“Бразилия-2014” Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атынан Бахадыр Кочкаров жардамчы калыс катары өзбекстандык Равшан Ирматовдун бригадасында иш алып барды. Түштүк Африкада өткөн мундиалга да калыс катары катышкан биздин мекендешибиз Бразилияда 4 оюнда калыстык кылып, футбол тарыхында калды. Ал бардыгы болуп Дүйнө чемпиондуктарында 9 оюнга чыккан жалгыз жардамчы калыс катары саналат. Кайтып келген мекендешибиз Бразилияга кандай барып келгенин айтып берди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Кочкаров Бахадыр Закирович
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 13-май
Билими – Жогорку, ОшМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн
Үй-бүлөлүү. Бир уулдун атасы
Эл аралык категориядагы жардамчы калыс
– Куш келдиңиз Кыргызстанга!
– Чоң рахмат! Ооба, азыр мен чындыгында бактылуу болуп турам. Кыргызстанга аман-эсен келип алдым. Өзүбүздүн аба менен дем алуу эле кандай керемет!
– Бразилияга кандай барып келдиңиз? Кандай таасир калтырды?
– Эми бул сөз менен айтып бере алгыс. Миң айткыча бир жолу көргөн оң.
Бразилия – футболдун мекени. Ал жерде 6 жаштагы баладан 90 жаштагы абышкага чейин футбол ойношот. Айлана-тегеректин баарында футбол талаалары. Жээкте, мектептерде, короодо. Үй ээлери мундиалга укмуш даярданышыптыр. Бардыгы жогорку деңгээлде өттү.
– Сиз ушуну менен 2-жолу Дүйнө чемпиондугунда иш алып бардыңыз. Бул мундиаль Түштүк Африкада өткөн чемпиондуктан эмнеси менен айырмаланды?
– Бардык жагынан айырмаланды десем болот. Аба ырайынан тарта тамак-аш жана машыгуу процесстери бардыгы өзгөчө. Бразилиялыктардын меймандостугу жана дайым көңүлдүү жүргөнү эсте калды. Ошондой эле “Маракана” стадиону. Бул легендарлуу стадиондун өзү башкача сезимдерди тартуулайт. Ал эми ушул стадионду 80 миң күйөрмандары менен элестетип көр. Бул эстен кеткис көз ирмемдер.
– Оюндар тууралуу айтып өтсөңүз. Дүйнөдөгү эң мыкты делген футболчуларды башкаруу оор болсо керек?
– Биздин бригада өзүңөр билгендей 4 оюнда калыстык кылды. Биз Бразилияга июндун башында эле барып, 10 күндөн ашык физикалык жана теориялык жактан даярдыктан өттүк. Оюн алдында анализ жасалат. Оюнга чыкчу ар бир футболчуну тыгыз талдап чыгабыз. Себеби калыстар футболчу талаада кандай оюн алып барат аны алдын ала билиши шарт. Ошондой эле оюндан соң талаадагы ар бир учурду талдап чыгабыз. Калыс психолог болушу керек. Оюндун жибин үзбөй иш алып баруу кажет. Калыс үчүн ким мыкты футболчу, мааниге ээ эмес. Мессиби же Роббенби, бизге айырмасы жок. Калыс үчүн талаада ак жана кара түстөгү командалар ойноп жатат деген гана түшүнүк бар.
– Оюн учурунда көп эле кызыктар болсо керек...
– Балам мундиалдын алдында айтып жатпайбы, Роббен жана башка ушундай мыкты футболчулардан кол тамга ала кел деп. Ооба, алар өздөрүн футбол жылдызы элестетип алышкан. Бирок алардын оюнун алып барган калыстар да жылдыз. Тескерисинче, алар бизден кол тамга алышсын (күлүп).
Футболдо калыстык кылуу оңой иш эмес. Бизде эч кандай боштукка жол берилбейт. Оюн учурунда футболчулар же машыктыруучулар менен ар кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Бирок ал профессионалдык жумуш боюнча гана.
– “Бразилия-2014тө” алгачкы ирет көбүк чачкан спрей жана голду аныктаган Goal control системи колдонулду. Бул жаңылануулар калыстардын ишине канчалык таасир тийгизди?
– Чындыгында, ФИФА тарабынан киргизилген мындай жаңылануулар пайдасын тийгизди. Калыстардын ишин бир топ жеңилдетти. Алсак, спрей эреже бузулганда айыпталган тарап белгиленген аралыкта болуусу үчүн колдонулуп жатты. Сыналгыдан деле көргөн болушуңар керек, футболчулар ошол спрей менен сызылган белгиден жылып жаттыбы? Жок. Бир да жолу футболчулар ошол сызыктан ашкан жок. Ал эми Goal control голду туура аныктоо үчүн колдонулду. Бул систем киргизилгенден бери жардамчы калыстардын иши да бир топ жеңилдеди. Себеби гол кирди же кирген жок деген талаш туулган учурда систем өзү аныктап, калыстарга белги берет.
– Равшан Ирматов баштаган калыстар бригадасынын финалда иш алып барууга чоң мүмкүнчүлүгү бар эле. ФИФА эмне себептен силерди бул оюнга койгон жок деп ойлойсуз?
– Оюн алдында Аргентина тарап биздин калыстар тобунун финалдык оюнда калыстык кылуусуна каршы болушкан деген маалымат туура эмес. Муну ФИФА гана чечет. ФИФАнын кандай чечими чыкса, биз ошого баш ийебиз. Алар финалга италиялык калыстар тобун койду. Калган калыстар Никола Риццолиге ийгилик гана кааладык.
– Ошентсе да сиз Дүйнө чемпиондуктарында 9 оюнда иш алып барып, рекорд койдуңуз...
– Бул тууралуу 1/4 финалдык оюндан кийин гана билдим. Мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген ФИФАга жана анын калыстар комитетинин башчысы Массимо Бузаккага ыраазымын. Дүйнө чемпиондугунда 4 оюнда калыстык кылуу бул жакшы жетишкендик. Өзүмдүн кылган ишиме ыраазымын.
– Бразилиянын футболунан эмнени үйрөнсөк болчудай? Ал жактан кандай тажрыйба топтой алдыңыз?
– Рио-де-Жанейро шаарында белгилүү футболчу Зиконун футбол мектеби бар экен. Атайын барып, ал мектеп кандай шартта иштейт, машыгуулардын жүрүшү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат топтогонго жетиштим. Мунун баары жаңыдан өнүгүп келе жаткан биздин футболчуларга, жаш калыстарга жардамын берет деп ишенем. Футболду өнүктүрүүнү жаш балдардан башташыбыз керек.
– Сиздин курагыңыз 44кө келди. ФИФАнын калыстардын жашына койгон чеги – 45. Калыстыктан кеткенден кийин эмне менен алек болосуз?
– ФИФАнын коюлган чеги боюнча мага бир жылдай гана убакыт калды. Тилекке каршы, Орусияда болчу Дүйнөлүк чемпиондукка калыс катары катыша албайм. Бирок кышында Австралияда өтчү Азиянын Кубогуна чакыруу күтөм. Ошондон соң калыстык карьерамды жыйынтыктап, жаш калыстар менен иштешсем дейм. Менде көптөгөн керектүү материалдар жана жетишерлик тажрыйба бар. Өлкөбүздө мыкты жаш калыстар бар. Менин кыялым – алардан түзүлгөн калыс бригадасы Дүйнө чемпиондугуна катышса...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg