АЛЧА ЖЕП АРЫКТАҢЫЗ

Алчанын (вишня) түпкү мекени болуп Кара деңизди жээктеген Кавказ жана Крым болуп эсептелет. Окумуштуулар бул мөмөнүн черешня, талаа алчасы, сакура, черёмуха, коңгуроолуу алча жана башка 130дан ашык түрүн изилдеп чыгышкан. “Вишня” сөзү латын тилинин “prunus” сөзүнөн алынып, которгондо “кара өрүк” дегенди түшүндүрөт жана бул мөмө кара өрүк түркүмүнө кирет.
Кыргызстандын Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда алчаны албөлү деп аташат. Кочкул кызыл түстөгү алчанын пайдалуу жактарын санасаң четтен чыгат.

ДЕН СООЛУККА ПАЙДАСЫ
Алча – эң пайдалуу диеталык мөмө-жемиш. Анын курамында организмге пайдалуу темир, цинк, йод, жез, ошондой эле лимон, алма кычкылдары жана калий, кальций, магний сыяктуу көптөгөн заттар бар. Андан тышкары А, С, Е, В1, В2, РР витаминдерин өзүнө камтыйт. Калориясы төмөн, бирок витаминдерге бай бул мөмөнү арыктайм дегендер каалашынча жей беришсе болот.
Аз кандуулукта алча эффективдүү жардамчы. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларын, артритти дарылоодо да колдонулат. Ал эми ич катууда жаңы бышкан мөмөсүн жесеңиз, жакшы натыйжа берет.
Элдик медицинада алчанын мөмөсү эле эмес, дарагынан чыккан чайыр жана жалбырагы да дары деп эсептелет. Мисалы, ашказандын былжырлуу чели жабыркаганда атайын даярдалган алча чайыры, сарык оорусунда жана кан токтотууда жалбырагы колдонулат.
Алчанын таза жуулган 10 даана жалбырагын майдалап, 200 грамм сүткө кошуп жай отто 30 мүнөт кайнатыңыз. Муздатып, анан суюктукту 3кө бөлүп 3 маал ичиңиз. Бул сарык оорусуна даба.
Мурун канаганда же болбосо бир жериңиз сыйрылып кан токтобой жатса, алчанын жалбырагын майдалап туурап, жаракатыңызга жапсаңыз, кандын эрте токтошуна жардам берет.

ЗЫЯНЫ
Алчанын пайдасы менен кошо зыяны да бар. Бул мөмөнү гастрит, ашказан жарасы, кант диабети менен жабыркагандарга, он эки эли жана жоон ичегиси сезгенгендерге көп жегенге болбойт.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Алчанын ширеси теринин өңүн жакшыртууда жана чачты бекемдөөдө кеңири колдонулат.
Сепкилге каршы ботко: 2 аш кашык алчанын этине 2 аш кашык ириген сүт жана 1 аш кашык лимон ширесин кошуңуз (эгер териңиз кургак болсо, лимон ширесинин ордуна петрушканын ширесин кошсоңуз болот). Бул боткону бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин бетиңизди жылуу суу менен жууп салыңыз.
Майлуу чачтар үчүн ботко: 2 аш кашык картошка крахмалына 1 аш кашык лимондун жана алчанын ширесин кошуп, коюулугу каймактай болгончо чалыңыз. Даяр аралашманы чачтын түптөрүнө сүйкөп, 40 мүнөттөн кийин жылуу суу менен чайкап салыңыз. Бул процедураны жумасына 1 жолу колдонуп турсаңыз, чачыңыз жалтырап өңүнө чыга түшөт.

АШКАНАДА

АЛЧА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар
(1 литр кыямга):
Алча – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм

Жасоо ыкмасы:
1. Алчаны таза жууп, төөнөгүч менен данегинен ажыратып алабыз. Данегин чыгарсаңыз, кумшекерди үнөмдөйсүз жана дасторконуңуздун чети да ашыкча булганбайт.
2. Тазаланган алчаны чуңкур идишке салып, үстүнө кумшекерди себелеп, бир күн тыныктырабыз (бул мезгилде мөмөнүн ширеси бөлүнүп чыгат).
3. Мөмөсүн сүзүп алып, андан соң идиште калган ширесин кайнатабыз.
4. Кайнаган ширеге мөмөнү кошуп жай отто 30 мүнөт бышырабыз. Кайнап жатканда кыямдын үстүнө чыккан көбүгүн алып туруу керек. Бул кыямыңыздын тунук болушун камсыздайт. Бышкан кыямды алып чыгып, муздатып, алдын ала буулантылган банкаларга куюп, оозун бекитип коёбуз.


АЛЧА КОМПОТУ
Керектелүүчү азыктар (3 литр компотко):
Алча – банканын 1/3 бөлүгү
Кумшекер – 300 грамм

Даярдоо ыкмасы:
1. Таза жуулган алчаны чуңкур идиштеги муздак сууга 15-20 мүнөт чылап коёбуз.
2. Алдын ала буулантылган банкага алчаны салып, үстүнө кумшекер себелейбиз.
3. Кайнаган сууну банканын моюнуна жеткиче куюп, 10-15 мүнөттөн кийин банкадагы сууну мискейге бөлүп алабыз. Жай отто 15 мүнөт кайнатып, кайра банкадагы алчанын үстүнө куябыз (бул процесс 2 ирет кайталанат).
4. Банканын оозун бекитип, муздагыча көмөрүп коёбуз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
guli87kg
2014-07-21 14:15:07
Жакшы кенештер экен рахмат сиздерге Супер-Инфо! Ашказандын былжырлуу чели жабыркагандарга Алча чайырын кантип даяардайт жаза кетиниздер.
0
Forest
2014-07-21 15:27:49
Алчанын этине дегенди кандай тушунсо болот ..???
0
Aisanat
2014-07-21 18:00:16
Forest, данегинен башкасы эти болот да. Соогу эти деп айтылат го негизи.
0
asiia03
2014-07-21 18:03:27
Forest songogy , danek eti degen jep atkanun eti da/
+1
insap
2014-07-21 19:47:19
Алчанын пайдасын семиздер аябай көрсө болгудай...
0
Gul.08
2014-07-22 04:37:31
А кантип семирсе болот,мен семире ал жатам секреттери болсо айтып коюнуздарчы сураныч..??
0
sulushka15
2014-07-24 14:51:21
Ошондо черешня менен да дарыланса болобу?
0
AZIK01
2014-07-24 19:29:02
Алча. биз жакта "алча" башкача мөмө жемиш. Муну "киларс" дейт экенбиз. Билип алганым жакшы болду. Ушунусу туура болсо, ушинтип айтып жүрөйүн.
0
Aizatnur
2014-07-26 01:52:40
азико негизи ошто килас дешет экен. дагы кокон килас деген да барбчы ее
0
AZIK01
2014-07-26 23:10:35
Aizatnur, Ооба, негизинен баарын "киларс же гилас" деп айтышат. Анан "Майский киларс, кокон киларс" деп бөлүнөт. Ал эми, сүрөттөгү киларстин атын билбейм, бирок, жалмак жергиликтүү тил менен " аччык киларс же майда киларс" деп коёбуз. Түндүк жакта же адабий тилде "алча" дейт окшойт. Бирок, бизде да "Алча" деп аталган, жогорудагы киларстин сүрөтүндөгүдөй мөмө жемиш бар. Экө}
0
nikowa
2014-07-27 13:23:35
Алча эн даамдуу жана пайдалуу момо!биз жакта абдан коп.
0
malik.87kg
2014-07-27 17:56:21
алболу жакшы нерсе да абдан ширин согун ичсенер
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан