Белгилүү канадалык аткаруучу, миллиондогон өспүрүм кыздардын сүймөнчүгү Жастин Бибер кошунасын жумуртка менен ургандыгы үчүн шарттуу түрдө эки жылга соттолду. Кошумча Лос-Анжелестин аймактык соту Жастинге 81 миң доллар айып пул салып, 5 күндүк коомдук иш менен алек болууга өкүм чыгарган. Эске салсак, ырчы кошунасын жумуртка менен соккондо ал видеого тартып, анын үстүнөн арыз жазган. Чынында, ырчынын мындай кылган иштери толтура. Эгер кылгандары үчүн да ушундай айып төлөп, мыйзам алдында жооп бере берсе, бара-бара сабак деле болчудай.
Гүлжамал Бөрүкулова