МЫРЗАЛАРДЫН МАСЕЛЕСИ

Жыныс мүчөнү чоңойтуу жаатындагы заманбап ыкмалар бар. Алар негизинен операциясыз жана операция аркылуу чоңойтуучу ыкмалар болуп эсептелет.

Операциясыз чоңойтуучу ыкмалар

Таблетка, мазь, крем түрүндөгү каражаттар

Буларга учурда дарыканаларда жана Sex шоптордо сатылып жаткан Erosil креми, Vig Rx капсуласы жана башкалар кирет. Баалары 10-100 доллардын тегерегинде. Булар жыныс мүчөдө кандын бат айланышына жеткирүүчү өсүмдүк заттарынан, тестостерондон жана башка кошулмалардан жасалат. Тестостеронду таблетканын курамында колдонуу организмге зыян. Мисалы, боорго, жыныс безине жана жалпы гормондордун иштөөсүнө залакасын тийгизет. Өзгөчө 45 жаштан улуулар урологдун кылдат текшерүүсүнөн өткөндө гана колдонбосо, коркунучтуу.

Соруп тургузуучу аспап (вакуумдук насос)

Бул аспап кан тамырды кеңейтүү менен анда кандын көп топтолушуна багытталган. Бул ыкманы көп колдонууда кан тамырлар бир топ кеңейип, мүчөнү чоңойтот. Бирок зыян алып келүүчү жагы кандын көп топтолуусунда капиллярдык кан тамырлар жарылып, мүчөнүн ичинен кан агууга алып келүүсү мүмкүн. Кээде жыйынтыгы жыныстык жактан шал болууга жеткирет. Баалары 20 доллардан 45 долларга чейин.

Жыныс мүчөсүнө жүк артуу менен чоңойтуу

Мындай ыкма дүйнөнүн ар бө­лү­гүндө жолугат. Жыйынтыгы ар түрдүү болот. Мисалы, мүчөгө жарым жыл бою жүк артып жүрүүдө кээсиники 2 сантиметрге чоңойсо, кээсиники бул көрсөткүчкө да жетпейт. Эскерте кетчү нерсе, бул ыкма көбүнчө организми өсүп жаткан жаш балдарда колдонулат.

Гормондордун таасири менен чоңойтуу

Бул ыкма жыныс мүчөсү патологияга учурап төрөлгөн наристелерге колдонулат.

Жыныс мүчөнү чоңойтууга багытталган аспаптар

Мындай аспаптардын ичинен кө­бү­рөөк белгилүүсү Andro-Penis (Андро-пенис). Бул атайын курдун жардамы менен мүчөнү чоюп чоңойтууга багытталган. Баасы 330 доллар.

Жыныс мүчөнүн булчуңун машыктыруу аркылуу чоңойтуу

Бул тууралуу көптөгөн рекламалар бар. Фитнес жаатында иштегендер бул ыкманы үйрөтүү үчүн 20 доллардан ашык сурашат. Бирок бул пайда­сыз ыкмага кирет. Анткени жыныс мүчөдө булчуң жок, болгону, көң­дөй­чөлөрдөн турат. Ошондуктан бул ыкма менен чоңойтуу өзүн-өзүн алдоо болуп эсептелет.

Операция аркылуу чоңойтуу

Мындай операциялар пластикалык хирургия клиникаларында гана жасалбастан, кээ бир чоң шаарлардын урологиялык клиникаларында да жасалат.

Жыныс мүчөнү узартуу

Операция аркылуу узартууда мүчө болжолдуу түрдө 1,5-2 сантиметрге чоңоёт. Операция бир сааттан бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн жана клиникада 2-3 күн жатууну талап кылат. Операция үчүн 1000-5000 долларга чейин талап кылынат.

Жыныс мүчөнү жоонойтуу ыкмасы

Учурда эркектин өзүнүн булчуң же май ткандарынан алып, жыныс мүчөнүн терисинин алдына жайгаштыруу менен жыныс мүчөнү жоонойтуу ыкмасы колдонулат. Операциядан кийин эркек клиникада врачтын кө­зөмөлүндө узакка болуусу кажет. Операция 5000ден 10 000 долларга чейин чапчыйт.

Силикон менен чоңойтуу

Мында жыныс мүчөгө силикон салуу аркылуу чоңойтулат. Алгач адамдын силиконго аллергиясы бар же жок экендиги текшерилет. Акысы түрдүү шаарларда, түркүн баада болгондуктан, тактап айтуу мүмкүн эмес.

Эске алыңыз!

* Жыныс мүчөсүн чоңойткусу келгендер түрдүү рекламаларга, табыптардын жардамына ишенбей, укканы боюнча ыкмаларды колдонууга барбай, врачтын гана кеңешине кайрылуусу кажет.
* Мүчөнү чоңойтуу максатында өз алдынча теринин алдына ар түрдүү гелди, пастаны сүртүү оор жыйынтыктарга алып келет. Мисалы, жыныс мүчөнүн терисинин түшүп калуусуна же жыныс мүчөнүн турбай калышына жеткирет.
* Жогоруда бир нече ыкмалар көрсөтүлүп кеткени менен, илимде жыныстык мүчөнү чоңойтууда операция гана толук ишенимдүү ыкма болуп эсептелерин эскертебиз.

Венера Камалова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
algyr.kg
2016-05-01 00:13:36
Титан гел жөнүндө да маалымат бере кетсениздер зыяндуубу же зыяны жокбу
0
Mekush87
2017-04-17 21:05:29
Табиятта кандай жаралса ошонлой жургуло эркектер.Боодо айрылып каласынар бир жеринерден.
0
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан