ТАЗА МӨМӨ ӨСТҮРГҮҢҮЗ КЕЛСЕ, БИОГУМУС КОЛДОНУҢУЗ

Гезитибиздин мурунку сандарында Кадамжай районунун тургуну биолог-агроном Райхан Салиеванын айыл-чарбадагы эмгеги жөнүндө «Чөлдү бейишке айланткан айым» аттуу макала жарык көргөн. Бул ирет Райхан айымдын дыйканчылыкка эң керектүү болгон биогумус өндүрүүсү боюнча кеп кылабыз.

«БИОГУМУСТАР ӨЗБЕКСТАНГА ЭКСПОРТТОЛЧУ»
-Мындан 28 жыл мурун совхоздо агроном болуп иштеп жүрүп, өзбектерден биогумус жөнүндө угуп калдым. Алар биогумус иштеп чыгарчу калифорния сөөлжандарын биздин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынан алып келдик деп айтышты. Кадамжай райондук комитетинин жетекчисине бул тууралуу айтсам, биогумус иштетүүгө макул болуп, колдоо көрсөттү. Сузакка барсак, ал жердин дыйкандары бир күндө 18-20 тонна биогумус чыгарып, айыл чарбасы гүлдөп, өздөрүнөн ашканын Өзбекстанга экспорттоп жатышыптыр. Биз да сөөлжандарды алып келдик, бирок кантип иштетүүнү билбейбиз. Эч кандай колдонмо куралыбыз, азыркыдай интернет деген жок. Узунун 25, туурасын 8 метр кылып 12 чуңкур казып, аны бетондодук да, малдын кыгы менен толтуруп, ага сөөлжандарды салып бага баштадык.

«1 ГЕКТАР ЖЕРДЕН АЛЧУ ТҮШҮМДҮ БИОГУМУС КОЛДОНУП 20 СОТЫХТАН АЛСА БОЛОТ»
-Март айында эгин эгип жаткан учурда урукка же көчөткө кошуп, 150 грамм биогумус салабыз. Салынган жер семирткич ошол жерде 3 жылга чейин сакталат. Урук жерге берилери менен биогумусту өзүнө сиңире баштайт. Минералдык жер семирткичке караганда органикалык жер семирткич кошулган мөмө 20 күн эрте бышат. Биогумустун курамында өсүмдүктөргө керектүү азот, жез, темир, цинк, фосфор, хлор, калий, магний, кальций, күкүрт, марганец, бор сыяктуу минералдар бар. Биогумус менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерде химикат болбойт. Бир гектар аянттан алган түшүмдү биогумус колдонуп 20 сотых жерден алып алса болот.
Биогумусту алгач өзүбүз иштетип көргөнбүз, помидор, жүгөрү, картошканын түбүнө салдык. Бир түп помидор 200 даанага жакын, картошка 80-100, жүгөрү 8 даана баш байлаган. Помидорлорду Украинага чейин алып барып сатып келишчү. Ал жактан биздин помидорлорду текшеришкенде экологиялык жактан эң таза болуп чыккан. Март айында тигилген көчөттөр 7-8 жылда мөмө алса, биогумус кошулганда 3-4 жылда мөмө байлап калат. Бир терек 15-18 жылда курулуш иштерине даяр болсо, бул жол менен 10-12 жылда даяр болот. Биогумусту мурдагы деңгээлде ишке ашырып алсак, Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө таза продукция өндүрүү боюнча биздин өлкө астына бир да мамлекетти салдырбашына ишенем.

«БИОГУМУС ӨЛКӨГӨ ЖЕТЕРЛИК БОЛУП КАЛГАНДА БААРЫН КУУРАТЫШТЫ»
-Мурун миллиарддаган сөөлжандарды бакканбыз. Бир күндө 17-18 тонна биогумус чыгарып турчубуз. Органикалык жер семирткич өлкөдө көйгөй болбой тургандай абалга келип калган элек. Ошол кездеги президент Аскар Акаев да бул тууралуу кабардар болуп, биогумусту өлкөнүн бардык аймагына жайылтыш керек деп мага Чүйдөн жер бөлүп беришкен. Мен ал жакка сөөлжан багуу үчүн кетип, Кадамжайдагы эмгегимди жолдошум, шакирттерим карап калды.
Бишкектен жерлерди даярдап, баарын бүтүрүп Кадамжайга келсем, дүңгүрөп иштеп жаткан сөөлжандарымдын баары колбасадай болуп куурап жатат. Көрүп алып сыздаганымды айтпа. Райкомго чейин чырылдап бардым. Ал жерде жети облуска жеткидей органикалык жер семирткич чыкчу. Башка аймактарга да таратабыз деп жатканда өзүбүздүн эле Халмион айылынын жетекчилери сөөлжандарга барчу сууну тосуп, кууратып коюшуптур. Алар мага бут тосуу менен өлкөбүздүн айыл чарбасынын өнүгүүсүн токтотуп коюшту.
Ошондон кийин аябай көңүлүм калып, айылдаштарыма капа болуп жүрдүм. Акыркы 4 жыл ичинде кайрадан биогумусту иштеп чыгарайын деп аракет кылып, сөөлжан издеп Кыргызстанды кыдырбаган жерим калбады. Дунгандарда болот дешкенинен издеп барып, алардан да таппадым. Акыры Сузактан таап, аябай аз сандагы сөөлжандарды алып келип көбөйттүм. 4 жылда 60 тонна биогумус даярдадым, аны дыйкандарга сатып азыр 20 тоннадай калды. Менде суу жетишсиз болуп жатат, сөөлжандарга нымдуулукту жакшы сактап турганда 60 тоннадан көп жер семирткич даярдалмак.

ТАШТАН БАШКАСЫНЫН БААРЫН ЖЕЙТ
Калифорния сөөлжанынын узундугу 5-8 сантиметр, салмагы 1,5-2 грамм болот. 2 грамм салмактагы сөөлжан суткасына 10 граммдан ашык биогумус даярдай алат. Орточо 10-15 жыл жашайт. Бул жылдар ичинде бир секунд да укташпайт. Күнү-түнү тынбай иштешет. Булар гермафродит (эркектин да, аялдын да жыныс мүчөсү бар) организм, бир сөөлжан 4 айда орточо 18-20 даана жумуртка таштайт. Эң көп жумурткалаган кези март айы. Жакшылап караса, саны бат эле өсүп кетет. Сөөлжандарга да оору жукпай койбойт. Ага каршы акиташтын иштетилбей калган калдыктары колдонулат. Үйдү актагандан калган акиташты суюк аралашма кылып даярдап, сөөлжандарга чачып койсо, аларга келген зыянкечтердин баарын жок кылат. Узак жашоосу үчүн чайдын чамасын көп берүү керек. Ашканадан чыккан таштандылар, жыгачтын таарындылары, эгин талаада жыйналбай калган өсүмдүктүн сабактары сөөлжандарга жакшы тамак болот. Картон коробкаларын сууга салып жумшартып туруп сөөлжандарга берсе, жарым саатка жеткирбей жеп салышат. Кир жуугандан, жуунгандан чыккан сууларды, отоо чөптөрдү берсе болот. Таштандылардын арасынан таш, шише, темир, кум, целлофанды гана жебейт.

БАГУУНУН ЖОЛУ
Сөөлжандарды 27-28 градустагы температурада багуу зарыл. Андан ашып же төмөндөп кетсе, сөөлжан алсызданып өлүп калат. Кышкысын 75 пайыз буудайдын саманын (бул жылуулукту сактап турат), малдын кыгын (кургатылган абалда болуусу зарыл. Анын курамындагы заара сөөлжандарды ууландырып салат), кебездин жана кагаздардын чириндилерин көбүрөөк берүү керек. Ал эми калган мезгилдерде ар кандай таштандыларды берсе болот. Азыктарын берип, аны 80 пайыз нымдуулукта кармап туруу керек. Кык менен таштандылар аралашып чирий берет, аны сөөлжандар тынымсыз жеп, кайра тынымсыз чыгарып турушат. Тамакты астынан жеп башташат. Бир тарабын ашкана, бир тарабын ажаткана кылып алышат. Жеп, чыгарып отуруп үстүнө чыгып калганда 2-3 күн тамакты азыраак берип, суу чачып, нымдуулукту көбөйтөбүз. Нымдуулук көбөйгөндө сөөлжандар бир жерге топтолуп алышат, ошол учурда аларды башка чуңкурга которуп, мурунку чуңкурдагы алар даяр кылган биогумусту ала берсе болот. Казылган чуңкурга канча чиринди салынса, ошончо биогумус алынат.

Райхан Салиеванын өз колунан даярдалган биогумустары жана анын жардамы менен бышып жаткан помидорлор.


Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
zara-919
2014-07-29 15:57:30
каерден сатып алсак болот?
0
wolf_95
2014-07-30 15:31:11
Жана баасы кандай болот
0
Survey
2014-07-30 23:37:11
ии жегим келбей калды эч нерсе
0
aiti
2014-07-31 02:47:42
Жакшы маалымат жазыпсыздар. Дыйкандар учун эн керектуу маалымат экен.
0
al-abu-kinesz
2014-11-03 20:41:08
Жакшы маалымат экен, сатып алыш керек экен
0
Alisher-89
2015-02-10 15:46:03
Бар болунуз ишинизге ийгилик!
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан