ЖАШТЫКТЫ САКТООЧУ 10 СУУСУНДУК

Илгертен эле жаштыкты узакка сактап калуу маселеси адамзатты ойлондуруп келген. Андыктан бул тема жомоктордо да чагылдырылган. Жомоктон бүгүнкү реалдуу турмушка кайтсак, карылык менен күрөшүүчү пайдалуу суусундуктардын саны бир топ.

СУУ

Тери жылмакай көрүнүп, серпилгич жана жумшак болушу үчүн, албетте, ага нымдуулук керек. Буга болсо суу жардам берет. Суунун өлчөмүн адам салмагына, физикалык активдүүлүгүнө жана жыл мезгилине жараша ичүүсү зарыл. Бирок кандай болгон күндө да күнүнө 8 стакандан кем болбоосу керек. Суу мээнин жакшы иштешинин өбөлгөсү экенин да эскертебиз.


КОФЕ
Күнүгө 1 кружка ичилген кофе залалдуу жана залалсыз шишик ооруларына кабылуу коркунучун 10 пайызга азайтат. Бул курамындагы кофеиндин рактын жаралышына бөгөт койгон касиетинен улам. Бирок кофени ашыкча ичүү да зыян экенин эстен чыгарбаңыз.




ШАРАП АЗ ӨЛЧӨМДӨ ПАЙДАЛУУ
Окумуштуулар аз өлчөмдөгү ичимдик, тагыраак айтканда, 1 күндө аялдар үчүн 1, ал эми эркектер үчүн 2 бокал шарап мээде болуучу өзгөрүүлөрдүн алдын аларын айтышат. Башкача айтканда, эрте алжып калуудан сактайт. Айтылган өлчөмдөн ашыкча ичүү, тескерисинче, баш мээнин клеткаларын өлтүрөт.


КЫЗЫЛЧА ШИРЕСИ
Кан тамырларды кеңейтип, кандын жүрүшүн камсыздайт. Андыктан клеткалар кычкылтек менен жакшы камсыздалат, мээ да жакшы иштейт.




АПЕЛЬСИН ШИРЕСИ
Ширесиндеги лютеин көздүн курч болуусун камсыздайт. Эгер бул зат жетишсиз болсо, анда адамдар 60тан өткөндө сокур болуп калышат.


САБИЗ ШИРЕСИ

Ширесиндеги лютеолин заты аллергияга, сезгенүүгө жана ракка каршы касиетти алып жүрөт. Альцгеймер оорусунан жана унутчаактыктан сактайт.






КАКАО
Какао – бул курамындагы флавоноиддердин арты менен кан тамырларды картайтпай кармап туруу касиетине ээ. Ушунусу менен кан басымдын, атеросклероздун жаралуусуна бөгөт коёт.


ГРЕЙПФРУТ ШИРЕСИ
Аталган жемиштин ширесиндеги ликопин заты терини картаюудан, күнгө күйүүдөн сактайт.







КӨК ЧАЙ
Бул суусундук жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайта турганы менен баалуу. Курамындагы фтор тишти бекемдеп, кариестин алдын алат. Антиоксиданттар болсо организмдеги клеткаларды бузулуудан сактайт.


СОЯ СҮТҮ
Соя сүтүндө (соевое молоко) изофлавондор бар. Изофлавондор тери серпилгич жана чоюлчаак болушу үчүн териге коллагенди иштеп чыгарууга жардам берет. Мындан тышкары климакс менен күрөшүүдө таасири чоң. Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жана зат алмашууну жакшыртат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Gyiwak
2014-07-28 13:03:34
Саламатсыздарбы мимикалык бырышардан кантип айрылуунун жолдорун жаза кетесиздерби
0
admin_portal
2014-07-28 13:20:39
Gyiwak, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
nazarnew
2014-07-28 13:12:31
эн жакшы жол булардын ордуна спорт менен машыксанар, кандай жаш болуп кеткенинерди да сезбей каласынар, бул доказано, даже эксперимент кылсанар да болот, мисалы европалыктар спорт менен дайыма машыгып турушат, ошон учун алардын копчулук адамдары оз жаш курагынан жаш корунушот, а биздикилер анча машыгышпайт, бул эн сонун жол, спорт
+1
belka
2014-07-28 14:33:56
Рахмат.
0
sultan.kg
2014-07-29 01:20:53
Супер инфо сураныч кийинки макалаларда аскын (чакалай) тууралуу маалымат бериниздерчи сураныч кутом. Ал эми суусундуктар жонундогу маалыматтарга чон рахмат.
0
gul75nur
2014-07-29 11:39:56
Супер инфо суперсин
0
zara-919
2014-07-29 12:51:38
купероз жөнүндө жазгылачы..рахмат!
0
admin_portal
2014-07-29 12:55:56
zara-919, sultan.kg, саламатсыздарбы!
Сунуштарыңызга рахмат! Аракет кылабыз.
0
Danek.kg91
2014-07-30 07:07:56
салам Инфо жамааты мен беттеги сепгилге каршы курошуунун жолдорун издеп келем билесенер жазып койгула рахмат
0
admin_portal
2014-07-30 18:22:09
Danek.kg91, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
roza.90
2014-07-30 10:56:20
соонун кенештер...Бирок шарап ичпей эле койгон туураго дейм.Шариятка да дал келбейт.
+1
rozka
2014-07-30 22:04:06
Рааххммааатт супер инфо эн керектуу пайдалуу кенеш
0
momuntay
2014-07-31 12:29:18
Булардын баарын ичкенмин. Азыр деле ичем. Соевое молокону муздагычале( ото муздак эмес) ичетлем. Грейфрут ширеси , озу деле анча жага бербейт и какао. Эртеменен кофе "латте" жасап ичем. Кофени без молоко ичпейм. Эгер сут тугонуп калган кундору эле бир кун ичпей калбасам а так ичип турам. Кок чайга лимон ширесин кошуп кучтуу тамактан сон ичем. Дайыма фильтр суу алып ичебиз 5л .Жузум виосун ичпегениме коп болуптур. 3 жыл мурун коюу ,кыпкызыл вино ичкенмин.
Рахмат кенешинерге Супер инфо!
0
sumaia.kg.kg
2014-07-31 21:31:27
Эн сонун кенеш болуптур рахмат супер инфо
0
nuru95kg
2014-08-01 14:05:00
супер инфо paidaluu sait eken... Rahmat silerge onugo bersin super.kg
0
insap
2014-08-01 21:32:31
Керемет кеңештер екен, кенен колдонуп пайдасын көрсө болгудай.
0
Dari
2014-08-02 14:17:04
Саламатсыздарбы торогондон кийин кантип ичти киргизуу жонундо кенеш бериниздерчи
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан