КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ:«ЖАКЕ, БИЗДЕН, ЭЛИҢДЕН КЕТСЕ КЕЧИР...»

Жаныбек Алыкулов 3 ай мурун "Супер-Инфо" гезитине түпкүргө катылган көп сырларын айтып, күлүп-жайнап маек курду эле. Акыркы учурда ооруп жүргөнүн сураганыбызда «жаш өткөндөн кийин жаш кездеги буркан-шаркандын бардыгы өчүн алат экен» деп жооп берген болчу. Көрсө, куудул агабызды ичинен оорусу жеп жүргөн тура. Кыргыздын жан дүйнөсүн күлкү менен тойгузган шорпобуз төгүлүп, залкар талант 20-июль күнү 54 жашында каза тапты. Куудул 1960-жылы Аксы районунун Жаңы-Жол айылында төрөлүп, кийин Токтогулда жашап калган. Маркумдун артында маданиятка кошкон эмгеги менен бирге 4 уул, 2 кызы калды.

– Илгери Токтогул өрөөнүндө Бекназар деген пародист болгон экен. Ал 40тан ашык жаныбарлардын үнүн туурап, адамдардын мимикасына чейин өзүндөй кайталачу дешет. Мына ошондой тарыхта аты калган залкарлардын жолун улап, Жаныбек пародия жанрын кайра жаратып, жол салып кетти. Менин оюмча, Жаныбек бийликке таарынып кеткендей болду. Анткени элине татыктуу эмгек өтөсө да, өкмөт тарабынан бир дагы наам берилген жок. Орден албаса дагы элдин жүрөгүндө түбөлүккө калат деген терең ишеничтемин. Менин өкүнгөнүм, Жаныбек балдарынын, неберелеринин үзүрүн көрөрдө, алардын жакшылыктарына күбө болордо өтүп кетти.
Досумдун бир өзгөчөлүгү, ичинде ит өлүп жатса да, анысын сыртка билгизчү эмес. Мага 10 күн мурун чалып, ал жай сурап, «сенин жолуңду жолдоп эгиз неберелүү болдум» деп кубанычын бөлүшкөн. Аттиң, кубанычы көпкө созулган жок... Жаке, жаткан жериң жайлуу болсун. Бизден, элиңден кеткен болсо кечир...

Келдибек Ниязов, устаты:
– Качан экени азыр эсимде жок, атактуу куудул Асанкул Шаршенов экөөбүз турсак, сахналаштардын бирөөсү "силерди филармониянын сахнасында Токтогулдан келген кара тоголок бала туурап жатат" деди. Залга чыгып карап отурсак, экөөбүздү көрүп тык токтоп калды. Бизди жашоодо көрбөй эле, сыналгыдан көрүп туурачу экен. Чала-була туурап чыгып кетти. Биз анын артынан барсак, качып ылдый түшүп кетиптир. Филармониянын ичин жакшы билбейт да, астынан тосуп чыксак токтоп калды. Асанкул байке кебетесин бузуп, «Эй, сен кайдан чыккан машаяксың?! Эми сен мени туурап калдыңбы?!» десе калтырап-титиреп «ата, бул деген пародия, пародия» деп тайсалдап калды. «Пародия деген эмне?» десе, ал «бирөөнү туурайт» деп тим эле коёндой алаңдайт. Анан биз жазылып, чекесинен өөп, батабызды бердик.
Пародия деген жанр кыргыздарда илгери Куйручук, Асанкул Шаршеновдордун маалында болгон. Аны бүгүнкү күндө биринчилерден болуп жанданткан деп Жаныбекти айтыш керек.

Манас Алыкулов, уулу:
– Атам эл көзүндө кандай шайыр, ак көңүл киши болсо, үйдө да ошондой болчу. Ооруп жатса дагы бизге такыр билгизчү эмес. Кабагым-кашым дебей балдарына тарбиясын берип, элине күлкү тартуулоодон тажабайт эле. Алты баласынын ичинен чыгармачылыгын улаганыма сыймыктанып, мага кеңештерин көп айтчу. Акыркы кезде мени көп эркелетип да калган. Жакында бир тойду алып барып жатканда эл алдында секирип бийлеп, үнүн бийик чыгарып, элди күлкүгө бөлөгөн. Көрсө, ал атамдын акыркы жолу тойду алып барышы экен. Атам кант диабети менен ооруп, инсулин алып турчу. Канында канттын деңгээли көтөрүлүп, бөйрөгү да тынчын алып, жүрөгү кошумча болуп... Иши кылып үйгө келсе да башкача болуп жүрдү.
Мен өзүн жоготуп койгонун угуп үйгө келсем, "Тез жардам" алып кетип жатыптыр, сүйлөшө албай койдум. Жандандыруучу бөлүмдө жатып, 20-июль күнү түнкү саат бирде ооруканада жан берди. Атам биздин, кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө жашай берет.

Жаныбек Алыкуловдун сөөгү 21-июлда Ала-Тоо конушундагы мүрзөгө коюлду.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз эли куудул Жаныбек Алыкуловдон айрылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
MACKA
2014-07-29 20:20:45
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун.
0
Altunbek76
2014-07-30 09:24:37
жаткан жери жайлуу болсун
0
alibekova94
2014-07-30 14:20:12
жаткан жери жайлуу болсун!
0
luna9
2014-07-30 15:23:03
бечара
0
Nemo_0587
2014-07-31 15:28:15
Жаткан жериниз жайлуу болсун байке. Кыргыз элибиз сизди эч качан унутпайт. Эми эч качан мындай адамдар жаралбайт. Кайдагы бир селсаяктарга наам бере бербей ушул кишиге бериш керек болчу. Эми бербеген наамды ак уйдогулор бышырып жешсин.
0
Nur_ma_90
2014-07-31 16:24:46
Жаткан жериниз жайлуу болсун...
0
zhalynbek
2014-07-31 19:27:54
алла таалла билип билбей кунолорун кечире кор!
0
yylkan
2014-08-01 04:52:57
Жаткан жериниз жайлуу болсун..
0
Chiko.kg
2014-08-01 10:13:52
Жаткан жери Жаннаттан болсун.
0
Misi
2014-08-01 10:33:26
жаткан жери жайлуу, иманы саламат болсун. Кудай да жакшы коргон кишисин алат тура.
0
Salamat87
2014-08-01 13:21:09
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
Samandar
2014-08-01 15:33:44
Окубай туруп комментари жаздым ,кумондор ар нерсени суйлой берет
0
Samandar
2014-08-01 15:40:12
Жаныбек аке чыныгы талан эле,озу Омар хаям айтмакчы бир кун кулгон мин кун ыйлайт деген чын экен,менин иним да ошол куну отту дуйнодон,жаны эле уйлонду эле,жап жаш кете берди,айла жок бир кун кулуп омур бою сыздап турам,Аллахым бейишин берсин Жаныбек аке сизди эч ким эч качан унутбайт,анткени Жаныбек аке эч кимге эч качан таарынган эмес бийлике да
0
Nuraiym9494
2014-08-01 20:28:45
Maga jakchy bul adam.Jatkan jeri jailuu bolsun.Alla taalam beiywten orun bersin.
0
kgbekish
2014-08-03 21:06:25
kumondor baike tuura aitat arty kaiyrluu bolsun
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан