КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН БААСЫ 8 СОМГО ЧЕЙИН КӨТӨРҮЛӨТ ДЕШЕТ

Жайдын башынан бери күйүүчү майдын баасы тыйындап көтөрүлүп күн санап өсүп жатат. Бензин кымбаттады деп базарда азык-түлүктүн баасы менен жол кире акысы да бир топ көтөрүлүп кетчү. Күйүүчү майдын баасы дагы жогорулайбы же арзандашы мүмкүнбү?

«ГАЗПРОМДУН» МОНОПОЛДУК АБАЛЫ КҮЧӨП ЖАТАТ
Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору УЛАН КУЛОВ бул кырдаал боюнча маалымат жыйында төмөндөгүчө пикирин билдирди:
– Орусияда күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң баасы тоннасына 200 долларга же литри 8 сомго өстү. Ал эми Кыргызстанда июнь айынан бери күйүүчү майдын чекене баасы түрлөрүнө жараша 1 сом 50 тыйындан 2 сом 90 тыйынга чейин жогорулаган. Ал эми соңку кымбаттоого келсек, 19-июлдан тартып өлкөдө күйүүчү майдын баасы 50 тыйындан 1 сомго чейин көтөрүлдү. Баалардын мындай көтөрүлүшүнө Орусиянын Ачинск нефти кайра иштетип чыгаруучу заводунда 2014-жылдын 16-июнунда болуп өткөн кырсык себеп болду. Эң ирилердин бири болуп саналган завод ушул жылдын аягына чейин ишке кирбейт. Ошондуктан орусиялык рынокто дефицит пайда болду. Кыргызстанда август ичинде литрдик баанын максималдык өсүшү 8 сомго жетиши мүмкүн. Бизде күйүүчү майдын тартыштыгы болбойт, резервдер өлкөнү бир айлык камсыздоого жетет. Баа тескерисинче арзандашы ыктымал, анткени учурда айрым нефтетрейдерлер чайкоочулук да кылып жиберүүдө.
Эске салсак, апрель айынан бери Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май жүктөлүп келе жаткан вагондор Казакстандын «Луговая» станциясында бажы органы тарабынан токтотулуп турат. Алардын саны 500 вагондон ашат. Бул маселе да өлкөдө күйүүчү майдын кымбаттоосун, «Газпромдун» монополдук абалынын күчөшүн шарттап жатат.

Маалымат үчүн: «Газпромдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Газпром нефть Азия» ЖЧКсы өлкөдөгү рыноктун эң чоң, 50 пайыздын тегерегиндеги үлүшүн ээлейт.

АНТИМОНОПОЛИЯ «ОЙГОНДУ»
22-июль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынан АИ-80 менен дизелдик майдын баасын азыркы деңгээлде сактоону жана негизсиз кымбаттатууга жол бербөөнү талап кылды. Аталган компаниянын маалыматы боюнча, «Газпромдун» май куюучу жайларында 1-июндан тартып баа 2 сомдон 3 сом 60 тыйынга чейин өскөн.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-июлда «Күйүүчү майдын баасына байланыштуу кырдаал турукташат. Кымбаттоо өлкө ичиндеги маселелерден эмес, сырттагы көйгөйлөрдөн улам болуп жатат. Кандай болсо да, кескин түрдө баа өсүү болбойт» деди.
Акыркы мезгилде бир эле Кыргызстанда эмес, ошол эле Орусиянын өзүндө, Өзбекстан жана Тажикстанда да күйүүчү майдын баасы кымбаттады.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
mi-li-na
2014-07-28 12:12:14
хе-хе азыркы бийликтин жыргаткан жомокогудай жашоосу...эми мамлекеттик жеп-ичкичтерге гоо билинбейт жашоонун кымбаттаганы, себеби алар элдин канын ач кенедей сорушуп аларга аалам гулстан, болгону байкуш карапайым элге эле жалко...Митинг кылбасанар ушул кунду кормок эмессинер балким...
+1
diiazbek
2014-07-28 15:32:48
"Кандай болсо да, кескин түрдө баа өсүү болбойт" бекерлердин айтыпсын кайдагы жомокту айтасында 1сом 50тыйын деп Базар Коргондо 4кундун ичинде 6сомго которулду мурун 39сомдон куят елек азыр 45сом болду бул дагын кескин түрдө оспогону осконун дагын коро жатарбыз бул бийлик бизди тупике такап койду буут жагын карасан кымбатчылык
0
Revolyutsioner
2014-07-28 15:38:52
Жомок айтпагылачы бийлик, биз Оруссиядан нефтини атайын келишим менен алабыз, анда баалар так корсотулгон, кайсы бир завод иштебей калса же баалар оссо деген жери жок, баалар кайсы убакта озгороору атайын корсотулгон жана азырынча Оруссия тарап ал келишимге кошумча озгортуулор киргизе элек. Баалардын осуусу биздин чиновниктер менен бизнесмендердин кызыкчылыгы учун гана бролуп жаткан нерсе. Премьер баш болуп калп айтып журо бергиле бийлик, акмактар ишене берсин...
+1
Revolyutsioner
2014-07-28 15:40:36
5 жылдан бери Тажикстанга тынымсыз ГСМ ташып контрабанданын башында бийлик озу турганы сыяктуу эле бул жолу да билгенин кылып жатат бийлик, кой дээр кожосу, ай дээр ажосу жок копкондун устуно кооп...
+2
siezd
2014-07-28 16:25:53
баардык нерсе кымбаттап эле атат жакында абаны да сатып калышабы деп коркуп кетип атам
+1
LISICHKA
2014-07-28 18:43:08
эмнеге казакстандын станциясында токтоп турат,отура бергиле оозунарды ачып.Элден жакшылык кутпой эле койгула.
+1
berdishov89
2014-07-28 19:25:58
оох качан жакшы жанылык угат экенбиз бийлик тараптан
0
elgiz0890
2014-07-28 20:04:04
кыргызстанда жашоо кыйындап баратат атамбайев келгенден баштап газ свет азык тулуктор эми аз келгенсип бензин 2 3сом болсода мейли 8сом
0
LISICHKA
2014-07-28 21:09:46
Элди акырындан кондуруп:бензин кымбаттаганы жатат,бензин кымбаттайт,бензин кымбаттады деп элдер эси ооп,эми эмне кылабыз деп тынчыганда алып келесиер да,ага чейин казастандын станциясында токтоп турсун.Элдин кулагына лапшаны илип,элдин ачуусу тараганга чейин куто тургула.Точно ушундай болот коросунор го.
0
tiletork
2014-07-29 15:35:04
Биздин комерсанттарда да бар, бир нерсенин чекесин угуздун, шарт эле кымбаттатышат, себеби азыр маалыматты оной алып жатышпайбы, биржи бирине чалып эле кымбаттатып жиберишет, мен мындай окуяны базарчылардан коруп кубок болгом, жон эле отурган жерден эле кошуп жиберищет, эмне десен бензин кымбаттады деп
0
Mystery
2014-07-30 14:52:41
ушу налогдорду кыскартса болот эле. а то зарплатандын 21 проценти кармалат.
0
kamarik
2014-07-30 21:04:10
Атамбаев сага ишенчи элек ишенчинди кетирбе ойлон эртерек
0
Light
2014-07-31 16:47:19
арзандайт болуш керек, анкени бугун Казахстанда кармалып турган 470 вагон куйуучу май кыргызстанга откорулду,жыйынтыгында казак туугандарыбыз бажы биримдигинин мыйзамын бузуп, акча ондуруу максатында кармап турушкан.Ошондой эле казактардын жасалма фирмалар аркылуу май ташыганы маалым болду.
0
elita0688
2014-08-02 14:40:13
Бизде Араван районунда бензиндин баасы 39сом 70тыйын болчуу азыр болсо 46сом болуп калды эми куйуучу майды 46сомдон куйсак август айында кача сомдон куйабыз, Ушул маселени да караш керек аг уйдогу бекерчилер
0
Taalaibek.
2014-08-02 17:52:29
Ай ушул казахтар кутуруп бутту да.
0
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан