“ТИБЕТТИК КЫРГЫЗДАРДА КАЙНЕНЕ БОЛОЧОК КЕЛИНИН ӨЗҮ БАГАТ”

Биздин бүгүнкү коногубуз 16 жылдан ашык убакыт Индияда, бир жыл тибеттик кыргыздардын арасында жашаган Жолдошбек Султанов болмокчу.

– Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...
– Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын кулунумун. 55 жаштамын.
Швециядан 4 жыл Веда (индуизмдин санскрит тилинде жазылган эң байыркы ыйык жазуулар топтому) боюнча билим алгам жана Индиянын Гуджарат штатындагы Аюрведа университетин аяктагам (аюрведа – индия медицинасынын салттуу системи, альтернативдүү медицинанын бир түрү).
– Тибетке кандайча барып калгансыз?
– Индияда жашап жүргөнүмдө 1994-жылы туристтерге кошулуп, Непал аркылуу Тибетке (Кытай Эл Республикасынын автономдуу району) өтүп, борбор шаары Лхасага барып калдым. Базардан илгеркидей кийинген топозчон адамдардын тери, дары чөп, мүйүз сыяктууларды күрүч жана башка азыктарга алмаштырып жүрүшкөндөрүн көзүм чалды. Байкасам, кыргызча сүйлөп жатышат. Жергиликтүүлөр алардын товарларын арзан алып, өздөрүнүкүн кымбат баада сатышууда. Чыдай албай алар үчүн өзүм соода жасап бердим.
Ошентип 2 күндүн ичинде алардын тибеттик кыргыздар экенин билип, “мени өзүңөр менен кошо ала кеткилечи” деп жалына баштадым. Акыры башчысы макул болду. Алардын талабы менен мен буюмдарымды, документтеримди өзүбүз жашаган мейманканага таштап, алар менен кеттим. Көрсө, алар айылына оңой менен чоочун адамдарды алып барышпайт жана эч кимди киргизишпейт экен. Ошол себептен менде аларды сүрөткө тартууга мүмкүнчүлүк болбоду. Лхасадан чыгып, үч ашууну ашып, түндүктү карай кыска жолдор менен 12 күн жөө жүрдүк. Узун, коопсуз жол менен барсак андан кеч бармак экенбиз. Ал жакка барган соң 1 жыл алардын арасында жашадым. Андагы кыргыздардын саны 300гө жетет.
Эркектерине Баатыр, Өскөн, Элек, Боору, Өтөк, Саты, ал эми кыздарына Санаа, Ажар, Бүбү, Омо, Кайры, Желегей сыяктуу ысымдарды коюшат. Жашаган конушунун атын Алай-Куу деп айтышты. Цивилизациядан бөлүнүп, өзүнчө калган конушка окшоду. Тегерегинде Карал-Дөбө, Жымжырттык өрөөнү деген жерлер бар.
Тибеттен келгенден кийин тактап көрүп, алар жашаган аймак Тибеттин Амдо аймагына (Нагчу округу) кирет окшойт деп болжодум.
Климаты катаал болгондуктан, топоздон башка мал багышпайт. Өтө аз сүйлөшөт. Эч качан урушушпайт, “баарыбыз Теңирдин пендесибиз” деп бири-бирин сыйлап жашашат. Тутунган дини жок, болгону колдорун көккө көтөрүп, "Теңирим, берген суу, аба, тооңо рахмат, бизге жакшылыктарды бере көр" деп гана сыйынышат.
– Каада-салты, жашоосу кандай экен?
– Таш үйлөрдө жашап, биздикиндей кийим, буюмдарды колдонушпайт экен. "Азыркы цивилизациянын адамдары экологияны бузуп, адамдык касиетинен четтеп, аң-сезимдери бузулгандар" дешти. “Биз ата-бабабыздын салты менен жашап, алар колдонгон буюмдарды колдонуп, ошолордун деми менен жашайбыз. Кайып илимин өздөштүрүү биздин милдетибиз” деп айтышты. Кийимдери, үйгө салынган буюмдары баары иштетилген териден жасалыптыр. Оорукана, дарыкана, мектеп деген жок. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт дегенди билишпейт. Чөп дарылар менен дарылашат. Металлдарды иштетип, андан идиш-аяк жасашат экен. Темир комузу, домбрага окшоп кеткен кыл аспабы бар.
– Кыз алуу, кыз берүү салты кандай экен?
– Бешик той, тушоо кесүү дегенди өткөзүшөт. Балдары кичинесинде эле куда түшүп, кыздары 12 жашка чыкканда кайненесине тапшырышат. Ал кызга керектүүлөрдүн баарын үйрөтүп, өзү тарбиялайт да, анан кыз-бала 16-17ге чыкканда үйлөнтүп коюшат.
– Эми көз жумган адамды акыркы сапарга узатуу салтына келсек...
– Жогоруда айтпадымбы, кайып илим деп, ошону эң мыкты өздөштүргөндөр өлгөндө кайып болуп кетишет экен. Бирок муну өз көзүм менен көргөн жокмун. Жакшы өздөштүргөндөрдү от жагып, өрттөп салышат. Мындайды бир жолу көрдүм. Орто өздөштүргөндөрдү өлөр алдында төрт бурчтуу чуңкур казып, ошого отургузуп коюшат. Алардын денеси мумия сыяктуу сакталып тура берет. Муну көп эле жолу көрдүм. Начар өздөштүргөндөрү өлсө, аларды талаага алып чыгып, денесин кескилеп, жиликтеп жоруларга беришет.

"Кыргыздар ушундай таш үйлөрдө жашашат".


“КЫРГЫЗДАРГА КАПЫСТАН ЖОЛУККАНБЫЗ”
Тибетке барып, андагы кыргыздарга жолуккандардын бири журналист, жазуучу жана кинорежиссёр Аймира Урустемова.

– Тибетке 2012-жылы бардык. Алгач Бишкектен Кашкарга жетип, ал жерден Тибеттин (Кытайдагы автономдуу округ) Нгари округуна жеткирүүчү учакка отурдук. Нгариден Тибеттин аймагына кирүүгө атайын уруксат кагаз алышыбыз керек эле, бирок учакта биз менен чогуу келген уйгурдун иниси документсиз эле өтсө болорун айтты. Анын сөзүн туура көрүп, документ албадык. Аэропорттон Дарчен деген жерге Жип унаасы менен бардык. Ага чейин деле бизди жолду карай улам бир тозоттордон токтотуп, катуу текшерип жатышкан. Дарченге жетейин деп калганыбызда аскер адамдары бизди токтотуп, "бул жерге түнөгүлө да, эртең таң атары менен жөнөп кеткиле" деп катуу эскертти. Ошондо уруксат кагазды албаганыбызга кейидик. Бирок атайын келгендиктен Кайлас тоосуна жөнөп кеттик. Тоону көрүп, аскер адамдары кармап албасын деп шашып жолго чыктык.
Тибет менен Синьцзян-Уйгур автономдуу районун байланыштырган G219 автожолу менен келе жатканбыз. Бир жерден бизди ташып жүргөн уйгур “бул жерде кен бар. Ал кен бай кыргызга таандык. Кенди ошол иштетет” деди. Муну угуп кубанып калдык. Анан көп жүрбөй капчыгайдын ичинен боз төбөл жер тамдарды көрдүк. Машинадан түшүп, суунун жээгине келип, тигил үйлөрдө жашагандарды чакырдык. Үйдүн кожоюну, аялы, уулу жана келини чыгып, биз менен амандашты. Көрсө, алар кыргыздар экен. Жашоо шарттары илгеркидей. Кыргызстан тууралуу, Тибетте кыргыздар бар деп угуп аларды издегенибизди айттык. Аларга белектерибизди бердик эле, келин бизге булактын суусун сунду. Чогуу сүрөткө түшүп, даректерди алышып, машинага отурдук.
Көп өтпөй дагы бир айылга туш болдук. Андагы үйлөрдүн көбү бек экен. Акыры Абдылас деген кишини таптык. Ал бизди көрүп таң калып, өзү кыргыз экенин жана ал жердеги кыргыздар боюнча айтып берди. Көрсө, бийик тоолор арасындагы бир айылда 3 миңдей кыргыз жашайт экен. Ал айылга машина барбастыгын, мотоцикл менен гана жетүүгө болорун билдик. Биздин сөзүбүздү 2 кытай киши бөлүп, сөз аяктады деген белги берди.
Ошентип кайра Кашкарга, андан Нарынга, Бишкекке келдик.
Тибеттик кыргыздар илгеркидей каада-салтты колдонушуп, башка элдер менен кыз алышып-беришпейт экен.

Кыргыздар жашаган айыл.

Тибеттик кыргыздар менен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
lyblyego
2014-07-22 15:13:29
мен ойлогондон жакшыраак экен уйлору,кийимдери.
+1
faha
2014-07-22 15:46:58
ech bir bashka elderge kyz berbey uruktu taza saktashat eken da?...
0
beka88
2014-07-23 10:14:28
бизден 150жыл артда экен да туугандарыбыз
0
Revolyutsioner
2014-07-23 15:03:14
Мактанбагыла туугандар, бузулган кыздарды, подкаблучник жана аракеч (алкаш) уулдарынарды коруп кыргыздардын эртенки келечегинен тунулуп кетем. Дагы 150 жыл алдыдабыз деп мактанасынар. Силер берген тарбиянарга карап, экономиканарга карап мактангыла, элдин пейлине карап мактангыла.. Совет доорундагы элдин пейли азыркыдан кыйла дурус болчу, эли ыймандуу, ынсаптуу, тарбия коргон, уул-кыздары шуркуя эмес болуучу.. Бугун силердин мактанаар эч нерсенер жок туугандар, кайсы арынарга мактанасынар!!!
+5
Revolyutsioner
2014-07-23 15:04:55
Айрым салттары бизге бираз тушунуксуз, кызыкча корунгону менен биз уйроноор коп нерсе бар экен тибеттик боордоштордон... Мен чыныгы кыргыз элин, урп адат, маданиятын изденип келем. А силер Европа менен Аравиядан келген маданиятынар менен мактанасынар...
+2
alhamdulillah
2014-07-23 15:56:32
Бир коргум бар да
0
Revolyutsioner
2014-07-24 14:58:56
Айланайын эл-журт, эмненерге мактанасынар, уул-кыздарнар тегиз Россия, Казахстанда 70%, орустардын короосун шыпырып, туалетин жууп, оор жугун которуп, тамагын бышырып журушот жаш балдарынын кулкусун, кары ата-энесинин мээримине зар, мекенин сагынып... Элге ислам келди, бирок парадоксту кара ыйман кетти, куноолуу ислам дини эмес ошону чала тушунгон-тушундургон озубуз куноолуубуз. Кыздарыбыз тажик, турк, орустун этегин кармап, тошогундо уйпаланып журушот, уулдарыбыз арактан, мушташтан башы чыкпайт
+2
Revolyutsioner
2014-07-24 22:11:08
Озубузго байкалбаган менен бизде да адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатында туура эмес ждагдайлар коп. Биринчиси "арак менен конул айтуу", 15-20 жыл мурун ото жайылып кеткен бул корунуш азыр да айрым жерлерде бар, каза болгондун жакындарына конул айтуу максатында арак которо келип ичируу... Анан да мастардын журуусу, мастын олукту узатууда журуусу, кылыктары орундуубу?
+3
Revolyutsioner
2014-07-24 22:16:13
Экинчиси ашыкча чыгымдар. Азыр айрым жамааттарда мечитке эл чогулуп ири баш мал союга тыю салынып жаткан менен эртен элге тобосу коругон бир мыкчыгер же бизнесмендин жакыны кайтыш болсо кайра эле катар катар жылкылар, бука-койлор союлууда, андан башка бай кем калчу беле, айтса жообу даяр, катташкан дос-тууган, жоролор коп, ошолордун баарына 1-2 кой жетмек беле дейт. Жардыга ири баш мал сойсон барбай койобуз деп коркуткан эл бай мыйзам бузса келбей койгонго айласы жок, бул бугунку кундун чындыгы
+3
Revolyutsioner
2014-07-24 23:01:07
Учунчусу каза болгон адамга конул айтабыз деп келген ашыкча эл-журт. Азыркы ислам тушунугундо ар кайсы уйго барып куран окуса сооп. Бирок окуянын экинчи тарабы бар, жакшы тааныбаган адамга куран оркуйбуз деп топурап келип алып чын дилден кайгырбай, ал жердеги элдин конулун озубузго алагды кылуу менин тушунугумдо жакшы корунушко жатпайт. Адамды акыркы зыйнатына узатуу учун жакын тууган-туушкандары, жакшы-жаманды тен болушкон колу-коншусу, жакын адамдарынын чын конулдон аза кутуп узатканы дурус..
+3
Revolyutsioner
2014-07-24 23:04:45
Ашыкча коп адамдын топураганынын кереги жок. Мисалга бир зам.министрдин айылдан сыртка чыкпаган энеси кайтыш боду дейли, барып кою парз деп Бишкектен жумушун таштап ошол министрликтин кызматкерлеринин жарымы келет, ошол келген 500 адамдан 3-5и ошол ткемпирди тааныбаса калганы омуру коргон эмес. Кайтыш болгон кемпирдин кичи небересинин кайнатасынын эжеси уул-кыз, келиндери менен келет, зам.министрдин досунун келинин ата-энеси келет. Керекпи ошол нерселер, ошончо эл-журт?..
+3
bozulan
2014-07-25 00:07:54
Revolyutsioner,Эгер ошол зам.министирдин астынан отпосо,ошол кызматкерлери жана дос-жары,анда ошолордон корот да.
0
sumaia.kg.kg
2014-07-25 00:11:52
Туура ашыкча чыгым коп бизде.Бирок тибеттик туугандар кескилеп салганы тан калычтуу экен
0
Revolyutsioner
2014-07-25 01:12:20
Элестеткиле, кочо толо автомашине, ызы-чуу, катар катар жылкы, бука, койлор союлуп тегеректеги коншулары маркумду акыркы зыйнатына жонотуу маресимине катышпай, алыс-жакындан келген кадырлуу конокторду, куда-соок, аттуу-баштууларды оз уйлорундо тосуп узатуу менен алек. Энеси олуп жатса балдары эл козуно окурумуш болуп коюп сураган эки созунун бири эт жеттиби, нан жеттиби, тигини карап койдунарбы, бу аксакал капа болбой кеттиби деген создор. Келген элдин 70-80% кемпирди тааныбаса, анда неге келет?
+9
omurbek.rahmstov56
2014-07-27 18:52:34
Бири-бири менен урушпаганы, сыйлашканы жакты, ошолордон улгу алыш керек экен, а бизде кандай, сенден мен кыйын, алдуусу алсызын баса калмай, улууну урматтап, кичууну сыйлаганды ошолордон уйронгуло МЕКЕНДЕШТЕР!!!! Абасы таза, таммактары химиясыз дегендей.
0
Aidar151080
2018-01-14 23:21:47
Ушундай жашоо дечи
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан