«10 МИҢ СОМ БЕР ДА, КЕТЕ БЕР...» МАИдеги КОРРУПЦИЯ ОГО БЕТЕР КҮЧӨДҮ

Интернетке тарап кеткен дагы бир видеотасма бул аптанын талкуу чордонун ээледи. Анда МАИ кызматкери «жол эрежесин буздуң» деп айдоочуну кармап, «10 миң сом бер да, кете бер» деп пара сурап жаткан маалы тартылган.

ОКУЯ КАНДАЙ ОРУН АЛДЫ?
Ысык-Көл облусунун Түп районунда ОшМУнун студенттерин алып келе жаткан маршруттук таксинин айдоочусунан жол кайгуул кызматкеринин пара талап кылуусу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Иликтөөлөргө ылайык,
10 миң сом доолаган адам Жол кайгуул кызматынын инспектору Жыргалбек Сарманов болуп чыкты. Азыркы тапта ал жумушунан четтетилди. Эске салсак, 6-июлда Түп районунда жол кайгуул кызматкерине 10 миң сом пара берген айдоочу камакка алынганы тууралуу маалымат тараган. Анда жол кайгуул кызматкери маршруттук таксинин ээси Замирбек Жороевди «спирт ичимдигин ичкен» деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камап, унаасын айып аянтчасына токтотуп койгону айтылган эле.
Жашыруун тартылып алынган видеотасма окуя чындыгында кандай болгонун ашкереледи:
Айдоочу: – Байке, мына ушул зорго табылды, ушунча чыкты.
МАИ кызматкери 1: – Түшүрчү кишилериңди.
МАИ кызматкери 2: – Канча акчаң бар?
Айдоочу: – 4200 сом акчам эле бар.
МАИ кызматкери 1: – Эй, түшүрчү кишилериңди! Мен кирип туруп кубалап чыгайынбы?
Айдоочу: – Жок, байке.
МАИ кызматкери 1: – Эмне? Мынча кыл дебедимби (ред. 10 манжасын жайып көрсөтөт). Эй, бекер кеткендей болосуң дебедимби. Мынча кыл да, кетчи бар, кетип калчы.
Айдоочу: – Байке, мына болгон акчам.
МАИ кызматкери 1: – Ээ, мунуң жетпейт дейм.
Айдоочу: – Байке, болгон акчам ушул, түшүнүп коюңузчу, мындан ашык акчам жок.
МАИ кызматкери 1: – 10 бер да, кетчи. Эй, эркекче айтайынбы, дагы экини берчи, бүтөт ушу менен.
Айдоочу: – Байке... Ушул эле акчам калды.
МАИ кызматкери 1: – Эки эле миң кошуп койчу.
Айдоочу: – Байке, азыр солярка куйганга эле акчам калды.
МАИ кызматкери 1: – Сотко берем, мага дагы калыш керекпи? Чуркаганымачы? Эки миң бер дейм, эки миң. Жок болсо, кет.
Айдоочу: – Жок, байке.
МАИ кызматкери 1: – Жап эшикти, барчы. Эки миң сом төлөй албагандан кийин... Оруста «скупой дважды платит» деген бар. Ошол сен болуп жатасың да азыр, эркекче.

АЙЫП ПУЛДУН КӨТӨРҮЛГӨНҮ МАИЧИЛЕРДИ ГАНА БАЙЫТАТ
Жогорудагы окуя 6-июль күнү орун алды. Андан эки күн мурун, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев жол эрежелерин бузгандар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзамга кол койгон болчу. Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдун көлөмү эселеп өскөн. Мисалга алсак, терезесин караңгылатып жүргөнү үчүн жаза 2000 сом болмокчу болду. Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берсек кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук жаратабыз» деп айтканды жакшы көрөт. Бирок орган кызматкерлери бир да жолу «айнеги караңгылатылганы үчүн тааныбай же байкабай калып баланча кылмышкерди кармай албай калдык» деп чыгыша элек. Андай фактыны угуп-көрө элекпиз. Ансыз деле көчөлөрдө терезелери караңгылатылган унаалар жайнап жүрөт. Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, айрым адамдардын тобуна ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет өңдүү.
Маселелерди чечүүдө ыкчамдыгын көрсөтө албаган МАИ кызматкерлери өздөрүнө керектүү мыйзамды илгиртпей илип кетишерин далилдешти. Президент мыйзамга кол коёру менен алардын параларынын көлөмү да өсүптүр. Дастан Бекешев демилгечилердин бири болгон мыйзам чыгаруучулардын дымагы боюнча айып пулду көтөрсөк жол кырсыктарынын саны азаймак. Анын үстүнө, Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев парламенттик жыйындарда жогорудагы мыйзам долбоордун парламентте колдоо табуусун дайыма жактап келген. МАИ кызматындагы коррупцияны жоюу боюнча кескин чара, реформа болмоюнча мындай мыйзамдар жардам бербей турганын, айып пул көтөрүлсө МАИчилердин чөнтөгүнө эле майрам болорун далай ирет жазганбыз. Эринбей дагы кайталайбыз. Иш жүзүндө чын эле ушундай болорун, МАИчиси эле эмес, прокурору, соту да ал парадан өзүнүн үлүшүн алары ачык көрүнүп турат, жогорудагы сүйлөшүүдө. Баса, айып пулдун өсүшү менен Жол кайгуул кызматына ишке орношуунун "ставкасы" да көтөрүлсө керек. Анткени "майлуу" орунга ишке орношуу үчүн ири суммада акча берүү керек болот да?
Же ошол эле өкмөттүн электр энергиясынын тарифин жогорулатуу боюнча көтөрүп жаткан орчундуу маселесин алалы. Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин "ширшовдук схеманын" бүгүнкү күндө эле күчүндө экендигин билдиргенине карабай, Энергетика жана өнөр жай министрлиги тармактагы коррупциялык механизмдерди жоюудан мурун баары бир тарифти жогорулатууну туура көрүп жатат. Тарифти кымбаттатуудан түшкөн каражат кайра эле "ширшовдук схеманын" катышуучуларынын чөнтөгүнө түшпөйт дегенге ким кепилдик бере алат?
Маалымат үчүн: 2013-жылы Кыргызстанда 7500гө жакын жол-транспорт кырсыгы катталып, 1 миң 217 киши көз жумган. Орточо алганда, Кыргызстанда күн сайын жол кырсыктарынан 3 киши жан берет.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
МАИчи: "10 миң сом бер да, кете бер"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
jigit.paren
2014-07-14 10:05:57
маичилер эми милионер болушат турбайбы!
+1
kg-zzzzz
2014-07-14 13:35:22
Атамбаев штарафты которгондун ордуна МАИчилерди катуурак кармап пара 4-5 МАИлерли иштен пазору менен айдап мумкун болсо аз убакка камаса ошондо алар пара албай ошол аз штарафин эле жазмак ошол кезде окмотко да акча тушмок и жол эрежесин бузгандар да азайып ойлонуп калма менин ойумча.
+1
toktocunova
2014-07-14 19:10:24
бир тараптуу маалымат
0
toktocunova
2014-07-14 19:15:33
Куноосу болбосо эмнеге акча сунуштайт куноосу бар да студенттерге жамынбай эле койсун
-3
gulanda2007
2014-07-14 20:28:16
коррупция буга чейин да болуп келген жана да боло берет ,аны туп тамыры менен жок кылып салууга мумкун эмес .
0
josholu
2014-07-14 23:20:13
ааааиииии
0
adanov
2014-07-15 11:30:12
Мени да ушундай кунго кабылгам 6000сом берип аран кутулгам
0
admin_superstan
2014-07-15 11:45:34
adanov, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
ayakosya
2014-07-15 22:28:24
Он манжасын корсотсо ушундай болот соомойун коргозгондо баары тынч болмок
0
taalai.torkent
2014-07-16 23:25:25
бизде постаяна ушундай акчаны бересин праваны алгандан кийин согосун ышкыртып кыжынган боюнча кала берет хе хе
0
street
2014-07-17 19:44:51
Кыргыздар ушунчалык туппойбуз ээ((((((((
0
Taalaibek.
2014-08-09 05:58:38
Он манжасынын баарын кесип ташташкерек да, мындан ары бир да жумушка албаш керек болчу. Ошондо кана мыйзам туура болот болучу.
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан