ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-июлдан 3-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада жашооңузду жакшы жакка бурууга түрткү болгон мүмкүнчүлүк жаралат. Мындай мүмкүнчүлүк келечектеги иштериңиздин ийгиликтер менен коштолушуна өбөлгө болот. Шаршембиде чечим кабыл алууда шашылбай, кийинки аптага калтырганыңыз оң. Жума күнү сизге тиешеси жок эле окуя чыгым тартууңузга жеткирет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул жумада үйүңүзгө киреше кирет. Буга чейин жасаган ишиңиздин үзүрү сиз күткөндөн да жакшы болуп кубантат. Билимиңизди жогорулатуу максатында курстарга же семинарларга баруу сунушталат. Бейшемби – жолугушуулар күнү. Чет жерде иштеп жүргөн таанышыңыздын келиши күтүлүүдө. Ишембиде үйдөгүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, таттуулар менен кубантыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада тааныштарыңыздын чырына аралашып, алардын бирин жактоо сизге маселе жаратышы ыктымал. Иштеги темпти басаңдатуу жетекчиликтен тил угууга жеткирерин да эске түйүңүз. Шаршембиде такталбаган маалыматка ишенип, өз алдыңызча жыйынтык чыгарууга шашылбаңыз. Дем алыш күнү бойдоктор жагымдуу жолугушууга туш болушмакчы.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада жумушуңузда жана жеке жашооңузда жагымдуу жаңылыктар орун алмакчы. Аны менен катар кирешеңиз көбөйөт. Шейшембиде сактоо үчүн бирөөлөрдүн буюмун албаңыз. Жоготуп, ашыкча чыгым тартасыз. Жума күнү жеке жашоодо жаңы таанышуу болуп, ал адамдан жылуулук алууга ашыгасыз. Бирок бул сүйүүңүз кыска убакытка гана созулушу мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада чырдуу маселелер жана каржы тартыштыгы күтүлөт. Шаршембиде бейтааныш адамдан кандайдыр бир сунуш түшсө, жеке коопсуздугуңуз үчүн баш тартканыңыз туура. Бейшембиде ишкер адамдар менен тил табышуу оорлойт. Сизге жагына билүү жана тамашакөй болуу керектелет. Ишембиде таанышыңыз тапшырган ишиңизди бүтүрүп, сизди кубантат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ичинде унутта калган адамга кезигип, өчкөн сезимдер кайрадан тутануусу ыктымал. Иш жаатында майда иштерди кийинкиге жылдырып, негизги иштерди бүтүрсөңүз, жыйынтыгы жакшы болот. Шаршембиде уурулардан, калпычылардан сактануу кажет. Жекшембиде тааныштар менен чырдашпай, маселени түшүнүшүү менен чечүү оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелердин түйүнү чечилип, ийгилик жылмаят. Ал маселелердин аркасы менен сизге ким күйүмдүү, ким душман экенин да аңдай аласыз. Апта ортосунда өткөн жашоону унутуп, жаңы жашоого эшик ачуу керектиги бир окуядан улам билинет. Жуманын аягында үй буюмдарын жаңыртууга киришүүңүз ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Айтылган сөздүн азабын тартпоо үчүн өзүңүздүн негизги иштериңиз менен алектенип, аны бүткөрүүгө күч жумшаңыз. Көлгө түшүүдө, айнек менен иштөөдө этияттык жана сактык керек. Дүйшөмбүдө керектүү нерсени издеп убара тартасыз. Шейшемби – чарба жумуштары менен алек болчу күн. Бейшембиде ийгилик сизге тааныштардын колдоо көрсөтүүсүнөн көз каранды.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Каржы жаатында кирешеңизди арттырууга шарт бар. Бирок аны колдонуп калууга аракет керек. Дүйшөмбүдө үй-бүлө мүчөлөрү менен кайым айтышууңуз мүмкүн. Шаршембиде шашылыш курсак тойгузууга ашыкпай, азыктардын чыгарылган убактысына көңүл буруңуз. Эс алуу күндөрүн тынч өткөрүүнү самасаңыз, коомдук жайларга баш бакпай, үйдө болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Максаттардын баарын бир учурда ишке ашыруу мүмкүн эмес. Өзүңүздү бекер кыйнап, ден соолугуңузга зыян келтирбеңиз. Айрым бойдок эгиздерге баш кошуу тууралуу сунуш түшүшү мүмкүн. Бейшембиде салыктар жана коммуналдык кызмат үчүн акы төлөмдөр бейпайга салат. Ишембиде баарлашууларда этияттык кажет, болбосо бирөөдөн кагуу жеп, маанайыңыз сууйт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ишиңизде кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө башкалардын кеңешине таянууга туура келет. Ага карабастан жалпысынан бул апта жакшылыктарды алып келет. Апта ортосунда жаңы нерселерди үйрөнүп, көңүлүңүз кушубак тартат. Апта аягында жакындарыңыз тараптан жагымдуу кабар угуп, көңүлүңүз жайгарылат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада кайсы жерде болбосун кылдаттык талап кылынат. Көңүл коштуктун айынан каржы жана моралдык жактан жабыркап калууңуз ыктымал. Шейшембиде тааныштар менен бир маселени талкуулоого катышасыз. Техника буюмдарын сатып алууну жума күнгө болжоңуз, соодаңыз оюңуздагыдай болот. Жекшембини сырткы келбетиңизди оңдоого арнаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан