Жеңишбек Жумакадыр: «ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ҮЧ КҮН СҮЙЛӨШҮП, ҮЙЛӨНҮП АЛГАМ»

Кыргыз – көркөм сөзгө бай эл. Манасчылык менен төкмөчүлүк мунун анык далили болуп берет. Жети күн тынбай ырдаган Жеңижоктой залкарларыбыздын жолун улаган акындарыбыздан бүгүн да уучубуз кур эмес. Алардын бири катары Жеңишбек Жумакадыр агабызды айтсак болот.

Туулган жери – Нарын районунун Эмгекчил айылы
Туулган жылы, күнү – 1977-жыл 9-май
Билими – Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайы.
Үй-бүлөсү – бир уул, үч кызы бар.

– Сөзүбүздү сиздин балалыгыңыздын издерин сиңирип алган жерден баштабайлыбы...
– Балалыгымдын таттуу күндөрү, чыгармачылыгымдын чыйыр жолу туулган жерим Эмгекчил айылынан башталган. Мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазчумун. Менден улуу балдар ырларымды пайдаланышып, кыздарга сүйүүсүн билдирип жүрүшпөдүбү. Дилбаянды ыр түрүндө жазып, көркөм өнөр ийримдерине калтырбай катышчумун. 7 жашымда атам каза болуп, чоң атамдан тарбия алдым. Ал киши уста болчу. «Мени эч кимиң тартпай калдыңар, сен уста болосуң» деп 9-классты аяктагандан кийин Нарындагы ПТУга ээрчитип келди. Көрсө ал жерге мага окшоп "кыйын" окугандар келет экен (күлүп). Окуу жайдын жетекчиси Эмгекчилден келгенибизди угуп «Айылыңарда тентектер көп эле, аксакал, бул балаңыз окубай кетип калбайбы?» десе, атам, жарыктык, «балам уста болот, окуйт» деп ишеним артып, тапшыртып кетти. Эки ай окугандан кийин Нарын театрына жумушка орношуп калдым.

– Сизди театрга жумушка чакырыштыбы? Же чыгармачылык көксөөңүз жетелеп бардыбы?
– Устанын окуусунда окуп жүргөндө эле жолдон өтүп бара жатканда Адылбек Кыязов, Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов өңдүү театр ишмерлерин суктанып карай берет элем. Бир күнү Керезбек Тургуналиев деген обончунун жолунан тосуп чыгып «Байке, мени ырдатып көрбөйсүзбү?» десем эле өзү менен кошо театрга эрчитип барды. Аябай ырдатышты, өзүм жазган пародияларымдан аткарып бердим. Мени жактырышып, 15 жашымда паспортум жоктугуна карабай келишимдик негизде жумушка орноштум. СССРдин эл артисти Капар Медетбеков баштаган Сейитказы Андабеков, Бакирдин Алиев өңдүү залкарлардын мектебинен өттүм.

– Өзүңүздө акындык өнөр бар экенин качан билдиңиз?
– Акын болуп калганымдын себеби да өзүнчө бир кызыктуу окуя. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө бир жыл болуп, Бишкекте аскерлер арасында чыгармачылык жарыш өтүп жатыптыр. Театрга Нарындын аскер бөлүмүнөн Көкө деген капитан келип "3 жигит керек" деп мени, Токтор Бекбоевди жана Максат деген музыкант баланы тандап алды. Мен Өмүралиев деген аскердин фамилиясы менен чыга турган болдум. Нарындан чыгып жатканда бизге аскер формасын берип, "уят кылбай барып келгиле" деп узатышты. Бишкекке келсек аталган жарыш азыркы Кыргыз-Орус Славян университетинин ордунда өтүп жатыптыр.
Жарыш башталып үчөөбүз интермедия аткардык. Андан кийин мен «Курманбек» дастанын айтмакмын. Сахнага чыгып жатканда Токтор байке менен Максатка мен жаттаганымды айтып бүтөрдө колумду көтөрөм, силер келип мени көтөрүп кеткиле дедим. Учуру келип колумду көтөрдүм эле экөө жулкулдатты, мен токтолбой айта бердим, анан мени сахнадан көтөрүп чыгып кетишти. Токтор байкеге кайра сахнага чыгып, төгүп ырдап коёюн десем «уят кылбайсыңбы» деп ишенбейт. Сахнага чыгып:

«Баш байге бербесеңерби,
Кызыкты чогуу көрөмүн.
Баарыңарды жамандап,
Филармонияга барып төгөмүн»

- деп жамактатып ырдап кирдим. Элдин баары кол чаап «Кыргызстандын тарыхында аскерлерден биринчи төкмө чыкты» деп "сержант" деген чин берилди. Баш байгени алып Нарынга барсак театрдагыларга Токтор байке "Жеңишбектин төкмөлүгү бар экен" деп айтып коюптур. Бир айдан кийин Бишкекте айтышка Табылды Актанов менен жиберишмек болушту. "Мен айтыша албайм, ал жакта тамашалап эле төгүп койгом" деп чыйпылыктадым. Театрдын режиссёру Жапаров "анда арызыңды жаз да, кете бер" дегенинен агама кошулуп келип, аталган айтыштан биринчи орунду ээледим. Андан кийинки ири айтыштарда баш байгелерди алып, бат эле элге комузу жок жөө акын катары таанылып кеттим. Бир жолу Ашыралы Айталиев өзүнүн комузун колума карматып «комуз менен айтышып кел» деп Ташкентке мени Тукама (ред. Тууганбай Абдиев) кошуп жиберди. Ошондон баштап комуз менен ырдап калдым.

– Актёрдук кесипке ээ болгонуӊуз менен кино жаатында өзүңүздү көрсөтпөй келесиз?
– Москвадан окууну аяктап, «Учур» театрын түзгөнбүз. Хан Жантайдын ролун ойнодум, шартка байланыштуу ал жакта көпкө иштей алган жокмун. Билгендер менден "киного качан тартыласың?" деп көп сурашат. Кудай буюрса, жакшы режиссёр менен иштешип, комедия жанрында ойносом деген оюм бар.

– Кайсы актёрдун кинодогу ойногон образы жагат?
– СССРдин актёрлорунан Георгий Вициндин талантын баалайм. Биз ал кишини көрүп калдык. Мүнөзү бир кырдуу, турмушунда көп сүйлөбөгөн, өмүрүндө ичкиликти оозуна албаган, интервью дегенден качкан киши болгон экен. Менин кээ бир мүнөздөрүмдү Вицинге окшоштуруп да чыгышкан. Кыргыз актёрлорунан Муканбет Токтобаев, Ашыр Чокубаевдердин жараткан образдары жагат.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, жеңебиз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
– 1994-жылы Нарын театры Кочкор, Жумгал, Токтогул аркылуу Ош шаарларын кыдырып концерт бермей болду. Алдын ала уюштуруу иштерин Кубан Алимов экөөбүзгө тапшырышкан. Командировкага берген акчаны жок кылып коюп экөөбүз урушуп баштадык. Вокзалга келсек Кочкорго автобус туруптур, Кубан «байкелер, биздин акчабыз жок, ала кеткиле» деп бир нерселерди айтып күлдүрдү. Мен дагы айдоочуга жамактап тийишип койдум эле, макул деп салып алышты. Ичинде эки кыз өзүнчө отуруптур. Кубан аларга тийишип баштаганда «бул жигиттин аялы, эгиз кызы бар, мен бойдокмун» деп кыздардын жанына отуруп алдым. Жанымдагы кыз жумгалдык экен. "Гастролго кетип жатабыз, мен сени Нарындан таап алам" деп тамашалап, дарегин алып калдым.
Ошентип Жумгал, Суусамыр аркылуу Ошко бардык. Бизден кийин чыгармачыл топ келип, Күмөндөр байкем экөөбүздү Кара-Сууга бир раистин тоюна алып барышты. Күмөндөр байкем элди күлдүрүп жатат, отургандар акча сайып, той ээси ага жалтыраган костюм кийгизди. Мага болсо "башкармага тийишпей болушунча макта" деп калды. Ырдап жатсам бирөөсү алдыма жоолук сала койду. Ага акча таштай башташты. Ошондо акча сайганды биринчи жолу көрүшүм.
Гастроль бүтүп Нарынга келгенден кийин жолдо жолуктурган кызымды издеп, дарек боюнча жатаканага бардым. Экөөбүз 3 күн сүйлөшүп, Оштон жыйнап келген акчама 17 жашымда "баары бир капканга түшөм" деп үйлөнүп алдым. Тун балабыз бир жарымга чыкканда чарчап калды. Учурда үч кыз, бир уулум бар.

– Атаандаш канчалык күчтүү болсо, ошого жараша шыктанып, эргип айтышарын укканым бар. Казак-кыргыз акындарынан кимиси менен айтышуудан ырахат аласыз?
– Мен бул акындан тартынып турам деп алдын ала камылга көрбөйм. Айтышка чыкканда өнөктөш канчалык күчтүү болсо айтыш ошончолук чыйралып, курч мүнөздө жүрөт. Бирге чыккан атаандаш алсыз болсо өзүңдү кошо ээрден алып түшөт. Ар бир акындын өзүнө тиешелүү айтуу стили бар. Биз Аалы экөөбүз бири-бирибизди толуктап айтышабыз, анын алдын ала эмне айтарын билсем, ал менин эмне айтарымды билип турат.

– Эч кимден жеңилбеген акын спорттун кайсы түрү менен машыгат болду экен?
– Балалык кезде Брюс Лини туурап чоңойдук. Эмгекчилдин бурулушунан баштап 5 чакырым жерге чейин бутка кыт байлап далай ирет чуркачубуз. Анын пайдасы Москвага барганда тийди. Анткени ал жактан тхэквондо менен машыгып жүрдүм. Жаштык кезде болсо мушташтын акесин таанытканбыз. Классташтарым, досторум, группалаштарым жакшы билишет. Акыркы учурда сууга сүзгөнгө кызыгып, үйрөнөйүн деп жатам.

– Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
– Менин келечек муунга калтырайын деген көптөгөн асыл тилектерим бар. Алардын эң башкысы, чыныгы акыйкаттын жолун көрсөтүп кетүү.

– Эмнеге өкүнөсүз?
"Өзүн тааныган Кудайды тааныйт" дейт. Тоодой күнөөлөрдү, деңиздей каталарды кетирдим. Ар бир адамды кучактап кечирим сурагым келет. Минут сайын Кудайдан кечирим сурайм. Адам боло албай келе жатканыма өкүнөм.

Бир көрүп сүйүп алган жарымдан бактылуу үй-бүлөнүн очогу тутанды.

Мен Майра Керим кызы менен айтышуудан эргүү алчумун.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жубайым менен үч күн сүйлөшүп, үйлөнүп алгам" дейт Жеңишбек Жумакадыр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
murgab2014
2014-07-28 10:58:37
Алла таалам тилегинизге жеткизсин.
0
Akylai_aktan
2014-07-28 15:23:15
Sizdin talantynyzdy baalaibyz,iigilik sizge!
0
a.ruffo
2014-07-29 02:01:20
Чыныгы жылдыздар мына Акындар! Эки созду жазып алып ырдашкан, кээ бироолор чынында эле лампочка...............
0
nur16
2014-07-29 13:41:21
жениш акенин талантын озун балайм сыйлайм б\уй булонуз менен эки дуйно бактылуу болунуз
0
belka
2014-07-29 14:18:01
Берген жооптору супер, азаматсыз эки дуйнолук бакыт каалайм!
0
zara-919
2014-07-29 15:14:38
17 жашымда "баары бир капканга түшөм" деп
үйлөнүп алдым-дейт го... анда Москвадагы М.С.Щепкин атындагы
жогорку окуу жайды үйлөнгөндөн кийин окуганбы? ...?
+1
Bakyt-nuru
2014-07-29 16:49:23
Аллахым сиздерге эки дунуйо ырахатын насип кылсын...
0
Fatmagul
2014-07-29 22:54:43
мага ушул байке жагат......
0
Lavanda
2014-07-31 12:56:11
Тилектериңиз орундалсын ак таңдай, автомат байке.
0
Positive
2014-07-31 15:19:53
неге коп куноолору бар экен тушунбой калдым чыгармачылык ийгилик
0
Salamat87
2014-08-01 13:55:43
Женишбек байке, азамат! Онорунуз оссун.
0
Aksy-13
2014-08-02 02:20:06
мага да жагат ушул акын акебиз! Эгер сиз озунузду адам боло албай жатам деп эсептесениз башка эркектер кандай адам экен дегеним мен сизди алдынкы мырзалардан деп билем. Ичкилик жонундо токкондорунуз жагат мага аябай таасилуу кана эле ошону угуп таасир алган эркектер кобойсо!
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан