«АК ИЛБИРСТИН ИЗИ МЕНЕН»

Өткөн аптанын 10-июлунда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде «Ак илбирстин изи менен» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. 20-июлга чейин улана турган иш-чаранын максаты – кызыл китепке кирген ак илбирстин жана башка жоголуп бараткан жаныбарлардын тукумун сактап калууга коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул эко-акцияны уюштуруу түйшүгүн Фотожурналисттер бирикмеси, «Бугу-Эне» коомдук фонду жана Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи өзүнө алса, «Кумтөр» компаниясы каржылык жүктү өз мойнуна алган.

Көркөм өнөр музейинин улагасын аттаганда эле алгач көзүмө көргөзмөгө келген элдин арасынан бетине илбирстин сүрөтүн тарттырып алган бөбөктөр урунду. Аларды сүрөткө түшүрүп жатканымда илбирсти туурап, ырылдап үн чыгарып элди аралай чуркап жүргөнү менин гана эмес, коноктордун баарынын маанайын көтөрдү. Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн уюштуруучу топтун өкүлдөрү өлкөбүздөгү илбирстин саны жылдан-жылга азайып баратканын, аны коргоо зарылчылыгын белгилешти. Коомчулук кайдигер карабай көңүл бурат деген тилектерин билдирген уюштуруучулар кызыл тасманы кесип, андан ары көргөзмө залына карай бет алдык.
Көргөзмөдө республикабыздын аймагындагы 4 жылдан бери бир нече ирет жүргүзүлгөн экспедициялардагы Фотожурналисттер бирикмесинин мүчөлөрүнүн 100дөн ашуун эмгектери коюлду. Булардын ичинен көпчүлүгү жаңырган жылдын кыш айларында Ысык-Көлдөгү Ананьево реабилитациялык борборуна болгон сапарда тартылган сүрөттөр орун алган. Экологияны коргоо боюнча өткөрүлгөн акциянын алкагында сүрөт көргөзмөсүнөн сырткары аквагрим, автордук иллюстрациялар коюлса, балдарга арналган ар кандай оюндар жана сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго Төлөмүш Океевдин мындан 30 жыл мурда тартылган «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильми да көрсөтүлдү.
«Учурда биздин өлкөдөгү ак илбирстин так санын айтуу кыйын. Бирок эски маалыматтарга таянсак, 300дөй ак илбирс бар» деген уюштуруу тобунун өкүлү, «Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова акциянын максатына мындайча токтолду.
– Ак илбирсти коргоо боюнча долбоордун башталышы болгон бул акциянын негизги максаты – Кыргызстандагы башка жаныбарларга жана экологияны сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Сүрөттөр аркылуу биз элге жаратылышыбыздын сулуулугун жана ак илбирстин улуулугун көрсөтүп бергибиз келет.



Ак илбирсти изи менен кууп, анын жан дүйнөсүн коомчулукка сүрөттөр аркылуу жеткирип берген белгилүү фотосүрөтчү Влад Ушаков эмгектери тууралуу төмөнкүдөй баяндайт:
– Илбирс жапайы жандык болгондуктан, сүрөткө тартканды жактырбайт. Ошондой эле өтө сак келип, адамдардан алыс жүрөт. Мындан улам жакшы кадр кармап калууга үлгүрүү кажет. Болбосо жүзүн буруп, ары карап отура берет же бир заматта көздөн кайым болот. Кээде бери карап турганын жаратылыш менен айкалыштырып сүрөткө тартып алуу үчүн обочороокто 1-2 саат күтүп отурган учурлар болгон.
Илбирс – табиятынан жапайы жырткыч жаныбар. Бирок анын артынан түшүп, жашоосун изилдөөдө адамга кол салган учур катталган эмес. Андыктан адамдарды илбирсти коргоого чакырат элем.

Көргөзмөнүн башкы демөөрчүсү болгон «Кумтөр» компаниясынын атынан келген өкүл Дуглас Гриер иш-чаранын мааниси чоң экенин айтып, экологияга өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгын баса белгиледи. Анын айтымында, компания Караколдогу зоопарк менен абдан тыгыз кызматташып, демөөрчүлүк кылып келет. Дуглас «Бүгүнкү иш-чараны уюштуруу боюнча биз колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүп жатабыз. Көргөзмөнү алгач Бишкекте, андан соң аймактарды да кыдыруу пландалууда. Бул абдан жакшы идея деп эсептейм. Себеби эл илбирстин жашоосун жакындан көрүп, таанышуусуна шарт түзүлөт жана экологияны коргоого элдин көңүлүн бурууга үндөйт» деген оюн кошумчалады.

Көргөзмөгө келип, ар бир сүрөткө ынтаа коюп, суктануу менен таанышып жаткан коноктордун бири комузчу Кенжебек Алдаярды кепке тартып, сүрөттөрдөн кандай таасир алганын өз оозунан эшиттик:
– Алгач иш-чараны уюштуруп жаткандарга терең ыраазычылык билдирет элем. Көргөзмөдө жаратылышты коргоо боюнча адистерден сырткары бул чөйрөгө таптакыр тиешеси жок сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрүп, абдан ыраазы болдум. Алар илбирстин карап турганын, жүрүм-турумун, бири-бири менен ойноп жаткандарын сүрөт аркылуу сонун чагылдырып, анын жан дүйнөсүн ачып бере алышкан. Муну көргөн кишиге кадимкидей таасир берип, адамдын жан дүйнөсү ойгонот экен. Мындай акцияларды дагы да улантуу керек деген ойдомун.

Коноктор фотожурналисттердин эмгектери менен таанышып, өздөрүнө эстелик катары сүрөткө тартып да жатышты.

Илбирстин элесин өз жүзүнө түшүрүп алган бөбөктөрдүн дүйнөсүнө эжелер да кирип кетишти.


Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-07-21 17:29:04
негизи ишкана жакшы долбоорлорду колдойт, мисалга Карагат+ алып деле келсек болот
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан