаракат алып, эми ал өз командасына кийинки оюндарда жардам бере албайт.
Ал эми көпчүлүккө жага түшкөн Колумбиянын оюнчулары көздөрүнө жаш алса да, баштарын өйдө көтөрүп, мелдеш менен коштошушту. Мындай эмоциялар бир гана Дүйнө чемпиондугунда болот. Мына, футбол! Мына, №1-спорт!

Бразилия – Колумбия – 2:1
Голдор: Тиаго Силва
(7-мүнөт)
Давид Луис
(69-мүнөт)
Хамес Родригес (80-мүнөт)


ХУММЕЛЬС ФРАНЦИЯНЫ ҮЙҮНӨ УЗАТТЫ
Дүйнө чемпиондугунун алгачкы чейрек финалдык оюндарынын алкагында Германия менен Франция кез келди. Бул беттеште эки команда тең күчтүү болгондуктан, алдын ала жеңүүчүнү божомолдоо кыйын эле. Немистердин курамында тажрыйбалуу футболчулар көбүрөөк болсо, «үч түстүүлөрдүн» курамында көбүнчө жаш футболчулар чогулган.
Оюн жай ыргакта башталып, командалар алгач чабуулга көп барышкан жок. Мындай учурда стандарттык абал чоң мааниге ээ эмеспи. Оюндун 13-мүнөтүндө Кроостун айып соккудан чыгарып берген тобун немистердин коргоочусу Хуммельс дарбазага таамай узата алды. Француздардын дарбазачысы Льорис бул ирет дарбазасын сактай алган жок. Эсеп ачылды. Гол киргизип алган Дешамдын шакирттеринин дымагы күчөп, чабуулдун артынан чабуул жасаганга өтүштү. Ал эми немис дарбазачысы Нойер өз дарбазасына гол өткөргөн жок. Ошентип Германия курама командасы Дүйнө чемпиондуктарында 4-ирет катары менен жарым финалга чыга алган жалгыз команда болуп калды.

Германия – Франция – 1:0
Голдор: Хуммельс
(13-мүнөт)




АЗАР ИШЕНИЧТИ АКТАЙ АЛГАН ЖОК
Кезектеги чейрек финалдык оюнда Аргентина менен Бельгия курама командалары беттешти. Оюн талаасында таланттуу жаштардан куралган Вильмотстун шакирттери жана Месси баштаган «альбиселеста». Дагы бир Европа – Америка кагылышы.
Бул оюндун тагдырын ыкчам киргизилген жалгыз гол чечип койду. Оюндун башында Гонсало Игуаин топту Бельгиянын дарбазасына таамай багыттай алды. Куртуа эч кандай жардам бере алган жок. Оюндун калган бөлүгүндө Бельгия топко ээлик кылып, бир катар чабуул уюштуруп жатты. Ал эми Аргентина коргонууга ыктап, каршы чабуул менен атаандашынын дарбазасын көздөй жылып жатты. Бирок бир катар мүмкүнчүлүктөрдү голго айлантуу командалар үчүн ишке аша берген жок. Көпчүлүк ишенген Азар бул сапар мыкты оюн көрсөтө албай, күйөрмандарын нааразы кылды. Эсеп 1:0. Аргентина жарым финалда!

Аргентина – Бельгия – 1:0
Голдор: Гонсало Игуаин (8-мүнөт)


<

ДАРБАЗАЧЫ КОМАНДАСЫНА ЖЕҢИШ АЛЫП КЕЛДИ
Акыркы чейрек финалда Голландия – Коста-Рика беттеши орун алды. Сенсация жараткан Коста-Рика дагы бир дөө-шаа командалардын бири болгон Голландияга каршы. Брайан Руис – Арьен Роббен тиреши.
Оюндун башынан тарта Голландия топту көзөмөлгө алып, чабуул артынан чабуул коюп жатты. Коста-Рика ийилсе да, сынган жок. Бул Дүйнө биринчилигинин талашсыз мыкты дарбазачысы Кейлор Навас дагы бир мыкты оюн тартуулады. Роббенге каршы уламдан-улам эреже бузуулар катталса, Снейдердин соккулары дарбаза мамыларына тийип калып жатты. Ал эми ван Перси көпчүлүк учурда офсайдда калды. Ошентип негизги жана кошумча берилген убакытта оюн эсеби ачылбай, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталмай болду. Алмашууга чыккан Голландия дарбазачысы Тим Крул «Лос тикос» оюнчуларынын эки соккусун тосуп, командасына жеңишти алып берди. Жыйынтыгында Коста-Рика бул мелдеште оюндун негизги убактысында жеңилбей туруп, мелдештен четтеп калды. Көрүүчүлөр эң сүйкүмдүү команданы ордуларынан туруп, кол чабуулар менен узатты.

Голландия – Коста-Рика – 0:0
Пенальти сериясы – 4:3


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан