Индиянын Уттар-Прадеш штатында кайырчы катары колдонулган Раджу аттуу пил жарым кылымдан соң Лондондун айбанаттарды коргоочу “Wildlife SOS” уюму тарабынан куткарылды. Маалыматта айтылгандай, пилдин кожоюндары аны тумшугу менен кайырчылык кылдыртып, тиричилик өткөрүп келишкен. Бирок алар жаныбардын тамактануусу үчүн эч кандай кам көрүшпөгөндүктөн, ал таштандыларды гана эмес, көчөдөгү желим бөтөлкөлөрдү жана кагаздарды жеп жүргөн.
“Wildlife SOS” уюмунун мүчөсү Пуджа Бинепалдын айтымында, Раджу 50 жылдан бери чынжыр менен байланып, өтө катаал шарттарда жашап келген. «Дээрлик 24 саат бою бул пилдин бутундагы чынжыр чечилбейт. Биз аны бошотконубузда кадимкидей ыйлады. Аны көрүп биз да жашыдык. Бул пилдин сезимталдуулугуна таң калдык» деген уюмдун мүчөсү.
Аталган жаныбарларды коргоочу уюм Раджуну бошотуу үчүн эки жылдай соттошкон. Пилдин ээсинде эч кандай документтери болгон эмес. Аны кичинекей кезинде кармап келип, уруп-согуп, кайырчылыкка көндүрүшкөн.