«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКАСЫ ДЫЙКАНДАРДЫ БИРИКТИРДИ

Сузак районундагы Орто-Азия айылынын кооперативге бириккен дыйкандары быйыл мол түшүм алып, ийгилик жаратышты. Аларды бул ийгиликке жеткирген “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы уюштурган машина-трактордук станциясы (МТС) болду.
Орто-Азия айылынын тургундары үчүн аталган саясий партиянын өкүлдөрү буудай талаасында практикалык семинар өткөрүшүп, дыйкандардын өз ара биригип аракет кылуусунун артыкчылыктуу натыйжалары тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул семинарга коңшу Базар-Коргон, Ноокен райондорунун дыйкандары да катышышты.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын алдындагы МТСтин координатору Майсалбек Өмүрзаков кооперативге бириккен дыйкандардын быйылкы жылдагы тапкан пайдасы тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы ушул эле айылдын 9 үй-бүлөсү өздөрүнө тийиштүү болгон 10 жылдан ашуун иштетилбей жаткан 13 гектар жерди кошуу менен “Өнүгүү” МТСи менен биригип, кооператив уюштурушкан. Жаз, жай бою “Өнүгүүнүн” адистери, механизаторлору жерди иштетишип, буудайдан зор түшүм алышкан. Ар бир үй-бүлө дыйканчылыкка бир тыйын же мээнет сарптабай туруп эле кеминде 20 миң сомдон киреше тапкан.
Буга кызыккан айылдыктар быйыл көп жылдардан бери иштетилбей жаткан өз үлүштөрүндөгү жерлерин ортого салып, кооперативге биригишип, “Өнүгүү” МТСинин жардамын пайдаланышты. Жалпысынан жарандар 97 гектар жерди бириктиришти да, ал жерге буудай жана арпа айдашты. Ал бириктирилген жерлерде техникалык сервистин механизаторлору, адистери иш алып барышып, учурда дан эгиндеринен мыкты түшүм алынды. Майсалбек Өмүрзаковдун айтымында, буудай аянттарынан алынган түшүм гектарынан орточо 40 центнерди түзүүдө.
"Өткөн жылы бизде 13 гектар жерде 2 бригада иштеген, быйыл 97 гектар аянтта 13 бригада иштеди. Айылдыктар биригип иштөөнүн артыкчылыгын сезишип, бизге келип кошулушууда",- дейт Майсалбек Өмүрзаков.
Быйылкы түшүмдү толугу менен жыйнап алган бригаданын тапкан пайдасы арбын болду. Мисалы, 13 гектар аянтка буудай айдалган, андан жалпысынан 54 тонна 390 килограмм дан, 2000 пресс таңгагы алынды. Ал эми түшүмдү алганга чейин техникалык сервис айдоо, малалоо, дан себүү, сугаруу, дарылоо, азыктандыруу сыяктуу 25 иш-чараны ишке ашырган. Ошондо жалпы чыгым 250 миң сом чамасында болсо, ал эми жалпы киреше дээрлик 800 миң сомду түзгөн.
Дыйкандардын айтымында, эгер ар бир үй-бүлө өз жерин өз алдынча иштетсе, биринчиден, ага кеткен чыгымга ылайык каржы таба албайт. Экинчиден, бардык үй-бүлөсү менен алты ай талаада иштейт. Үчүнчүдөн, тийиштүү агротехникалык эрежелер сакталбайт. Төртүнчүдөн, алынган буудайды сактоочу жайы жок, аны дароо арзан сатканга мажбур болот. Жыйынтыгында кеткен чыгым менен тапкан кирешенин айырмасы аз болот же зыян тартып калат. Ал эми “Өнүгүү” МТСи менен кооперативге бириккен үй-бүлөлөр талаага басып барбай эле түшүмгө, демек, кубантарлык кирешеге маарышат.
Сузактыктардын мындай демилгесин Базар-Коргон районуна келген дыйкандар да жогору баалашты. Белгилүү фермер Азимжан Божуевдин айтымында, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын сунушу менен аталган райондун Акман айылында да дыйкандар кооперативге биригишип, быйылкы жылы мол түшүм алышкан. Жылдар бою иштетилбей жаткан жер тилкелери кайрадан атуулдарга киреше бере баштады. Бир тыйын чыгым кылбай туруп киреше тапканына дыйкандар абдан кубанып жатышат.
Буюрса, кийинки жылы Сузак районунда кооперативге бириккен дыйкандардын саны дагы да арта турганы азыртадан эле маалым болуп калды. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш.

Тынычбек Мамаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kursantbek
2014-07-21 14:45:28
Жакшы кабар биримдиктуу болсо бааары болот дегендей екен Бир тыйын кетирбей ананда Бир тыйын пайда тушпогон жерден 20 мин пайда тапса Жакшы корунуш !!!!Онугу партиясы ушул боюнча кетсе Жакшы болот еле кыргызстаанды кичине болсоода алдыга жылдырмак шайлоодон кийин озоорбосо еле Жакшы боюнча кетет!!!!!
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан