СЕМИРҮҮ БАЛДАРГА КАНДАЙ ООРУЛАРДЫ АЛЫП КЕЛЕТ?

Ашыкча салмак балдарга кандай көйгөйлөрдү тартууларын Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эндокринология бөлүмүнүн илимий кызматкери Феруза Исакова баяндайт.

СЕМИРҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ?
Жыл сайын семиз балдардын саны арбып барат. Биздин бөлүмдө эле дарыланган ар бир 100 баланын 30у ашыкча салмактагылар. Себептерин карап көрөлү.
Калориялуу тамактар жана аз кыймылдуулук. Учурда балдардын көбү үйүндө тамак жебей, ата-энесине жарнамада көрсөтүлүп жаткан азыктарды алып берүүсүн суранышат. Мисалы, газдалган таттуу суусундук, чипсы, сэндвич. Аталган азыктар калориялуу болгондуктан семиздик жаралууда. Анткени балдардын көбү бош убактысын кыймылдуу оюн же спорт менен өткөрбөстөн, компьютер же телевизордун маңдайында өткөрүшүүдө. Мындайда ашыкча энергия майга айланары талашсыз. Семиз балдардын 90 пайызы туура эмес тамактануудан толуп кеткендер, ал эми 10 пайызы оорулардан улам семиргендер.
Айрым ата-энелер өздөрү күнөөлүү. Кээ бир ата-энелерди карап турсаң, өздөрү да толук жана балдары да семиз. Алар майлуу, таттуу азыктарды, фастфуддарды көп пайдалангандар. Жана семиздик оору жаратарынан кабары жоктор же жакшы түшүнбөгөндөр.
Тукум куучулук. Эгер ата-эне балдарын туура тамактанууга үйрөтүп, спорт менен алектентсе, баласын семирип кетүүдөн сактай алат.
Стресс. Айрымдар балдарына талаптагыдай көңүл бөлүшпөйт жана аларды туура эмес иштери үчүн уруп коюшат, кагып-силкишет. Мындан балада стресс жаралып, ал өзүн тамак менен сооротуп, акырындап толо баштайт.
Оорулар. Айрым балдар боор, жүрөк, ички без (уйку бези, бөйрөк үстүндөгү бездер жана башка) ооруларынын айынан семирип кетишет.

КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ?
Толук балдарда келечектеги оорулардын пайдубалы түптөлө баштайт. Тактап айтсак, биздеги дарыланган балдардын 30-40 пайызында зат алмашуу процессинин бузулгандыгы аныкталат. Бул акырындап жүрүп отуруп оорулардын жаралуусуна жеткирет.
Алар: кант диабети, жоон ичегинин шишиги, боор, уйку безинин, омуртка-муундардын (ашыкча салмактан улам бузулат, кыйшаят) жана жүрөк-кан тамыр системинин оорулары (атеросклероз, инфаркт, инсульт) жана башка. Андыктан зат алмашуусу бузулган балдарга (ата-энелерине да) туура тамактанууну үйрөтүп, кыймылда болууну сунуштап, узак жылдар бою ичилүүчү дарыларды жазып беребиз.
Семиздик жаш балдарда гормондордун өзгөрүүсүнө алып келет. Алып айтсак, айрымдары жыныстык жактан эрте жетилсе, кээси кеч жетилет. Ушул себептен кээлери кийин тукумсуз болуп калышат.

АЛДЫН АЛУУ КАЖЕТ!
Ата-эне өзүн жана балдарын туура тамактанууга көндүрүү, үйрөтүүсү зарыл. Бул деген режим менен 5 маал тамактануу (мунун экөөсү жеңил шам-шум этүү). Таттуу жана майлуу азыктарды чектеп, жашылча-жемишти көбүрөөк колдонуу. Жана ошондой эле кыймыл керек. Семирип бараткан балдарды дарыгерге көрсөтүп, себебин тактатуу зарыл. Диетологдорго көрсөтсө диета жазып берип, баланы болочок оорудан куткарат.

“ЙОГУРТТАРДЫ ЖЕЙ БЕРИП СЕМИРДИМ”

Талас районунун Көк-Ой айылынын 10 жаштагы тургуну АДЫЛХАН АЛЫМБЕКОВ:
– Мындан 2 жыл мурун сарык менен ооругам. Диетада жүрүп, күнүгө 3 маал йогурт жечүмүн. Сыягы, ошондон семирдим окшойт. Учурда салмагым 55 килограмм.

Адылхандын чоң энеси АЙГҮЛ:
– Неберем кичинесинде арык эле болчу. Анан 2 жылдан бери толуп баратат. Эч жери деле оорубайт, бирок ошентсе да текшерткени алып келдик. Азыр текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
DNurgiza
2014-07-28 20:24:35
Менин балам 5 жашта, аябай арык.
0
tea23
2014-07-30 07:03:24
Йогурт мен да жейм, бирок мени арыктаткан. Айран кефир да арыктаткан.
0
Virtual
2014-07-31 23:35:34
Тустуу нерседен жасалганды жебеш керек мисалы Гамбургер,Хот Дог ж.б.
0
Kara_koz
2014-08-01 13:13:32
йогурт семиртет дегенди биринчи угушум.
0
ere
2014-08-03 10:48:16
оозуна тийгенди жей берсе байкуш аш казан не кылсын
0
urmat_88-kg
2014-08-03 14:11:00
уядан нени корсо учканда ошону алат дегендей спортко жакын кылып тарбиялаш керек. Казанга жакын кылбай.
+1
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан