Жанна Фрискенин жарым жыл мурун рак дартына кабылганы баарына маалым. Америкада дарыланып жаткан ырчыга химиотерапия жардам бербей, абалы начарлай баштаганда жаңы “нановакцина” колдонушкан. Натыйжада Жаннанын абалы оңолуп, кийин аны Балтика боюндагы өлкөлөрдүн бирине алып келишкен. Ал жакта Жаннанын үй-бүлөсү атайын бир үйдү ижарага алып, ырчы айым калыбына келүү курсунан өтүп келет. 8-июлда ырчы 40 жашка толуп, туулган күнүн үй-бүлөсү, жакын санаалаштары, туугандарынын арасында тосту.
Гүлжамал Бөрүкулова