ТУКУМСУЗДУККА АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ООРУЛАР

Уул балаңыз али бешикте. Небере тууралуу ойлонуу башыңызга да келе элек. Бирок дал ушул кезден тартып баланын келечекте тукумсуз болуп калбоосуна кам көрүү керек. Наристелерде кездешүүчү маселелер тууралуу дарыгер-уролог Мырзалиев Жуман Сатимбаевич баяндайт.

Фимоз

Наристелерде да урологиялык бир топ оорулар кездешет. Аларга өз-өзүнчө токтолсок.

Фимоз бул – баланын жыныс мү­чө­сүнүн баш терисинин ичке бойдон калышы. Бала кичинекей экенинде мындай көрүнүш табигый болуп эсептелет. Бирок наристе 3 жашка чыккандан тартып, ал баш тери кеңейип, чочосунун башы сыртка чыгат. Башкача айтканда, тери артка түрүлүүгө жарайт. Мындай учурда чочосунун башын жууп-тазалап турууга болот. Бирок кээ бир балдарда тери кеңейбей, чочосунун башы сыртка чыкпай калат. Андыктан жыныстык мүчө иштеп чыгарып турган суюктук (сегма) чочосунун баш терисинин алдында топтоло берет. Бактериялар көбөйөт да сезгенүүгө алып келет. Заара кылуу кыйындап, чочонун башы шишимик тартып, ал жер ачышып оорутат. Мындай учурда жыныс мүчөсүнүн баш терисин операциялык жол менен кесүүгө (сүннөткө отургузууга) туура келет. Сүннөткө отургузуунун 2 пайдасы бар: гигиеналык жактан таза болот; жыныс мүчө жарага жана ракка кабылбайт. Андыктан энелер кичине балдарынын жыныстык мүчөсүн убак-убагы менен жууп-тазалап (фурациллин, марганцовка менен) туруулары керек.

Кокус баланын чочосу шишип же кызарып калса, анда дароо дарыгер-урологго көрсөтүүсү зарыл.

Суу калта

Суу калта (водянка яичка) бул – жумуртка менен анын ак кабыкчасынын ортосунда чогулган суу. Бул жумуртканын сезгенишинен, жаракатка кабылышынан улам жаралат.
Жеңил түрүндө дары-дармектер менен дарылоого болот. Оор түрүндө баланын жашына карабай операция жасалат. Жумуртканын кабыкчасы ачылып, андагы суу менен кошо ак кабыкча да алынып салынат.

Крипторхизм

Крипторхизм бул – жумуртканын урук калтада болбой калышы.

Түйүлдүктүн өсүү кезинде жумуртка ич көңдөйдөн бөлүнүп, калтага акырындык менен түшөт. Ушул кезде ички же сырткы таасирлердин айынан бул процесс бузулат да, жумуртка ич көңдөйдө же жука чурай каналында кармалып калат. Жумуртканын экөөсү тең же бирөөсү калтага түшпөй калуусу мүмкүн. Өз ордунда болбой калгандыгы үчүн жумурткага доо кетип, бул кийин тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал.
Жумуртка калтага түшпөй калган болсо, врач УЗИ аркылуу жумуртканын кайда жайгашканын аныктайт. Анан операция жасалып, жумуртка өз ордуна салынат.

Варикоцеле

Варикоцеле бул – урук безинин вена кан тамырларынын кеңейип кетиши. Вена кеңейгенде жумуртканы кыса баштайт. Мунун негизинде жумуртка жакшы өспөй, кийин тукумсуздукка алып келет. Негизги белгилери: жумуртканын кичирейиши, калтанын сол тарабынын салаңдап, чоюлуп калышы. Жумуртканын оорушу. Операциялык жол менен гана бул дартты айыктырууга болот.

Орхит

Орхит – инфекциялардан улам жумуртканын сезгениши. Жумуртка шишип, калтанын териси кызарып, ооруй баштайт. Баланын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт. Дары-дармек менен дарылап айыктырууга болот. Эгер ооруган жер ириңдеп кетсе, анда операция жасоого туура келет.

Венера Камалова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан