«БРАЗИЛИЯ-2014» ФИНАЛДА ГЕРМАНИЯ – АРГЕНТИНА

Дүйнө биринчилигинде жарым финалдык оюндар жыйынтыкталып, чемпиондукка ат салышкан эки команда белгилүү болду. Алар немис машинеси менен «альбиселеста». Дал ушул эки команда 24 жыл мурун Италияда өткөн мундиалда финалдык оюнга чыккан. Ошондо Матеус баштаган немистер чемпион аталышкан эле. Эми Аргентинанын өч алууга чоң мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Месси Марадонадай бийиктикке жете алабы? Аны убакыт көрсөтөт.14-июль. Финал. Германия – Аргентина.

БРАЗИЛИЯ КАЙГЫГА ЧӨМҮЛДҮ
Дүйнө чемпиондугунун алгачкы жарым финалдык оюнунда үй ээлери Германия менен күч сынашты. Оюн алдында немистердин машыктыруучусу Йоахим Лёв «Алдыдагы оюнда бизге 11 футболчу эмес, 200 миллион бразилиялыктар каршы турат» деп билдирген. Ооба, ал Германия үчүн бул оюн өтө татаал болорун айткан. Бирок оюндун жыйынтыгы ошол 200 миллион адамга кандай таасир берерин сезди бекен?..
Оюн жогорку ылдамдыкта башталды. Үй ээлери болгон соң тартынып отурбай, Бразилия баштапкы мүнөттөрдө чабуулга өттү. Бирок немистер коргонууда ишенимдүү ойноп, бара-бара оюндун ыгын өзү алып бара баштады. Алгач, биринчи таамай соккуну Мюллер узатты. Андан соң Мирослав Клозе тарыхты жаңылады. Ал Дүйнө чемпиондуктарында 16-голун киргизип, эң мыкты бомбардир аталды. Андан соң бразилиялык футболчулар шашып, коргонууда орой каталарды кетире баштады. Натыйжада алар эсин жыйганга чейин голдор арты-артынан кире берип, жыйынтыгында финалдык ышкырык жаңырганда 1:7 эсеби катталды. Бул учурда Сколаринин жүзү тирүү өлүктү гана элестетип турду.
Оюндан соң футболчулар көз жашын кармана алышкан жок. Ал эми күйөрмандар шаар көчөлөрүндө ызы-чуу салышып, өз өлкөсүнүн желегин өрттөгөнгө чейин барышты.
Бул Бразилиянын тарыхындагы эң ири эсепте утулуусу. Бразилия өз үйүндө уят болду. Немис машинеси финалда!

Бразилия – Германия – 1:7
Голдор: Мюллер
(11-мүнөт)
Клозе
(22-мүнөт)
Кроос
(23, 25-мүнөт)
Хедира
(26-мүнөт)
Шюррле
(69, 78-мүнөт)
Оскар (90-мүнөт)

ИЙГИЛИК «АЛЬБИСЕЛЕСТАДА»
Экинчи жарым финал Аргентина менен Голландиянын ортосунда болуп өттү. Эки команда тең бирдей күчтүү. Ар ким өздөрүнүн күчүнө ишенип жатышты.
Оюн көпчүлүк күткөндөй кызыктуу эмес, уктатып салчудай эле болду. Эки команда чабуулду ойлобой эле, биринчи кезекте коргонууну ойлоп жатышты. Оюндун баары талаанын ортосунда өттү. Натыйжада негизги жана кошумча убакыт 0:0 эсебин каттап, жеңүүчү пенальти сериясында аныкталмай болду. Анда «альбиселестанын» дарбазачысы Ромеро Влар менен Снейдердин соккусун тосуп, өз командасына финалга жолдомо алып берди.

Голландия – Аргентина – 0:0
Пенальти сериясы – 2:4

«БРАЗИЛИЯ-2014» ЖЫЛДЫЗЫ ХАМЕС РОДРИГЕС
Бразилия – Колумбия беттеши. Башкы калыстын ышкырыгы оюн бүткөнүн билдирди. Дал ушул учурда режиссёрлор шолоктоп ыйлап жаткан колумбиялык футболчуну көргөзүп жатты. Бул «кафетеростун» 10-номердеги оюнчусу Хамес Родригес эле. Ал бул оюнда кашык тери калгыча ойноп, беттешке өзүн толук арнады. Жандуу футбол көргөзүшсө да, оюн Бразилиянын пайдасына чечилип, Хамес менен анын командасы өз үйүнө кетүүгө аргасыз болушту.

Аты-жөнү – Хамес Родригес
Каймана аты – «Бам-бам», «Бандит», «Жеймс Бонд»
Туулган жылы, айы – 1991-жыл, 13-июль
Мекени – Колумбия
Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы
Учурда – «Монако» клубунун оюнчусу

БАЛАЛЫГЫ
Родригестин бала чагы Колумбияда өтүп, жаштайынан футболго жакын өскөн. Кантсе да Хаместе футболчунун каны бар. Атасы Колумбиянын жаштар курамасы менен Дүйнөлүк чемпиондукка катышууга жетишкен. Бирок ал үй-бүлөсүн таштап кеткен. Родригестин жашоосунда өгөй ата пайда болуп, ал анын футболчу болушуна чоң түрткү берет. Жаш футболчу футболдук баскычын «Энвигадо» аттуу клуб менен баштап, 14 жашында негизги курамдагы оюнчуга айланат. 3 жылдан соң Аргентинанын «Банфилд» командасына кошулат. Бул учурду футболчунун апасы мындай деп эскерет: «Хамес Аргентинага өзү жалгыз кетип калган. Бул биз үчүн өтө оор эле. Мен түнү бою уктабай ыйлап, баламды сагынчумун. Телефондук чалууларда 2 мүнөттүк чек болгондуктан, анын ал-акыбалын жана жакшы тамактануусун сураганга эле жетет болчу».
2010-жылы Хамес Португалиянын мыкты делген «Порту» командасына өтөт. Бул клуб менен өлкөнүн чемпиондугун жана суперкубогун утууга жетишет. 2013-жылы «Монако» Хамес үчүн 45 миллион евро сунуштаган. Ошентип футболчу бул клуб менен 5 жылдык келишимге кол коёт.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ
2008-жылы Хамес өзүнүн өмүрлүк жары Даниэла Оспинаны жолуктурат. Бактылуу түгөйлөрдүн ортосунда Саломея аттуу кызы бар. Жубайы Хамес жөнүндө «Хамести баары эле абдан жоош жана тартынчаак деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ал жашоого олуттуу мамиле жасаган адам. Анын бир да чыр окуяларга кабылганын көргөн эмесмин. Бош убактысы болсо, аны үй-бүлөсү менен чогуу өткөрөт» дейт.

МУНДИАЛДЫН «АЧЫЛЫШЫ»
Колумбия курамасынан бул Дүйнө чемпиондугунда көпчүлүк эмнени күтөрүн билишкен эмес. Себеби улуттук курамдын лидери Фалькао жаракатынан улам мундиалга бара алган жок. Мындай абалда 22 жаштагы Хамес лидер болуп чыгарын эч ким күтпөсө керек. Мундиалдын ар бир оюнунда жандуу оюн көргөзүп, «кафетеросту» өзү «сүйрөдү». Өзү кооптуу абал жаратат, өзү гол киргизет. Ал 5 оюнда 6 гол киргизип, Пеленин рекордун кайталады. Футбол падышасынан башка эч ким 23 жашка чейин Дүйнө биринчиликтеринде 6 жолу айырмалана алган эмес. Родригес бул мундиалдын талашсыз «ачылышы» болду. Жаңы жылдыз жанды! Колумбия чейрек финалдан утулуп калса да, аларды өз мекенинде күйөрмандар укмуштуудай тосуп алышты.
Азыркы убакта бул оюнчуну өз карамагына илип кетүү үчүн «Реал» жана «Барселона» кезекке туруп калышты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
GUMU
2014-07-14 11:16:28
Германия чемпион ураааааааааа!!! Бирок чын журоктон Мессиге боорум оруду, а так герменияяяя ураааааааа
0
alibekova94
2014-07-14 12:03:35
Менин командам жениа алды ой суйунгонумду айтпа УРААА)))) Германия алга чыкты
0
Gulnazi
2014-07-14 15:18:46
эх месси байкушум. бирок германия женерин билгем.
0
Xperiaedil
2014-07-14 19:28:43
Байкуш Мессиге жаман болду окшойт
0
Diana92kg
2014-07-15 11:47:06
Месси жонунда маалымат жазгылачы
0
paradise1191
2014-07-15 12:35:08
Алтын топту Хамес Родригес алыш керек болчу... Месси эмес. Мессинин озу деле алгысы келбеди окшойт.
0
Sharos
2014-07-16 01:20:22
ерундаго ээй германия эми аран 4 жолку чемпион болду , италия деле 4 жолку чемпион, ал эми бразилия 5 жолку чемпион, кордуш :)
0
kalmir08
2014-07-16 04:10:56
Uraaa Germanija jengdi juhuu
0
Djalal-Abad.93
2014-07-19 22:33:53
Немецтерди СССРден башка эч ким жене албайт
0
№ 610, 11-июль-17-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан