Жыл сайын тапшырылуучу «MTB Europa Music Awards» сыйлыгынын тапшыруу аземи Даниянын Копенгаген шаарында өттү. Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгү болгон поп-жылдыз Жастин Тимберлейк «Жылдын мыкты аткаруучусу», «Жылдын мыкты поп-музыканты» наамдарынын ээси болду. Ал эми «Мыкты ырчы айым» наамы Кристина Агилерага ыйгарылды. Дима Билан «Мыкты аткаруучу» наамын утуп алды. Эң көрүнүктүү Мадонна, Шакира, Робби Уильямс өңдүү ырчылар наамга жетпей, үйлөрүнө куру кетишти. МТВ сыйлыгынын тапшыруу аземи дүйнөнүн 17 өлкөсүндө көрсөтүлдү. Салтанаттуу аземди Жастин алпарды. «Алпаруучу болоордо мен бир шарт койгом. Эгерде мага сыйлык ыйгарсаңар, болом дегем» дейт Жастин тамашалап. Антсе да бул жылдыздардан тышкары наам алган топтор дагы болду.
ВАЛЕРИЯНЫН КИТЕБИ ЖАРЫККА ЧЫКТЫ
Жакында орус ырчысы Валериянын «Жашоо, көз жаш жана сүйүү» аттуу китеби жарыкка чыкты. Валерия китебине арналган пресс-конференцияда: «Мага чыгарма жазган абдан жакты. Келечекте дагы далай чыгармаларды жаратаарыма ишенем» деп журналисттерди таң калтырды. Ошондой эле ырчы жакында өзүнүн кызы Анна менен бирге жаныбарлар жөнүндө аңгемелерди жазууга кам көрүп жатканын айтты. «Анна жаныбарларды абдан жакшы көрөт жана алар жөнүндө жакшы билет. А мен болсо жашоо жөнүндө билем» дейт ырчы.
Популярдуу «Рефлекс» тобунун солисткасы Ирина Нельсон топтон бөлүнүп, жеке ырдап чыгууну пландоодо. Учурда топто төрт адам бар. Алар: Ирина Нельсон, Алена Торганова, Женя Малахова жана ди-джей Сильвер. 5 жыл бою топто үч солист гана иштеп келсе, 5-жылы гана топко Женя Малахова кошулган. Ал эми жеке ырдап чыгуу Ирина үчүн жаңылык деле эмес. Анткени, 1990-жылдары Ирина орус шоу-дүйнөсүнө Диана аттуу ысым менен таанымал болгон. 1997-жылы Ирина кандайдыр бир себептерден улам сахнадан көрүнбөй кеткен. Көрсө, ошол жылдары Ирина Германияга барып, Андреас Нельсон аттуу буддист, музыкант адам менен таанышып ага турмушка чыккан экен. Бирок, экөөнүн никеси узакка созулбайт. Андан Иринага болгону фамилиясы калат. 2000-жылы Ирина Москвага кайтып келип, продюсери Вячеслав Тюрин менен бирге «Рефлекс» тобун түзөт. Бир жылдан кийин топ «Сойти с ума» аттуу ыры менен популярдуулукка ээ болот. Ирина кайрадан жалгыз иштеп, кандай ийгиликтерге жетээрин эми убакыт көрсөтөт.
38 жаштагы Владимир Пресняков менен 24 жаштагы Наталья Подольская балалуу болуу үчүн дарылануу курсунан өтүп жатышат. Эки жылдыз бир ай бою анализ тапшырышып, текшерүүдөн өтүшкөн соң, дарыгерлер аларга балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар деп айтышкан. Андан кийин эки ырчы ооруканага жатып, дарыланууну чечишкен. Учурда экөө эки башка палатада диета кармашып, жалаң гана витаминдер менен азыктанышууда. Майлуу жана даамдуу тамактарды жегенди жакшы көргөн Владимирге диета ыңгайсыздык алып келүүдө. Ал эми Наталья өзүн жакшы сезип, балалуу болууга бардык күчүн жумшоодо. Владимир көптөн бери дагы балалуу болууну эңсеп келген. Айта кетсек, Пресняков Орбакайте менен ажырашкандан кийин модельер Елена Ленскойго үйлөнгөн. Бирок, модельер менен 9 жыл бирге жашашса да экөө балалуу болушкан эмес. Экөөнүн ажырашуусунун себеби да ушул болгон. Ал эми Наталья менен Владимир «Большие гонки» берүүсүнүн съёмкасында таанышышкан. Биринчи жолугушууда эле эки жылдыз бири-бирине ашык болуп калышкандарын жашырышкан эмес.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева