Владимир Жириновскийдин 20-июнда Мамлекеттик думада сүйлөгөнү тартылган видео интернетке жайылып, чоң талкууга алынды. Өткөн жылы ал «Орусия Кыргызстандын карызын кечип жатканы үчүн бизге Ысык-Көлүн берсин» деп чыккан. Жогорку Кеңеш анын мындан ары Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган болчу.
«Кыргызстанда эмдиги парламенттик шайлоодо Бажы союзга гана кирүүгө эмес, субъекти катары Орусиянын курамына кирүү жөнүндө маселени алып чыгууга даяр саясий күчтөр бар. Алар жөн эле Омск же Ростов облусу сыяктуу эмес, белгилүү бир укуктардын негизинде Орусия Федерациясына кошулууну каалашат»,- деди В.Жириновский.
Бийликке жетүү үчүн мамлекеттин эгемендүүлүгүн садага чабуудан кайра тартпай турган саясатчылар бар. Балким, Жириновский шайлоо болордо Орусияны көздөй чуркап калчу саясатчылардын бирин айтып жатпасын? Эсибизде, 2010-жылдагы шайлоодо Феликс Кулов Орусиядан колдоо таап, кийин президенттик шайлоо алдынан мындай колдоого Адахан Мадумаров ээ болгон эле.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg