4 ай мурда Малайзия аба жолдору компаниясынын Боинг-777 учагы 239 жүргүнчүсү менен Куала-Лумпурдан Пекинди көздөй сапар тартып, орто жолдон дайынсыз жоголгон боюнча табыла элек. 17-июль күнү аталган компаниянын дагы бир учагы Амстердам (Нидерланддар) – Куала-Лумпур (Малайзия) каттамы боюнча баратып, Украинанын аймагына кулады. Ар кандай божомолдор айтылууда. Бирок каргашалуу кырсыктын так себеби аныктала элек. Бул окуя боюнча жоопкерчиликти Украинанын ички жана тышкы саясатында болуп жаткан кырдаалга көз салып жаткан Евро Биримдик, АКШ жана Орусиянын расмий өкүлдөрү бири-бирине жүктөөдө. Мына ушул саясий тирештер жана кырсык боюнча катталган кызыктуу маалыматтар төмөнкү макалада болмокчу.
АЙЫПТООЛОР
Бул окуя Орусия менен АКШ өңдүү ири державалардын тирешин курчутуп, маалымат айдыңындагы чабуулдар менен коштолууда. Кырсыктын себептери аныктала элек жатып АКШ менен Украина бул ишке дароо Орусияны күнөөлөп киришти. Айтымдарында эгемендигин эч ким тааныбаган Донецк Элдик Республикасынын элдик кошууну орус бийлиги жөнөткөн “Бук” зениттик ракеталык комплексинен (ЗРК) учакты атып түшүргөн.
Ага улай Орусия космостогу жандоочторундагы жана радарларындагы маалыматтарга таянып, күнөө коюп жаткан тарапка “Боинг учагы бара жаткан багытын эмнеге өзгөрткөн жана украиналык СУ-25 кыйраткыч учагы учак жерге кулап түшкөнгө чейин эмнеге жандап барган?” деген ыңгайсыз суроолорду узатты. Алгач биздин бир дагы учагыбыз ал күнү абага көтөрүлгөн эмес деген украин бийлиги бул суроолорду жоопсуз калтырууда.
Ал эми “Орусия Украина аркылуу Европадан газ алат” деп элди таң калтырган АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки "орусиялыктардын фактыларына Ак үйдөгүлөр ишенбейт" деп билдирди. Тараптар бири-бирин күнөөлөгөнү менен “учак асмандан, жерден атылганбы же ичинен жардыруу болгонбу?” деген суроолорго так жооп жок. Көп иштин башын ача турган учактагы үн жазуучу “кара кутуну” 21-июль күнү ДЭРдин өкмөт башчысы Александр Бородай Малайзиянын транспорт министринин колуна тапшырды. Кутудагы жазууну чечмелөө иши Англияда жүргүзүлө турган болду. Малайзия бийлиги тараптарды кырсыктын себептери аныкталгыча саясий билдирүүлөрдөн баш тартууга чакырууда.
КЫРСЫКТЫ ИЛИКТӨӨ БАШТАЛДЫ
Учак орусиячыл маанайдагы кошуундардын көзөмөлүндө туруп, украин армиясы менен согуш жүрүп жаткан аймакка кулаган. Андыктан чет элдик эксперттер окуя боюнча маалыматтарды чогултууга кеч киришкен. Талаш-тартыш жараткан каргашалуу окуяны объективдүү иликтөө үчүн 21-июль күнү БУУнун 15 өлкө мүчөлүк кылган Коопсуздук боюнча кеңешинде резолюция кабыл алынды. Иликтөөчү топту ушул учакта 192 жараны курман болгон Нидерланддар өлкөсү жетектемекчи.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусуна караштуу Грабове айылынын аймагына кулаган малайзиялык авиакомпаниянын Боинг-777 учагында 298 адам болгон. Учактын ичиндеги 10 өлкөнүн жарандары болгон 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсүнүн баары көз жумган. Булардын 80и балдар. Каза болгондордун 282синин сөөгү жана 16 адамга тиешелүү 87 дене мүчөлөр табылып, экспертизага жөнөтүлдү.
АЖАЛ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН ЖҮРГҮНЧҮЛӨР
Учакты коштогон ажалдын укуругу жүргүнчүлөрдүн баарына жетпей, үч адам өлүмдөн аман калды. Алсак, британиялык жарандар Барри менен Иззи уулу үчөө аэропортко бараткан жолдо автоунаа тыгынында кармалып, учакка жетишпей калышкан. Учак тууралуу суук кабарды уккан Иззи көзүнө жаш алып, аларга экинчи ирет өмүр тартууланганын айтат. Булардан сырткары дагы бир голландиялык Мартин де Йонг аттуу велоспортчуну Кудай бир эмес, эки жолу сактаган экен. Мартин мындан 4 ай мурда дайынсыз жоголгон жана жогоруда сөз болуп жаткан малайзиялык эки учакка тең билет алган. Бирок эки ирет тең пландары өзгөрүп кеткендиктен, билетин алмаштырган.
Жогорудагы адамдар Кудайга миң мертебе рахматын айтып отурса, австралиялык Жорж Борроуз күйүтүнө чыдабай көзүнүн жашы көл болуп турган чагы. Март айындагы дайынсыз жоголгон учакта Жорждун небереси менен күйөө баласы болсо, бул учакта келини менен уулу каза тапкан.
Ал эми өлөрүн сезгенби же мурдагы жоголуп кеткен учакты мисал келтирип тамаша иретинде айтканбы, айтор, кыйраган учактын жүргүнчүсү нидерланддык Кор Пан көзү ачыктык кылгандай. Ал учардын алдында социалдык түйүндөгү баракчасына учактын сүрөтүн жүктөп, ага “эгер ал жок болуп кетсе, ал мындай болчу” деген сөзүн жазып калтырган.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg