Санжар менен Наристенин жашоонун балын татып, бирге түтүн булатып келатканына бир жылга жакындап калды. Турмушта бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жашап келаткан жаштардын жаңыдан баштаган таттуу жашоосу тууралуу кепке тарттык.
– Саламатсыңарбы, Санжар, Наристе? Жайкы эс алууну кайсы жактан баштадыңар?
Санжар: – Бир жума мурун Бишкектин ысыгына чыдабай Ысык-Көлгө барып эс алып келдик. Кудай буюрса, жакында Алайга баралы деп жатабыз.
– Бирге жашап баштагандан бери бири-бириңердин мурда билбеген сырларыңарды байкап жатсаңар керек?
С.: – Жаңы сүйлөшүп жүргөндө Наристе менен жолугушарда атайын кечигип, айтканымды аткарбай жинине тийип көрдүм. Бирок бир да ачууга алдырып, жаман жактарын көрсөткөн жок. Кала берсе биз бири-бирибизди 4 жылдан ашык сындан өткөрүп, анан турмуш жолуна аттанганбыз. Андыктан Наристе мурда мен үчүн кандай таттуу болсо, азыр деле ошондой таттуу.
– Анда силерди кыялдары орундалган түгөй деп айтсак болот экен да?
Наристе: – Санжар биз сүйлөшүп жүргөндө эле менин кыялымдагы мырза болчу. Кыздар кичине кезинде келечектеги жолдошун ак боз ат минген ханзаада деп элестетип алышат эмеспи. Менин да ошондой кыялым бар болчу. Ал кыялым Санжар менен баш кошкондо орундалды.
– Силердин чакан мамлекетиңер жакында бир адамга көбөйгөнү туруптур. Келечекте канча балалуу болгуңар келет?
С.: – Эки уул, эки кыздуу болсок деп Кудайдан тилеп жатабыз.
– Көпчүлүк мырзалар үйлөнгөндөн кийин жубайын эркелеткенди унутуп калышат эмеспи. Наристени эркелеткенди унуткан жоксуңбу?
С.: – Эстеп көрөйүнчү (ойлонуп), жок, унутпаптырмын.
Н.: – Мени Санжар өзүнө таандык «кутупеш», «жанпреш», «жанымко» деген сөздөр менен эркелетет. Мен анча эркелеткенге жокмун.
С.: – Фантазиясы жок да (күлүп).
Н.: – Кээде "Санчик-пончик" деп эркелетип коём.
– Санжар, жубайыңдын кайсы тамагын сүйүп жейсиң?
С.: – Спагеттиден жасалган уяча тамагы жагат. Наристени ашты жакшы басалбайт го дегем, жакшы басат экен.
Н.: – Санжар тамакты ылгабайт, кыбыраган курт болбосо эле тандабай жей берет.
– Үй-бүлө болгон соң кызганыч болбой койбойт. Кимиңер көбүрөөк кызганасыңар?
С.: – Кызгансак да сыртыбызга чыгарбайбыз.
Н.: – Мен Санжарга ишенем. Кээде күйөрман кыздарынан ар кандай комментарийлерди угуп, окуп калам. Андай учурларды түшүнүү менен кабыл алам.
– Үй-бүлөнүн тизгини кимиңердин колуңарда?
С.: – Биз үй-бүлөдө бийлик талашпайбыз. Мени угасың, мен башкарам деген сөз боло элек. «Кеңешип кескен бармак оорубайт» демекчи, бир ишти баштаарда экөөбүз акылдашып жасайбыз.
– Казан-аяк кагышып, таарынышканда кимиңер биринчи сөз баштайсыңар?
С.: – Андай учурларда кызуу кандуулукка алдырбай сүйлөбөй турабыз. Эң көп таарынышканыбыз ашып кетсе 10 мүнөткө созулат.
– Жаңы үй-бүлөнүн бюджетин ким эсептеп, казынаны ким кармап жатат?
С.: – Бизде бир чоң капчык бар. Азырынча биздин казынабыз ошол.
Н.: – Акча керек болсо Санжардан сурап алып иштете берем.
– Кайсы мүнөзүңөр силерди бириктирип турат?
С.: – Наристе назик, токтоо, акылдуу, ыймандуу кыз. Мен түшүнбөгөн кээ бир нерселерди алдын ала түшүнүп, айтып турат. Мага Наристенин көп кырдуулугу жагат. Тоого барса тоонун, айылга барса айылдын ишин жасап кете алат.
Н.: – Санжарды сахнадан көрүп мамилеге туруктуу болбосо керек деп ойлогом. Жолдошум сахнада тамашакөй болгону менен жашоодо андай эмес. Абдан чечкиндүү, үй-бүлөгө камкор, туруктуу жар.
– Наристе, жолдошуңдан алган акыркы белегиң эсиңдеби?
Н.: – Сүрөткө түшкөндү аябай жакшы көрөм. Ошондуктан өзүмө фотоаппарат алгым келип жүргөн. Менин бул тилегимди орундатып, жакында эле фотоаппарат белек кылды.
– Кайын журт менен катышыңар тууралуу айтсаңар. Кандай күйөө бала, кандай келинсиң?
С.: – Кайын журт менен мамилем жакшы. Ал жакка барсам төргө отурам, эрке күйөө баламын. Кыскасы, жашоо жыргал.
Н.: – Жаңы келин болгондогу бир кызыктуу окуя эсимден кетпейт. Той өткөндөн кийин 10 күндөй Ошто жашадык. Апам (кайненем) мага "капкүрдү алып кел" деп айтты. Түшүнгөн жокмун, кайра барып суроодон тартынып Санжарды уктап жаткан жеринен ойготуп сурасам, уйкусурап "кастрюль" деп койду. Ашканадан кастрюлду апама көтөрүп барып уят болгонум эсимден кетпейт. Капкүр деген, көрсө, биздин депкир экен да (күлүп).
– "Тамашоучу" жигиттердин сүйлөшкөн кыздары азыртан эле бири-бири менен аяш болуп жакшы катышат деп укканбыз. Наристе да бат эле көнүп кеттиби ал чөйрөгө?
С.: – Мен ким менен тааныш, дос болсом, Наристе да алар менен тааныш. Биз "Тамашоудогу" түгөйлөрдүн алгачкыларынан болуп баш коштук. Ошондуктан досторум Наристеден бүгүнкү күнгө чейин кыздар тууралуу акыл кеңештерди сурап турат. Ал эми кыздар да өзүнчө компания болуп кезигишип турушат.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg