ЗОРДУКТАП, ӨЗ ШЫМЫНА МУУНТУП ӨЛТҮРГӨН

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу РИИБине Бурма-Суу айылынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын 32 жаштагы кызы Каракол шаарына кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу билдирген. 16-июлда Челпек айылына жакын жердеги тоо тараптан жоголгон келиндин зордукталып, өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн денеси табылган.

БЕШ КҮНДҮН ИЧИНДЕ СӨӨК КУРТТАП КЕТКЕН
Акыркы жолу жоголгон кызды күбөлөр “шоха” деп аталган ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү саргыч-боз түстөгү унаадан көрүшкөн. Унаанын ээси Бурма-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну Адилет Кудайбергенов көп өтпөй кармалып, келинди өлтүргөнүн моюнуна алган. Ысык-Көл ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Тюкебаев бул кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

– Кылмышка шектелип кармалган Адилет Кудайбергенов каза тапкан маркумдун айылдашы. Иликтөө иштеринде белгилүү болгондой, 32 жаштагы Гүлбарчын аттуу келин 11-июль күнү таңкы саат 6:15те Каракол шаарындагы чачтарачканасында кардары күтүп жаткандыктан үйүнөн шашып чыгат. Каракол шаары менен Бурма-Суу айылынын ортосу болжол менен 4 чакырым. Жол жээктеп бара жатканын көргөн Адилет Кудайбергенов аны өзүнүн Жигули үлгүсүндөгү автоунаасы менен жеткирип коюуну сунуштайт. Гүлбарчын өзүнүн айылдаш инисинин унаасына түшүп алган. Айдоочу жолдо бара жатып ээн жерге келгенде келинге тийишип, каршылык көрсөткөнүнө карабай колу-бутун толгоп, зордуктап салган. Кылган иши жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине кабар жетеринен чочулап, жабырлануучунун биротоло көзүн тазалоону ойлоп, колу-бутун байлап, шымын чечип, ошол шым менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң унаасына салып, Челпек айылы тараптагы тоого, айылдан 15 чакырымдай алыс жерге алып барып, бадалдын арасын казып, көмүп салган. Андан кийин эч нерсе болбогондой кайра айылына келип жүрө берген.
Кылмыш иликтөө тобу Бурма-Суу айылына сурамжылоо жүргүзүп, 11-июль күнү келинди Адилет Кудайбергенов аттуу жарандын саргыч-боз түстөгү Жигулисине салып кеткенин көргөн күбөлөрдү табышкан. Шектүү катары аталган жаранды кармап, аны суракка алганда, ал өлтүргөнүн моюнуна алып, маркумду көмгөн жерин көрсөтүп берди.
Беш күндүн ичинде сөөк күндүн ысыктыгынан бузулуп, курттап кеткен. Көмүлгөн жерден маркумга тиешелүү сындырылган сим-карталар жана башка кылмышка далил буюмдар табылды.
Колго түшүрүлгөн Адилет Кудайбергенов учурда Ысык-Көл ОИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“КЫЗЫМДЫН АКЧАСЫН АЛЫП, КАРЫЗДАРЫНАН КУТУЛГАН”
Маркумдун атасы Памир мырза “азыркы учурга чейин кызымдын өлүмүнө ишене албай жатабыз” деп зар какшап, маркум Гүлбарчын тууралуу ой бөлүштү.
– Кызым 1982-жылы туулган. Артында 8 жашар кызы жетим калды. Эмдигиче анын бизди таштап кеткенине ишене албай келебиз. Ал абдан мээнеткеч, бош турбаган жан болчу. Ушул эле жылдын март айында чуркап жүрүп Каракол шаарына өз күчү менен чачтарачкана ачкан. Ишин мыкты билип, кардарлары көп болгондуктан дем алышсыз жанын карч уруп иштечү.
11-июль күнү эртең менен эрте тейлей турган кардары бар болгондуктан шашылып үйдөн чыгып кеткен. Телефонуна акыркы жолу 7ге жакын кардарынан келген чалуу болуптур. Андан кийин 3 номери тең өчүп, биз да байланышка чыга албай калдык. Биздин айылдан Караколго көптөгөн унаалар такси кызматын көрсөтүшүп, элди ташый беришет. Кызым Адилет аттуу балага "өзүбүздүн эле айылдаш бала экен" деп ишенип, оюнда эч нерсе жок түшүп алса керек.
Кызымды мыкаачылык менен өлтүргөн соң унаасынын багажына салып, чычырканактын арасына алып барган. Унаасында күрөк жана одеяло болгон. Күрөк менен жерди казып, ошол одеялого ороп көмүп салыптыр.
Гүлбарчындын жанында 20 миң сомго жакын акчасы бар болчу. Аны жаңы ачкан чачтарачканасынын сырткы эшигин алмаштырып, жаңылап коюу максатында ошол күнү ала чыккан. Кылмышкер Гүлбарчындын жанындагы 2 телефонун алып, ичиндеги сим-карталарын чыгарып, ошол көмгөн жерине ыргытып салыптыр. Телефондор менен кошо
20 миң сомду алып айылга келип, карыздарын төлөп, эс алып жүрө бериптир. Кандай адам ушундай мыкаачылык кылып, санаа тартпай жүрө алат, түшүнбөйсүң. Аны адам деп айтууга да ооз барбайт.

"ШЕКТҮҮ ТАТЫКТУУ ЖАЗАСЫН АЛСА ДЕЙБИЗ"
– Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун Ысык-Көл облусу боюнча иш алып барган өкүлдөрү "шектүүнү укук коргоо кызматкерлери кыйнап туруп моюнуна алдырып жатат" деген негизде жоопкерчиликтен бошотуунун аракетин көрүшүүдө. Эгерде кылмышка шектүү өзү барып көмгөн жерин көрсөтүп бербесе, милиция кызматкерлери сөөк кайсы жерге көмүлгөнүн кайдан билишмек эле? Кылмышкер кызымды кыйнап, муунтуп жаткан учурда анын укугун ойлоп койду беле? Гүлбарчындын жашоого болгон укугунан ажыраткан адамдын укугун коргоо акылга сыйбагандык деп билем.
Алдын ала айтып коюу керек, айыпталуучу эч кандай психикалык жактан жабыркаган бала эмес. Ал жакшынакай эле үй-бүлөдөн, ата-эненин толук кандуу тарбиясын алган, ал тургай жакшы окуган студенттердин катарында экен.
Адам колу менен кылган кылмышы үчүн мыйзам алдында моюну менен жоопко тартылышы керек. Кылмышка шектүүнүн укугу корголуп, бир тууганыбыздан айрылып, сыздап отурган биздин укук корголбой кала береби? Жоопкерчиликтен качпай, кылмышка шектүү мыйзамдын негизинде жазасын алсын.
Тергөө иштери азырынча 2 тараптын тең жактоочусунун катышуусунда мыйзамдуу жүргүзүлүп жатат. Акыйкатсыз чечимдерге жол берилбесин, суранабыз.

МЫНДАЙ ОКУЯ 1 ЖАРЫМ АЙ МУРДА ДА КАТТАЛГАН
Бул оор кылмыштын аркасында укук коргоо кызматкерлери дагы бир кылмыштын бети ачылышы мүмкүн экендигин айтышууда. Аталган кылмышка шектүү Адилет Кудайбергенов мындан 1 жарым ай мурда болгон кылмышка да катыштыгы болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
7-июнда ушул эле Ак-Суу районуна караштуу Черик айылына жакын жерде белгисиз кыздын зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымына муунтулуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Иликтөө иштеринин негизинде табылган сөөк Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылынын 17 жаштагы тургуну экени аныкталган. Окуя болгон күнү кыз үйүнөн Караколдогу өзү окуган медициналык колледжге кеткен бойдон дайынсыз жоголуп кетет. Өздүк маалымат булактарында жогорудагы айыпталуучу бул кыздын өлүмүнө да катыштыгы бар экенин моюнуна алгандыгын билдирди.

Маркумду одеялого ороп, чычырканактын арасына көмүп салган.

Шектүү маркумдун уюлдук телефондорун алып, сим-карталарын сөөктү көмгөн жерге таштап койгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
nuru95kg
2014-08-01 13:32:10
Астахфируллах! Э Куйосу болсо Куйосу алпарбайт бекен десенер, кобунчо 8 жашар кызына куйотам...
0
WINNER
2014-08-01 14:58:30
Мээси жок!
0
zulunbekov
2014-08-01 16:33:24
Олум жазасын кайрадан жандандырыш керек !!
0
Beishen_03
2014-08-01 22:03:03
Койдун баласы чонойгондо,кой болору анык.Иттин баласы чонойгондо,ит болору анык.А бирок,адамдын баласы,адам болору анык эмес!
0
kurguz...
2014-08-02 00:01:31
Бул ххх башка соз жок
0
admin_superstan
2014-08-04 09:44:35
kurguz..., этика нормаларынан алыстабаңыз.
0
kaltunlu
2014-08-02 03:11:45
otkondo bır peredachadan aytıp atat bız baldarıbızdı ıtter kabat mıshıktar tıtıp alat dep uyrotpoy adamdardan alıs tur dep uyroto turgan zaman keldı dep antkenı aybandan jaman jırtkıch bolup baratat adamdar tuura koshulam...
0
Abdyrawit
2014-08-02 17:23:25
Негизи эле акыркы жылдары кыргызстанда зордуктоо,адам олтуруу оюунга айланып бараткандай.....мындай нерселерди азайттуу учун акчаны эмес мыйзамды иштетуу керек...башкалардын эсинде болуусу учун жаза эл козундо берилип.акча акча деп пара алгандын ордуна.мыйзамга такап туруп иш алып барган кызылдар...калыстыкты чыгарып.элдеп бата алганы дуруско деп ойлойм
0
Taalaibek.
2014-08-02 17:32:07
Ушул айыпталучу анык болсо, эмне учун козун жашырып койушкан? Буган кумон санаса да болот экен.
0
wumwuk93
2014-08-03 01:04:39
Aibaaan turbaiby akmak
0
jorobek.kg
2014-08-03 02:03:40
Жаткан жери жайлуу болсун Ата Энесине сабырдуулук тилейли апасы корбогон омурду кызы корсун кызынын омуру узуун болсун. Бул ишке баргран бул адам эмес эшекта озун озу жебейт.
0
kasaba
2014-08-03 10:16:48
jvrogvndo yiman jok , kara mvrtos adamdar arabyzdan alys bolso eken !
0
amelia84
2014-08-03 11:28:57
Муну коросунорго 10 жыл эмес даже 4 жыл отургузуп анан бошотуп жиберет
0
admin_superstan
2014-08-04 09:46:08
moon90, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө, улутун жана башка нерселерин кемсинтүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
0
ledi.asfira
2014-10-08 22:50:39
бугун телевизордон 17жашар кызды башка бала олтургон деп корсотушту го ал тушкон Хонда улгусундогу машина дейт баланын атын Элдияр дешти менимче экоо эки болок же бир адамбы бул жагы кандай болду эми...
0
kubzero
2014-11-13 12:37:39
Блин бул шым менен муунтуп стил кылып алган го
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан