БИР БҮРКҮМ

  • Өзбек коомчулугунун лидери катары таанымал КАДЫРЖАН БАТЫРОВ менен анын жубайы Карамат Батырованын конфискацияланган 28 объекттен турган мүлкү мамлекеттин менчигине өттү.
  • Мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, ОРОЗО АЙТ 29-июль күнү белгиленет.
  • Өкмөт сентябрга чейин "ЖЕР-ҮЙ" алтын кенин ишт етүү укугун берүүчү кезектеги сынагын жарыялай турган болду.
  • 2012-жылы жүргүзүлгөн медициналык-демографиялык изилдөөгө ылайык, өлкөдө күйөөлөрүнөн ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК көргөн келиндердин көбү Нарын облусунда, азы Ош шаарында катталган.
  • 2014-жылга карата БИШКЕКТИН туруктуу калкынын саны 916 миң 700 кишиден турат. Аялдар эркектердин жалпы санынан
    63 миң 100гө көп.
  • Баткен облусундагы ВОРУХ анклавын айланып өтчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу аймактагы абал жайына түшкөндөн кийин улантылат.
  • "Ата Журт" партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ Улуттук оппозициялык кыймылдын курамынан чыгарылганын кыймылдын башчыларынын бири Равшан Жээнбеков билдирди.

Эльвира Караева,
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 612, 25-июль-31-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан