УЛАХОЛДО ЖЕТИ ҮЙ-БҮЛӨ УРАН ЧЫККАН КУДУКТАН СУУ ИЧЕБИЗ ДЕП ДАТТАНУУДА

Суу менен камсыздоо Улахол айыл өкмөтүндө алга жылып жатканын угуп, кабар алганы бардык. Көлдүн күнгөйүнөн айырмаланып Тоң районунда туризм жок, жалаң дыйканчылык жана малчылык менен жашашат, андыктан сугат суусу негизги маселе.
Тоң районунун Оттук айылында таза сууну жерден тартып чыгышат. Ал артезиан скважиналары электр күч кубаты менен иштейт. Кыргызстан Советтер Союзунун курамында турган кезинде 27 скважина иштеп, айылга да, жогорку жактагы кыштоолорго да жетчү экен. Эгемендүүлүктүн алгачкы баш аламан жылдары алардын көбү жарактан чыгып, азыр 12си бар. “Асыл Булак” скважинасында күндүзү электр ордуна күн батареялары кубаттуулук берип турат. Дүйнө жүзү альтернативдүү энергия булактарына өтүп жатканда бул айыл да калышпай баратканы кубандырат. Мурда электр энергиясы үчүн айына 2000 сомдон ашуун төлөп келишсе, азыр 1200 сом экен. Албетте, айылдын чакан бюджети үчүн ар бир сомду үнөмдөө маанилүү. Анткени дагы ишке киргизүүгө мүмкүн болгон 2 скважина бар, бирок ага каражат керек. Айыл өкмөтү Акылбек Мамбеткеримовдун айтымында, айылда 2000ден ашуун калк жашайт жана таза суусу бар болгону менен сугатка келгенде каатчылык күч алууда:

– Азыр дүйнө боюнча ушундай маселе кө­төрүлүүдө. Климаттын өз­гө­рү­шүнөн мөң­гүлөр эрибей, суу кирбей жатат. Оттук, Ка­ра-Шаар жана Кара-Талаа үч айыл биригип Туура суусунан сугатка алышат. Кезинде дыйкандар талааларын сугарып алгандан кийин да суу ашып көлгө куйчу. Азыр болсо үч айыл алты күндөн кезектешип сугарып жатышат. 19 чакырымдан бери агып келгиче суу жерге сиңип, жай агат, жеткиче бир сутка убакыт кетет. Бул маселени чечүү үчүн биз суу агып келе турган нугун оңдоп, бетон лотокторун койдурушубуз керек. Ага кошумча чакан суу сактагычтарга муктажбыз.
Жер астындагы сууларды тартып чыгууга артезиан скважиналарын оңдоо керек, бирок ал да көп каражатты талап кылат,- деп иштеп жаткан скважинанын жанында туруп, кургак ээн талааларга көз чаптырды.
Азыр мурда колдонулуп келгенден 370 гектардын 156сы гана иштеп, калганын дыйкандар иштете албай калышкан. Жашоочулардын эсептегени боюнча азыр какырап кургап турган жерлерге беде айдап, гектарынан 500 таңгак чөп алып,
75 миң сом пайда табууга болмок. Азыркы 219 гектардан алынбай жаткан пайданы эсептегенде айылдыктардын көзүнө жаш тегерене жаздады.
Ысык-Көл туруктуу өнүгүү фондунан жардам болуп жатат деп айыл өкмөтү абалды жымсалдады.
– “Кумтөр” ишканасынан фондго түшкөн каражаттан күн батареяларын койдук. Эл өзү 500 миң сом каражат топтоп, ага фонддон
250 миң сом кошуп Туура суудан алышты куруп, оңдоп жатабыз. Эл деле аракеттенүүдө. Бирөө короосунан суу тартып чыгайын деп кол менен 25 метр терең казып көрдү, суу чыкпады. Сиздер көрүп турган “Асыл Булак” скважинасы 120 метр терең казылган. Атайын адистер менен керектүү тех­никасыз болбойт экен,- деп эл да күтүп отурбай, колунан келгенин жасап жатканын белгилеп өттү.
Кара-Талаа айылынын башчысы Тынчтыкбек Ашымов анын айылында да эл аракетчил экенин бөлүшкүсү келди окшойт, жакында эки скважина ишке кирип, кара-талаалыктар үчүн суу маселеси жеңилдээрин айтты:
– Биз Ысык-Көл өнүк­тү­рүү­ долбооруна кайрылуу жазып, 1 миллион сом жардам алдык. Ага кошуп айылдык ке­ңештен
400 миң сом таптык. Тендер жарыялап, Ананьево айылынан подрядчиктер же­ңип алышты. Ар бир скважинаны тазалап, насос коюп оңдоп берүү иштери 700 миң сомдон бааланды. Буюрса, жакында баштайбыз,- деп аткарган иштеринен баяндады.
Айылга спорт залдарды куруп, спорт жабдыктарын да алып берүүгө кайрылуу жасашкан экен. Бирок биринчи иретте эң зарыл болуп жаткан көйгөйлөр – суу менен камсыз кылуу маселесинин чечилери тууралуу жооп алышыптыр. Менимче, мындай иштермандар бар жерде жакшы түшүм жыйнаган эл өзү акча топтоп, каалаган спорттук жабдууларын сатып алууга даремети толук жетет.

Журналисттерди көргөндө арыз-муңун бөлүшкүсү келип, күнгө күйгөн, эмгектин үстүндө жүрүп ашык салмагы жок, бирок билими менен орундуу айта турган сөзү бар Кубан Абдыкадыров аксакал келди:
– Мен кыштоодон келдим. Аркы көрүнүп турган кара тоолордун этегинде жети чарба бар. Биздин жаныбызда акиташ чыгып, ал жакта заводун куруп иштетип жатышат. Менин үйүмдөн 300 метр аралыкта жардырып казышат. Андан чыккан акиташтын чаңы
100 метр өйдө кө­тө­рүлүп, бир гектардай жерге чейин тарайт. Жердин баарын ак чаң басып калат. Жардырган сайын менин үйүмөн жарака кетти, ага кошулуп акиташ чаңы баскан чөптү мал жеп, суусун ичет. Айыл бийлиги аларга эчтеке дебейт, биз даттансак жаман көрөт.
Доңуз деген кудуктан уран чыгат. Союз учурунда сууну текшерип, кудуктан ичүүгө тыюу салышкан. Мунун баары ден соолукка зыян келтирүүдө. Ошол менин кайрылуум.
Мындайды укканда оозубуз ачылып калды. Билишимче, көптөгөн тек­ше­рүүчү комиссиялар ири кен иш­те­түүчү мекемелерди тынымсыз текше­рүүдөн өткөрүп турушат.
Бул жакта жети чарба эмне болмок эле деген кенебестик болуп жатабы? Же Кубан аксакал айткандай, акиташ казгандар керектүү адамдардын баарын сатып алып койгонбу? Экология бузулуп жатабы? Чын эле көп убакытка чейин уруксатсыз казышканбы? Жакын салынган үйлөргө жардыруулардан жарака кетип жатабы? Ал эми уран чыккан суучу? Ал кандайча болуп калды?
Бир түшүнгөнүм, мындай шарттарда адамдын саламаттыгына, өмүрүнө чоң коркунуч бар. Биз суроо узатканда жаныбызда топтолуп турган адамдар жарыша жооп кайтара башташты. «Ал кудукту Кубан өзү ачып ичип жатат, акиташ казгандар курулушун Чылама деген жерге көчүрөбүз деген, мурда чабандарга артезиан суудан машина менен жеткирип беришчү, уран бар-жогун бизге текшерип берүүлөрүн күтөбүз»...
Бул журналисттик иликтөө да чоң өлкө бийлиги кийлигише турган маселе болуп чыкты.

Оттук айылынын "Асыл Булак" скважинасы.

Улахол айылындагы күн батареясы.

Нуржан Алымканова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jaazira13
2014-07-21 17:35:43
негизи ушул фонддун каражатын туура пайдалануусун козомолдобосок, бийликтегилер жаны долбоор баштап туруп аны бутурбой акчаны жеп коюп атышат, мисалдар бар мектеп салып башташып аны бутурбой а каражаттын дайынын жок
0
chevrolet
2014-07-22 04:39:39
Кайсы жерди коро суу проблема. Кайсы арыбызга сууга бай олкобуз дейбиз анан???
0
gwen
2014-08-21 07:56:53
Men Tuurasuudan bolom. Al aiyldyn joldoru jana bawka dagy bir top koigoilorru bar jaza berse. Al jakta elder taza suusu jok aryktan suu ichip keliwet.
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан