Арзуусуна жетпей калган БАТЫРХАН ШУКЕНОВ

Бул мырза “А’Студио” тобунда экенинде “Жулия” деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң “Сенин кадамың” деген ыры менен популярдуу болгон. Аталган ырлар ага миңдеген күйөрмандарды топтоп беришти. Ал мырза боордош казак элинин кулуну, КМШ өлкөлөрүнө таанымал атактуу ырчы – Батырхан Шукенов.

БАТЫРХАН ШУКЕНОВ ЖӨНҮНДӨ

  • 1962-жылы, 18-майда туулган.
  • Казакстан Республикасынын Кызыл-Ордо шаарынын кулуну. КМШ аймагына “А’ Студио” тобу менен таанылган.
  • 2000-жылы жеке ырчы болууну көздөп, топтон чыккан.
  • Учурда үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.
  • Ислам динин тутат, намаз окууга ниети бар.
  • Лакап аты – Батыр.
  • Бардык үлгүдөгү Жип машиналарын жактырат.
  • Үй-бүлөдө төрт бир тууган.

БААЛУУ БАЙЛЫГЫ
Батыр музыкалык аспаптардын арасынан алгач гитарада ойноону үйрөнсө, учурда көптөгөн музыкалык аспаптарда ойной алат. Өзгөчө жүрөгүнө жакканы – саксофон. “Selmer” фирмасына таандык алтын жалатылган саксофонун студент кезинде Питердеги бир музыканттан 1000 рублга сатып алган. “Ал кезде бул суммадагы акчага темир тулпар сатып алууга болот эле. Бирок мен үчүн машина эмес, саксофон баалуу болгон”,- деп эскерет ырчы.

ЭКИ ШААРДЫН ЖАШООЧУСУ
Ырчы Батырхан Шукеновду бүгүн Алматы шаарынан жолуктурсаң, эртең аны Москвада деп угушуң мүмкүн. Бул тууралуу өзү: “Алматы чоң сахнага чыгуума түрткү берген болсо, Москва, дегеле Орусия мага музыкалык билим алууга таасир тийгизип, бүтүндөй КМШ өлкөсүнө атымды таанытты”,- дейт. Кыскасы, Батыр мырзанын жакындары, тууган-уругу, өзүнүн үй-бүлөсү Казакстанда жашоо кечиришкени менен, ырчынын чыгармачылык иши Москвада. Андыктан ырчы эки шаардын тургуну болуп саналат.

ЭКИ НИКЕЛҮҮ
Көп жылдар бою музыка Батырхандын жашоосунда биринчи орунда туруп, үй-бүлө күтүүнү улам артка жылдырып келген. Акыры сүйүктүүсү орус улутундагы Екатеринаны таап, экөө уулдуу болгондо ажырашып кетишкен. Үй-бүлө очогунун муздашынын себебин ырчы эмдигиче жашырып келет.
Екатерина төрөп берген Максут аттуу уулу учурда 7 жашта. Атасынын колунда тарбия алууда. Белгилүү ырчыны жактырып, каш каккан кыздар көп чыкса дагы, Батырхандын көңүлү өзүнөн 16 жаш кичүү Айгерим аттуу казак кызына бурулган. Аны менен 2008-жылы баш кошкон.
Айгерим ырчынын көңүлүн таап, ага жубай болууга кантип жетишкен деген суроо туулбай койбойт. Буга “мырзалардын жүрөгүнө кеткен жол ашказаны аркылуу өтөт” деген сөз далил десек болчудай.
Анткени чыгыш ашканасын жактырган Шукеновду тамактарды түрдөп жасай алгандыгы менен Айгерим торго түшүргөн. Ырчы өзү каалагандай тамактарды апасы жана жубайынан башка эч ким даярдай албайт деп келет.

БАШКЫ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Батырхан телевизорду DVD көрүш үчүн гана колдонот. Себеби жаңылыктарды көрүүнү каа­­лабайт. “Берилген маалымат­тарды көрүп алып көбүнчө көңү­лүң чөгөт. Андыктан тынч гана эс алып, видео көрүү оң”,- дейт. Ал эми жаңылыктар менен ге­зит-журналдардан тааны­шып алат.

ШОУ-БИЗНЕСТЕН КИМДЕР МЕНЕН КАТТАШАТ?
«Орусия шоу-бизнесине «А’ Студио­ну» Алла Пугачёва алып келген» дешет. Бул тууралуу ырчы: «Ооба, Алла Борисовна менин кийген кийимимден тартып ырдаган ырыма чейин жардам берген. Алла айым менен таанышып калуума Филипп Киркоров себепкер. Бир кечеде Филипп “Жулия” деген ырымды угуп жактырып калгандыгын айтып, көп өтпөй Примадонна менен тааныштырган»,- дейт. Батыр мындан тышкары Владимир Пресняков, Кристина Орбакайте, Валерий Меладзе, Лариса Долина, Влад Сташевский, Юрий Антонов менен жакын катнашта. Ошондой эле Казакстандагы бардык эле эстрада ырчыларынын урмат-сыйына ээ. Кыргызстанда болсо ырчы Адил Чекилов менен чыгармачылык байланышта.

СПОРТЧУ БОЛМОК, БИРОК...
Кийинүү стилине келсек, классикалык кийимдерди такыр жактырбайт. Жынсы шым менен кроссовканы баалайт. Батыр жашоосунда эки жолу гана галстук тагынган. Көбүнчө спорт кийимин кийип жүрөт. Өзү бала чагынан бери футболго аябай кызыгарын баса белгилейт. Кичинесинен Бразилия курама командасынын күйөрманы. Алгач футбол жана веложарыш менен алектенген мырза бир жолу жол кырсыгына кабылган соң ата-энеси спортко жолотпой койгон. Анын ордуна музыкалык ийримге киргизип койгон. Ошентип, ве­ложарыштагы жол кырсыгы болбосо, музыка дүйнөсүнө келет беле, ким билет?!

“ЖУЛИЯНЫ” СҮЙГӨН КЫЗЫНА АРНАГАН
Популярдуу “Жулия” аттуу ырын сүйгөн кызына арнаган” дешет. Жулия жердеши болчу. Экөө кыз-жигит болуп жү­рүп, кийинчерээк кыз Орусияга окууга кеткен боюнча башка бирөөгө турмушка чыгып алат. Ошентип, чоң сүйүүсүнө жетпей калган ырчы болгон сезимин ырга айлантыптыр.
Ал эми «Сенин кадамың» деген ырын белгилүү эле ырчы айымга (тагыраак айтканда, анын баскан кадамына) арнап чыгарган» деген ушактар бар. Бул туу­ралуу Шукенов эч кандай комментарий бербей, сыр боюнча калуусун айтып келет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 365, 30-октябрь - 5-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан