“ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯГА” 1 ЖЫЛ!

«Элдик лотерея» Кыргызстандагы өз ишмердүүлүгүн 2013-жылдын жай айларында баштаган. Бул кыска аралыкта компания башка лотереялардан озуп өтүп, лидерликти багындыра алды. Азыркы убакта “Элдик лотереянын” 3 лотерея продуктусу ишке ашырылган. Алардын бири «Белек» лотереясы Кыргызстандын тарыхындагы эң ири байге фондусу бар экендиги менен мактана алат.

Ири суммадагы утуштарды ойнотуу менен миллиондогон утуучуларга кубаныч алып келип жаткан «Белек» лотереясы 1 жылдык мааракесине арналган кезектеги утушун өткөрдү. Лотереянын жалпы байге фонду 30 миллион сомдон ашык сумманы түзүп, 50 миңден ашуун адам ар кандай суммадагы утуштарга ээ болушту. 22-июль күнү «Элдик лотереянын» өкүлдөрү баш байгенин жеңүүчүсүнө 8 миллион сом жана 4 кишиге 700 миң сомдук ири байгелерди тапшырды. Адаттагыдай эле байге тапшыруу аземи жагымдуу атмосферада өтүп, жеңүүчүлөр кубанычтарын жашырышкан жок.
Бул сапар кезектеги бактылуу билеттин ээси болуп Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын тургуну Сатыбалды мырза табылды. Ал бактысын сынап көрүү үчүн «Элдик лотерея» соода маркасынын «Белек» лотереясынан 2 билет сатып алган. Анын биринен бакыт кушу жылмайып, ал 15-июлда өткөрүлгөн оюнда 8 миллион сом утушка ээ болду. Кыргызстандагы миллионерлердин катарын толуктаган жеңүүчү кубанычы менен бөлүштү:
– “Белек” лотереясынын ойнотулушун үй-бүлөм менен сыналгыдан көрүп отурганбыз. Ар бир саны менин билетимдегидей чыгып жатты. Ошентип отуруп 6 сан тең дал келди. Алгач баш байгени утуп алганыма таптакыр ишенген жокмун. Балам колумдан бекем кысып, “куттуктайм, ата!” дегенде гана жеңүүчү болгонума ынандым. Эми бул акчага ырымга деп өзүм эңсеп жүргөн автоунааны сатып алам да, калганын балдарыма бөлүштүрүп берем. «Элдик лотереяда» оюн таза өтөт экен деп элди ишендирип кетмекчимин. Сиздер да «Белек» лотереясын алып ойногула, уткула!
Ал эми ири байге – 700 миң сомдон утуп алган жеңүүчүлөр өлкөнүн 4 дубанынан келген мекендештер болду. Алардын бири Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылынын жашоочусу Гүлбүбү:
– Биз үй-бүлөбүз менен 4 билет сатып алган элек. Анын биринен 700 миң сом утуш чыкты. Айылдан Бишкекке келгенче ишене албай, толкунданып жаттым. Акчаны үй-бүлөбүздүн керектөөсүнө жумшайбыз. Эми мындан ары такыр үзбөй “Белек” лотереясын ойнойбуз.

 


Дагы бир жеңүүчү Жалал-Абад облусунан келген Акун аксакал болду:
– Өзүм Ноокен районунун Масы айылынан болом. Пенсия тиет дегенинен почтага барсам ал жакта “Белек” лотереясы сатылып жатыптыр. Эки билет сатып алгам, анын бирөөсү мына минтип жеңиш алып келип отурат. Эми бул акча менен неберелеримди сүйүнтөйүн деп жатам.

 



Алтынай "Ош базарынан" 2 билет сатып алып, анын бирөөсү утуш алып келген:
– Мен буга чейин лотерея ойноп көргөн эмесмин. Базардан 2 билет сатып алып, ага анчалык деле маани берген эмесмин. Утуп алгандан кийин сүйүнүчүмдө чек жок. Себеби бул мен үчүн чоң акча. Эми “Белек” лотереясын дайыма алып ойноп турам.

 



Таластан Илимбек аттуу мырза кантип 700 миң сом байге утуп алганын мындайча айтат:
– Борбор шаарыбыздын "Кудайберген" базарынан 5 лотерея сатып алгам. Бир билеттен 200 сомдук утуш, дагы биринен 700 миң сом утуп алдым. Азыр өтө кубанычтамын. Бул акчаны жакшылыкка гана жумшайм.
Мындай утуш ээлери чындап эле карапайым калктын арасынан чыгып жатканы дагы бир жолу оюндун таза экендигинен кабар берүүдө. Болуп көрбөгөндөй ири утуштарды ойнотуп, алгачкы чыгарылыштан тартып эле элдин лотереяга болгон ишенимин актаганга жетишкен «Элдик лотереянын» кийинки чыгарылышы 15-август күнү ойнотулат. Баш байге – 7 миллион сом.
“Элдик лотерея – ойноп жаша!”

Баш байгени жеңүүчүгө тапшыруу аземи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
malik.87kg
2014-07-28 10:59:53
бизде эч качан бербейт го канча працентин бересин
0
meridian
2014-07-28 18:15:50
Менин жакшы таанышым утуп алды 8 миллионду. Процентине 8жуз минин алып калыптыр. Буйрусун!Жакшылыктарына жаратсын!
0
Sheva
2014-07-29 23:20:09
5 кишинин акчасын алып, 3 кишиникин компания озуно алып калып 2 кишинин акчасын бир кишиге байге кылып берип койгондой сезиле берет мага. Болбосо ошончо кишиге берилген байгени алар асмандан алмак беле, анан бекер иштешмек беле.
0
altynka95
2014-08-02 04:14:00
Ойноп коруш керек екен
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан